ДИЛИ КАРАЮУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Көңүлү бузулуу, оюна кек алуу, жамандыкка барууну ойлоо, кара ниеттик кылуу. “Э, балким, чын болсо, эл билген чыгар, эмне сөзгө калдык экен а?... ” деп, иреңи да карайып, дили да карайып, отуруп калды (Касымбеков). Муну иштеген төрө эмес, кудайдын тун баласы болсо да.. катаал өч алыштан аянбай дили карайып отурган (Касымбеков). “Ыя, неге эске алышпайт?! Англиси деле! Түркү деле! ” деп, кыжыры кайнап, дили карайды (Касымбеков).