кайтар этишинин өздүк мамилеси.
страд. от кайтар-;
көөнү кайтарылып, кетти он ушёл огорчённым.
кайтар этишинин туюк мамилеси.
кайтарылма
кайтарылма удаалаштык (мат.)
кайтарылма теорема (физ.)
КАЙТАРЫЛМА БАЖЫ АЛЫМЫ – мурда ташылып келинген товарларды иштетүүнүн жана кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган даяр өнүмдү кайра ташып чыгууда анын ээсине кайра кайтарылып бериле турган импорттук бажы алымынын өлчөмү. К. б. а. экспорттук товарлардын баасына атаандаштыкты жогорулатуу каражаттарынын бири болуп эсептелет.
КАЙТАРЫЛУУЧУ АЛЫМ – 1) мурда алынып келген товарларды иштетүүнүн натыйжасында алынган, даяр продукцияны ташып чыгууда төлөөчүгө кайтарылып берилүүгө жаткан импорттук алымдардын кошундусу; улуттук мыйзамдар менен жөнгө салынат жана м.: атамекендик чийки затты, материалдарды чет өлкөлүк окшош нерселерге алмашуунун негиздүүлүгүнө жараша өзгөрүп турат; 2) тарифтик жеңилдиктердин, преференциялардын түрү; КР бажы аймактарына ташылып келген жана/же андан КР мыйзамдарында белгиленген тийешелүү тартиптердин алкагында бажы көзөмөлү астында убактылуу ташылып чыккан товарларга карата; КР бажы аймагына чет өлкөлүк инвестициялары бар жана чет өлкөлүк ишканалары бар уюмдарына уставдык капиталына салым катары киргизилген, ошондой эле ошол ишканалар тарабынан өздүк өндүрүшүнүн товарларынын айрым түрлөрү катары продукцияларды бөлүү жөнүндө эларалык макулдашууларда каралган учурларда же чет элдик инвестицияларды өздөштүрүү мезгилинде чыгарылган; катышуучусу КР болуп эсептелген өкмөттөр аралык макулдашууларга ылайык чет өлкөлөрдө инвестициялык кызматташтык объектерин куруу үчүн комплекстүү берүүлөрдүн курамында чыгарылуучу; КР мыйзам актыларына ылайык аныкталуучу мамлекеттик муктаждыктар үчүн экспортко берүү көлөмүнүн чегинде КР бажы аймагынан чыгарылуучу товарларга карата берилет.
КАЙТАРЫЛУУЧУ ЛИЗИНГ – каржылык лизингдин бир түрү, мында лизинг буюмун сатуучу (жеткирип берүүчү) бир эле учурда лизинг алуучу катары чыгат.