Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кайра кайт, үйгө кайт сыяктуу учурларда айтылуучу кайт сөзү кай+ыт бөлүктөрүнөн куралган. Кай уңгусу «кайрыл, бурул» (ДТС, 406) маанисин берген. Ага аркылуу мамиленин -ыт мүчөсү уланып, кайыт сөзү жасалган. Ал байыркы түрк тилинде «свернуться, подвернуться, наклониться на сторону» (ДТС, 406) маанисин туюнткан. Кыргыз тилинде мүчөнүн башындагы ы тыбышы түшүп, кайт түрүнө келген.