Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
сердце (как средоточие чувств, помыслов, желаний; ср. жүрөк, көңүл);
тили сенде, дили - жат стих. на языке мёд, а на сердце лёд (букв. язык его у тебя, а сердце чуждо);
тилиң келбесе да, дилиң келсин пусть даже языком ты не выскажешь, но сердцем восприми;
күн өңдүү күчтүү, жарык биздин достук, канга кан, дилге дилди дайым коштук стих. как солнце сильна, светла наша дружба, мы навсегда соединили кровь с кровью, сердце с сердцем;
тилинде актын келмеси, дилинде шайтая сөзү бар стих. (у муллы) на языке - символ веры, а на сердце - чёртовы речи;
дили бар у него есть желание;
жан-дили менен с большим удовольствием;
жан-дилимди берип иштеймин я работаю усердно, вкладывая всю душу;
жан-дили менен берилген предался всем сердцем;
ак дили менен айткан сөзү это он сказал от чистого сердца;
жатса, турса Олжоңдун Кишимжан турат дилинде фольк. ляжет ли, встанет ли Олджо (бай), в его сердце (помыслах) стоит Кишимджан;
дилим тартпайт мне не по сердцу, у меня душа не лежит;
дилиңди суутпа или дили-боюңду суутпа не разочаровывайся;
дили сууган он охладел;
бузбагын, чоро, дилиңди, ала көр, баатыр, тилимди фольк. не помышляй, витязь, дурного, внемли, богатырь, моим словам.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көңүл, ниет. Өлөң тилдүү, дили бирге кандашым, Шайыр шаңдуу кайда жүрсө жандашым (Токомбаев). Ойлосок бирге дилибиз, Бирдей жарык күнүбүз (Үмөталиев). Болсо да бөлөк тилиңер, Башынан бирге дилиңер (Маликов). Дил ооруткан дос эмес. Дили таза адам. А дилим таң атканда, Дем алган өсүмдүктөй (Мукашева).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жүрөктү ойноткон, көңүлдү элжиреткен. 2. Ашык, сүйгөн. Дилбарым жалгыз келсин де, Ай тууганда келсин де («Эл адабияты»). 3. Жагымдуу, ак көңүл, сүйүктүү. Дилбарым, кайра өзүңдөн кат күтөмүн (Үмөталиев). Жыпардын абасынын аялы бар, Тил билгич, аты Гүлнар, өзү дилбар (Үмөталиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
дилгир I
ир.
сильно желающий;
энтузиаст;
эл үчүн кызмат кылууга дилгир он страстно желает служить народу;
жомок угууга дилгир большой охотник слушать сказки;
барууга өтө дилгир ему очень хочется пойти;
окушка дилгир болсо да, тилегине жете албады хотя он и хотел учиться, но осуществить желание не мог.
дилгир- II
гореть желанием; проявлять решимость;
жоо дегенде дилгирген фольк. когда упоминали врага, он приходил в неистовство.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ынтызар, кандайдыр бир ишке абдан талапкер, иштөөгө, аткарууга абдан көңүлдүү. Комузга дилгир адамдар күү угуу үчүн ага нечен келишип жакшы конок болушат (Каимов). Сергей атасынын жумшаган иштерине дилгир, орунсуз сөз сүйлөбөгөн токтоо эле (Каралаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ынтызарлык, аткарууга даяр тургандык, кызыккандык, дилгир болгондук Эмки милдет кош көңүл болбой дилгирлик менен эмгектенүүдө калды. Жаш ырчы Токтогулду ээрчип жүрүп, таалим алууга дилгирлигин билгизет («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
1. ист. золотая монета пятирублёвого достоинства;
2. золото;
сары дилде, ак күмүш фольк. жёлтое золото, белое серебро;
далай дилде чачылган фольк. много золота было истрачено (букв. разбросано);
атка салган дилдейсиң (вместо дилдедейсиң) ачылган кызыл гүлдөйсүң фольк. ты (красива), как золото (как сбруя, украшенная золотом) на коне, как расцветший красный цветок.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ДИЛДЕ (иранча тилля — алтын)— 19-кылымда Чыгыш Түркстан менен Орто Азиядагы кандыктарда акча бирдиги катары колдонулуп келген алтын тыйын.
Дилдени санап сан кылып,
Бай Көкөтөй өлдү деп,
Дүнүйөгө даң кылып,
Жети кылым эл жыйып (Сагымбай Орозбаков, 3. 11).

Бир Д. орустун төрт күмүш сомуна барабар болгон. Эпосто кээде жалпы эле алтын деген мааниде да колдонула берет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. тар. Алтын акча, тыйын. Жигит дилделерди кармалап келе жаткан эле (Токомбаев). Кул болсом да баалашсам, Жети дилде пул болдум («Кедейкан»). 2. Алтын. Сексен төөгө дилде артып, Темирканга баралык («Манас»). Жүк бурчу бакан ачалуу, Купасын чагжан дилдеден («Саринжи-Бөкөй»). Дилдеден оймок билегим (Барпы). Алтын, жакут дилде артып («Манас» С. К.). Кызыл алтын дилдеден («Манас» С. О.). Көрбөйсүңбү, Саринжи, Сакадай болгон дилдени («Эл адабияты»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ДИЛДЕБУРУШ — эпизоддук кейипкер, Каныкейдин нөкөрү. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоо салтында аты отуз алтынчы болуп келип Жабыке тагдырына буюрган Д-ка үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 419, 427).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Желбирөө, желп-желп этип, тез желпилдеп дирилдөө. Сур шинелдин чабуулары дилдиреп, Гранаттын шилтенгенин билдирет (Токомбаев). Жапан терек жалбырагы дилдиреп, Жерге түшүп өлгөндүгүн билдирет (Токомбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. что-либо дрожащее, издающее дребезжащий звук (напр. пропеллер самолёта);
2. трещотка из бумаги (детская игрушка);
таманы жерге тийбей, дилдиректей учуп он мчится, подобно трещотке, не касаясь подошвами земли.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
дилемма (1. филос. үчүнчү абалдын болушун мүмкүн кылбаган, бир-бирине карама-каршы эки абалдын бирөөнү тандоону сунуш кылуудан турган айтыш далили; 2. перен. эки кыйын абалдын эрксиз бирин тандоодогу мажбурдук).

