Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Бир нерсени ар түрдүү коркунучтан, кол салуудан ж. б. сактоо, багуу, көздөө, кароо. Советтик чекти кайтарып, Жеңилбес кызыл эл турат (Үмөталиев). Бул атты минип, бүгүндөн нары жылкыны сен кайтар (Жантөшев).
  1. 2.                  Иштелген, жасалган ишти экинчи жолу жасоо, иштөө, кайталоо. Эмнеси болсо да, кайтарып бир айтып көрөйүнчү (Токтогул).
  2. 3.                  Бирөөдөн алган, берген нерсени кайра алуу, берүү. Албаймын деп шакекти Же кайтарып берген жок (Жантөшев).
  3. 4.                  Капа кылуу, көңүлүн калтыруу, шагын сындыруу, кагып коюу. Бербеймин деп айталбай, Атанын көөнүн кайтарбай («Эр Төштүк»). Кереч менен Баалыкан жеңемдин көңүлүн кайтарбагыла (Жантөшев). Сасыкбайдын тайманбаган сөздөрү Барпынын мизин кайтарды (Байтемиров).
  4. 5.                  Кайта артка кетирүү, чегинтүү, күчүн кетирүү, майтаруу. Отряд душмандын үч жолку койгон чабуулун кайтарды.

¨ Кол кайтаруу — жооп кылуу иретинде уруу, чабуу, каршылык көрсөтүү. Кайра кол кайтарууга чама жок (Каралаев). Кол кайтарбаганым менен, каргапшилөөдөн тартынганым жок («Советтик Кыргызстан»). Жооп кайтаруу — жооп берүү, жооп айтуу. Кычан аткан октой шар жооп кайтарды (Бейшеналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от кайт- II
1. возвращать, отправлять назад;
жооп кайтар- ответить;
акы кайтар- возместить, вознаградить;
адамдын акысын жер кайтарат земля вознаграждает человека (полностью возмещает вложенный труд);
2. делать что-л. повторно;
катты эки кайтара окудум я прочитал письмо два раза;
кайтара бастым я пошёл назад;
3. караулить, окарауливать, оберегать, охранять; пасти;
бөрүдөн кайтар- охранять от волков;
беши кайтардым разг. я караулил вещи (напр. ручной багаж);
калк кайтар- охранять народ;
өз боюн кайтар- быть насторожённым; бояться за себя, за свою жизнь;
жылкы кайтар- пасти коней;
кой кайтар-пасти овец;
төө кайтар-
1) пасти верблюдов;
2) перен. выполнять нудную, надоедливую работу (пастьба верблюдов - нудная работа, так как верблюды ходят не стадом, а вразброд);
сөз кайтар- или кеп кайтар-возражать, не соглашаться, противоречить, перечить;
барбаймын деп айталбай, бармак болду Акбалта, катындын сөзүн кайтарбай фольк. не мог Акбалта сказать, мол, не поеду, не возразил жене и решил поехать;
кимдер кебин кайтарса, кармап алып урду дейт фольк. кто ему перечил, того он ловил и бил;
кол кайтар- поднять на кого-л. руку;
атасына кол кайтарган он (такой негодяй, что даже) на отца своего руку поднял;
көңүл кайтар- огорчить;
көңүлүн кайтарбагыла вы его не огорчайте;
өтүнүч кайтар- отказать в просьбе;
курчун кайтар- или мизин кайтар- сбить спесь, запугать.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилинде кайтар сөзү беш маани берет. Аны жылкы кайтар, короо кайтар, жооп кайтар, кайтарып айт, кайтарып бер, көөнүн кайтар, мизин кайтар, чабуулду кайтар ж. б. сыяктуу учурларда айтууга болот (КТТС, 205–206). Бул этиш кай+тар бөлүктөрүнөн турат. Кай уңгусу «кайрыл, бурул» (ДТС, 406) маанисин берген. Ага этиштин аркылуу мамилесинин -тар мүчөсү уланып, кайтар сөзү жаралган. Мындай -тар мүчөсү кыргыз тилиндеги кыстар этишинде даана көрүнөт. Алгач кайтар сөзү «1) кайыр, бур; 2) кайтар, артка кетир, чегиндир» маанисин гана берген (ДТС, 408). Кийин андан кой кайтар, жооп кайтар, бергенин кайтар, көөнүн кайтар деген сыяктуу учурлардагы маанилери келип чыккан, Ошол кезде койду кайтаруу койду басып бара жаткан багытынан өзгөртүп, башка жакка кайрып коюу катары түшүнүлгөн. Азыркы кезде ал мааниси унутулуп, кой кайтаруу «койду багуу» катары түшүнүлөт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсени ар кандай коркунучтан, кол салуудан (уруудан, душмандан ж. б.) сактоого камкордук кылуу, көздөө, кароо. Апам мени үй кайтарып зерикти десе керек («Жаш ленинчи»). Малчылардын жакшысы, Малын аман кайтарган (Осмонкул). Советтик чекти кайтарып, Жеңилбес кызыл эр турат (Үмөталиев). Эртеси мен үй кайтарышканы кеттим (Усубалиев). 2. Алган же берген нерсенин кайрып берүү же алуу. Кайтарып бергин калыңын, Намыс ишке карасаң (Токтогул). Албаймын деп шакекти, Же кайтарып берген жок («Мендирман»). 3. Дагы кайталоо, кайталап чыгуу. Эмнеси болсо да, кайтарып бир айтып көрөйүнчү (Токтогул). Бул романдын үзүндүсүн эки кайтарып окуп чыктым («Ала-Тоо»). 4. Сураганын, айтканын орундатпай, бирөөнү капа кылуу, шагын сындыруу, көңүлүн оорутуу. Барбаймын деп айта албай, Абаңдын сөзүн кайтарбай («Эр Табылды»). 