ДИЛДЕ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. тар. Алтын акча, тыйын. Жигит дилделерди кармалап келе жаткан эле (Токомбаев). Кул болсом да баалашсам, Жети дилде пул болдум («Кедейкан»). 2. Алтын. Сексен төөгө дилде артып, Темирканга баралык («Манас»). Жүк бурчу бакан ачалуу, Купасын чагжан дилдеден («Саринжи-Бөкөй»). Дилдеден оймок билегим (Барпы). Алтын, жакут дилде артып («Манас» С. К.). Кызыл алтын дилдеден («Манас» С. О.). Көрбөйсүңбү, Саринжи, Сакадай болгон дилдени («Эл адабияты»).