ДИЛИ КАТУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Катаал, каардуу, мээримсиз, ырайымсыз. – Эмне кылалы, дили катуу жарым паша муну көрүп туруп, атайылап эле ымалага келбеди (Касымбеков). ...Эр көкүрөк Акбалбан ушул азыр Камчыбектин туталана кейигенин таназарына алган жок, кайта жеткилең билбей сүйлөй берген боз бала сыяктуу аны кага токтотуп, дили каткан абалында болучу (Касымбеков).