Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көңүлү бузулуу, оюна кек алуу, жамандыкка барууну ойлоо, кара ниеттик кылуу. «Э, балким, чын болсо, эл билген чыгар, эмне сөзгө калдык экен а?...» деп, иреңи да карайып, дили да карайып, отуруп калды (Касымбеков). Муну иштеген төрө эмес, кудайдын тун баласы болсо да... катаал өч алыштан аябай дили карайып отурган (Касымбеков). «Ыя,неге эске алышпайт?! Англиси деле! Түркү деле!» деп, кыжыры кайнап, дили карайды (Касымбеков). В.: Дили караруу. Ал оңой менен муюшар эмес, дили карарып алыптыр (Осмоналиев). Дини караруу. Дини карарып алыптыр. Дини караюу. Анын дини карайып, түгү сыртына айланып калыптыр (Жоошбаев). Кир, жаман ой, кек өзүңдү бузат, диниңди карайтат (Касымбеков).