Энциклопедия "Манас". ч.1.
ДИЛДЕ (иранча тилля — алтын)— 19-кылымда Чыгыш Түркстан менен Орто Азиядагы кандыктарда акча бирдиги катары колдонулуп келген алтын тыйын.
Дилдени санап сан кылып,
Бай Көкөтөй өлдү деп,
Дүнүйөгө даң кылып,
Жети кылым эл жыйып (Сагымбай Орозбаков, 3. 11).

Бир Д. орустун төрт күмүш сомуна барабар болгон. Эпосто кээде жалпы эле алтын деген мааниде да колдонула берет.