5. Кайта артка кетирүү, чегинтүү, күчүн, мизин майтаруу. Взвод душмандын жасаган чабуулдарын кайтарып турду.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Дагы кайрадан, экинчи ирет кайталап. Күүсүн эки-үч кайтара чертти (Бөкөнбаев). Азыраак сурап кайтара, Ишимди салды оңуна (Токтогул). 2. Артын карай, чегинте мизин кайтарып. Кайтара кууп баарысын, Кайраттуу Олжоң жеңди эми («Олжобай менен Кишимжан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Туш тарабы тик келип, мал чыгып кете албагыдай болгон тоо ичи. 2. Тоо айбандарынын ар кайсы жактан айланып келип бир жерге токтой турган жайы. 3. Күрөшкөндө биринчи адам экинчи кишини оң бутунан чалса, экинчиси беркини сол бутунан чалып, белден оң кол менен алып, өзүн көздөй тартып, сол кол менен оң ийинди басып же түртүп жыгуунун ыгы. Керим Авазды кайтарма менен жыкты.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от кайтар-;
бөрүгө кой кайтартпа погов. не поручай волку пасти овец;
кичинекей кызды (или кызга) козу кайтартты он поручил маленькой девочке пасти ягнят;
жылкы кайтарт- поручать пасти коней;
ат кайтартып коюшту, Молдожаш сындуу балага фольк. коней они поручили сторожить такому пареньку, как Молдоджаш;
төө кайтарт-
1) поручать пасти верблюдов;
2) перен. поручать нудное, надоедливое дело (пастьба верблюдов - нудная работа, так как верблюды ходят не стадом, а вразброд).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАЙТАРЫЛМА БАЖЫ АЛЫМЫ – мурда ташылып келинген товарларды иштетүүнүн жана кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган даяр өнүмдү кайра ташып чыгууда анын ээсине кайра кайтарылып бериле турган импорттук бажы алымынын өлчөмү. К. б. а. экспорттук товарлардын баасына атаандаштыкты жогорулатуу каражаттарынын бири болуп эсептелет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАЙТАРЫЛУУЧУ АЛЫМ – 1) мурда алынып келген товарларды иштетүүнүн натыйжасында алынган, даяр продукцияны ташып чыгууда төлөөчүгө кайтарылып берилүүгө жаткан импорттук алымдардын кошундусу; улуттук мыйзамдар менен жөнгө салынат жана м.: атамекендик чийки затты, материалдарды чет өлкөлүк окшош нерселерге алмашуунун негиздүүлүгүнө жараша өзгөрүп турат; 2) тарифтик жеңилдиктердин, преференциялардын түрү; КР бажы аймактарына ташылып келген жана/же андан КР мыйзамдарында белгиленген тийешелүү тартиптердин алкагында бажы көзөмөлү астында убактылуу ташылып чыккан товарларга карата; КР бажы аймагына чет өлкөлүк инвестициялары бар жана чет өлкөлүк ишканалары бар уюмдарына уставдык капиталына салым катары киргизилген, ошондой эле ошол ишканалар тарабынан өздүк өндүрүшүнүн товарларынын айрым түрлөрү катары продукцияларды бөлүү жөнүндө эларалык макулдашууларда каралган учурларда же чет элдик инвестицияларды өздөштүрүү мезгилинде чыгарылган; катышуучусу КР болуп эсептелген өкмөттөр аралык макулдашууларга ылайык чет өлкөлөрдө инвестициялык кызматташтык объектерин куруу үчүн комплекстүү берүүлөрдүн курамында чыгарылуучу; КР мыйзам актыларына ылайык аныкталуучу мамлекеттик муктаждыктар үчүн экспортко берүү көлөмүнүн чегинде КР бажы аймагынан чыгарылуучу товарларга карата берилет.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Возвратность (Reflexivity) —Принцип финансовых, денежных отношений, согласно которому кредитные средства, полученные заемщиком во временное пользование, подлежат обязательному и своевременному возврату кредитору, владельцу средств.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАЙТАРЫМ КИРЕАКЫ – жүк ташуучуга байланышы жок себептерден улам, жүктү ташып жеткирилген бекетте калтырууга мүмкүн болбогон учурларда, жүктү кайра ташып келүү үчүн жүк ээси тарабынан төлөнө турган киреакы.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Обратные своп-операции (Reverse swap operations) —Операции по обмену денежных средств в иностранной валюте на эквивалентную сумму в национальной валюте с обязательством обратного обмена основных сумм и начисленных процентов по заранее оговоренным условиям в определенную дату в будущем.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАЙТАРЫМ ТАЛАП – өз аракети аркылуу аткаруунун мындай юридикалык зарылчылыгына түрткөн үчүнчү жакка карата милдеттенмени аткаруучунун талабы. К. т. регресстүү деп да аталат, аны билдирген жак – регрессант (регредиент), ал эми К. т. билдирилген жак – регрессат.