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Дилер (Dealer)  —1. Юридическое или физическое лицо, которые оперируют на рынке от своего имени и за собственный счет. 2. Сотрудник банка, специализирующийся на проведении операций на финансовых рынках.  

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДИЛЕР (АЛЫПСАТАР) (англ. dealer ) – 1) өзү дүң сатып алган азык-түлүк, буюм-тайымдарды чекене сатуучу ишкер. Эреже катары, Д. ири өнөржай корпорацияларынын агенти болуп саналат жана анын дилердик тармагына кирет; 2) фондулук биржанын мүчөсү (жеке адам же уюм) же баалуу металлдарды, чет элдик акчаларды, баалуу кагаздарды сатып алуу жана сатып өткөрүү менен алектенген банк; өз атынан жана өз каражатынын эсебинен аракеттенет; 3) баалуу кагаздар базарынын өз атынан жана өз каражаттарынын эсебинен баалуу кагаздарды кайра сатуунун же өзү бүтүргөн келишимдердин жыйынтыгында пайда алуу максатында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү түзүүчү кесипкөй катышуучусу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)

ДИЛЕРДИК (АЛЫПСАТАРЛЫК) ИШКЕРДҮҮЛҮК – баалуу кагаздар базарында кесипкөй ишмердүүлүктүн бир түрү: белгилүү баалуу кагаздарды Д. и. жүзөгө ашыруучу кишинин жарыялаган баада сатып алууга жана/же сатып өткөрүүгө милдеттенүү менен, сатып алуунун жана/же сатуунун бааларын жалпыга ачык жарыялоо жолу менен өз атынан жана өз эсебинен иш жүргүзөт. Д. и-тү дилер жүзөгө ашырат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДИЛЕРДИК (АЛЫПСАТАРЛЫК) ИШКЕРДҮҮЛҮК – баалуу кагаздар базарында кесипкөй ишмердүүлүктүн бир түрү: белгилүү баалуу кагаздарды Д. и. жүзөгө ашыруучу кишинин жарыялаган баада сатып алууга жана/же сатып өткөрүүгө милдеттенүү менен, сатып алуунун жана/же сатуунун бааларын жалпыга ачык жарыялоо жолу менен өз атынан жана өз эсебинен иш жүргүзөт. Д. и-тү дилер жүзөгө ашырат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көңүлү бузулуу, оюна кек алуу, жамандыкка барууну ойлоо, кара ниеттик кылуу. «Э, балким, чын болсо, эл билген чыгар, эмне сөзгө калдык экен а?...» деп, иреңи да карайып, дили да карайып, отуруп калды (Касымбеков). Муну иштеген төрө эмес, кудайдын тун баласы болсо да... катаал өч алыштан аябай дили карайып отурган (Касымбеков). «Ыя,неге эске алышпайт?! Англиси деле! Түркү деле!» деп, кыжыры кайнап, дили карайды (Касымбеков). В.: Дили караруу. Ал оңой менен муюшар эмес, дили карарып алыптыр (Осмоналиев). Дини караруу. Дини карарып алыптыр. Дини караюу. Анын дини карайып, түгү сыртына айланып калыптыр (Жоошбаев). Кир, жаман ой, кек өзүңдү бузат, диниңди карайтат (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Көңүлү бузулуу, оюна кек алуу, жамандыкка барууну ойлоо, кара ниеттик кылуу. “Э, балким, чын болсо, эл билген чыгар, эмне сөзгө калдык экен а?... ” деп, иреңи да карайып, дили да карайып, отуруп калды (Касымбеков). Муну иштеген төрө эмес, кудайдын тун баласы болсо да.. катаал өч алыштан аянбай дили карайып отурган (Касымбеков). “Ыя, неге эске алышпайт?! Англиси деле! Түркү деле! ” деп, кыжыры кайнап, дили карайды (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Катаал, каардуу, мээримсиз, ырайымсыз. - Эмне кылалы, дили катуу жарым паша муну көрүп туруп, атайылап эле ымалага келбеди (Касымбеков). ... Эр көкүрөк Акбалбан ушул азыр Камчыбектин туталана кейигенин таназарына алган жок, кайта жеткилең билбей сүйлөй берген боз бала сыяктуу аны кага токтотуп, дили каткан абалында болучу (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Катаал, каардуу, мээримсиз, ырайымсыз. – Эмне кылалы, дили катуу жарым паша муну көрүп туруп, атайылап эле ымалага келбеди (Касымбеков). ...Эр көкүрөк Акбалбан ушул азыр Камчыбектин туталана кейигенин таназарына алган жок, кайта жеткилең билбей сүйлөй берген боз бала сыяктуу аны кага токтотуп, дили каткан абалында болучу (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Экилтик. Бир автордун (жазуучу, драматург, кинорежиссёр, композитор) сюжетинин улантуучулугу, каармандарынын жалпылыгы, автордук ойдун биримдиги менен байланышкан эки чыгармасы (мис. Касымбековдун «Сынган кылыч» жана «Келкел» романдары).