Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кайта кел, кайта бар сыяктуу учурларда айтылган кайта сөзү кай+ыт+а бөлүктөрүнөн куралган. Кай «кайрыл, бурул» (ДТС, 406) уңгусуна аркылуу мамиленин -ыт мүчөсү уланган түрү кыргыз тилинде кайт түрүнө келген. Ага чакчыл -а мүчөсү уланганда кайта сөзү жаралып, тактооч маанисин берип калган.