этиш. 1. Бир нерсени ар түрдүү коркунучтан, кол салуудан ж. б. сактоо, багуу, көздөө, кароо.
Советтик чекти кайтарып, Жеңилбес кызыл эл турат (Үмөталиев).
Бул атты минип, бүгүндөн нары жылкыны сен кайтар (Жантөшев).
- 2. Иштелген, жасалган ишти экинчи жолу жасоо, иштөө, кайталоо. Эмнеси болсо да, кайтарып бир айтып көрөйүнчү (Токтогул).
- 3. Бирөөдөн алган, берген нерсени кайра алуу, берүү. Албаймын деп шакекти Же кайтарып берген жок (Жантөшев).
- 4. Капа кылуу, көңүлүн калтыруу, шагын сындыруу, кагып коюу. Бербеймин деп айталбай, Атанын көөнүн кайтарбай («Эр Төштүк»). Кереч менен Баалыкан жеңемдин көңүлүн кайтарбагыла (Жантөшев). Сасыкбайдын тайманбаган сөздөрү Барпынын мизин кайтарды (Байтемиров).
- 5. Кайта артка кетирүү, чегинтүү, күчүн кетирүү, майтаруу. Отряд душмандын үч жолку койгон чабуулун кайтарды.
¨
Кол кайтаруу — жооп кылуу иретинде уруу, чабуу, каршылык көрсөтүү.
Кайра кол кайтарууга чама жок (Каралаев).
Кол кайтарбаганым менен, каргапшилөөдөн тартынганым жок («Советтик Кыргызстан»).
Жооп кайтаруу — жооп берүү, жооп айтуу.
Кычан аткан октой шар жооп кайтарды (Бейшеналиев).