Киргизско-русский словарь Юдахина
дилгир I
ир.
сильно желающий;
энтузиаст;
эл үчүн кызмат кылууга дилгир он страстно желает служить народу;
жомок угууга дилгир большой охотник слушать сказки;
барууга өтө дилгир ему очень хочется пойти;
окушка дилгир болсо да, тилегине жете албады хотя он и хотел учиться, но осуществить желание не мог.
дилгир- II
гореть желанием; проявлять решимость;
жоо дегенде дилгирген фольк. когда упоминали врага, он приходил в неистовство.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ынтызар, кандайдыр бир ишке абдан талапкер, иштөөгө, аткарууга абдан көңүлдүү. Комузга дилгир адамдар күү угуу үчүн ага нечен келишип жакшы конок болушат (Каимов). Сергей атасынын жумшаган иштерине дилгир, орунсуз сөз сүйлөбөгөн токтоо эле (Каралаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ынтызарлык, аткарууга даяр тургандык, кызыккандык, дилгир болгондук Эмки милдет кош көңүл болбой дилгирлик менен эмгектенүүдө калды. Жаш ырчы Токтогулду ээрчип жүрүп, таалим алууга дилгирлигин билгизет («Ала-Тоо»).