ДИЛ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Көңүл, ниет. Өлөң тилдүү, дили бирге кандашым, Шайыр шаңдуу кайда жүрсө жандашым (Токомбаев). Ойлосок бирге дилибиз, Бирдей жарык күнүбүз (Үмөталиев). Болсо да бөлөк тилиңер, Башынан бирге дилиңер (Маликов). Дил ооруткан дос эмес. Дили таза адам. А дилим таң атканда, Дем алган өсүмдүктөй (Мукашева).