КАЙТАР
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бир нерсени ар кандай коркунучтан, кол салуудан (уруудан, душмандан ж. б.) сактоого камкордук кылуу, көздөө, кароо. Апам мени үй кайтарып зерикти десе керек («Жаш ленинчи»). Малчылардын жакшысы, Малын аман кайтарган (Осмонкул). Советтик чекти кайтарып, Жеңилбес кызыл эр турат (Үмөталиев). Эртеси мен үй кайтарышканы кеттим (Усубалиев). 2. Алган же берген нерсенин кайрып берүү же алуу. Кайтарып бергин калыңын, Намыс ишке карасаң (Токтогул). Албаймын деп шакекти, Же кайтарып берген жок («Мендирман»). 3. Дагы кайталоо, кайталап чыгуу. Эмнеси болсо да, кайтарып бир айтып көрөйүнчү (Токтогул). Бул романдын үзүндүсүн эки кайтарып окуп чыктым («Ала-Тоо»). 4. Сураганын, айтканын орундатпай, бирөөнү капа кылуу, шагын сындыруу, көңүлүн оорутуу. Барбаймын деп айта албай, Абаңдын сөзүн кайтарбай («Эр Табылды»). 5. Кайта артка кетирүү, чегинтүү, күчүн, мизин майтаруу. Взвод душмандын жасаган чабуулдарын кайтарып турду.