Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Кайра жөнөө, келген жерине кетүү, кайра келүү. Биз айылга кайттык (Сыдыкбеков). Матрёна Петровна кызматтан үйүнө кайтты (Сасыкбаев).
2. Мурдагыдай болбой калуу, басаңчалоо, күчү кетүү, начарлоо. Түш ооп, күндүн ысык илеби кайткан (Таштемиров). Белден күч кайтты (Жантөшев).
¨ Дүйнөдөн кайтуу — өлүү, каза болуу, дүйнөдөн көзү өтүү. Энең болсо былтыр ушул маалда дүйнөдөн кайткан (Сасыкбаев).