Киргизско-русский словарь Юдахина
бака I
1. лягушка;
баканын өзү чөлдө болсо да, көзү көлдө погов. сама лягушка в степи, а глаза ее на озере;
бака жеп, көгө кирди; жылан жеп, ийинге кирди погов. ищи ветра в поле (букв. лягушка, съевши, в озеро вошла; змея, съевши, в нору вошла);
секирген бакага жетпей калды у него крылья подрезаны; он лишился. Былой силы (букв. прыгающую лягушку он не в состоянии догнать);
көл бака водяная лягушка;
2. перен. сухопарый человек; человек (худой) как палка;
таш бака черепаха;
бака баш один из видов беркута;
бака чөп название болотного растения;
бака жалбырак см. жалбырак;
бака терек см. терек 1.
бака II
шип, на котором вращается верхний мельничный жёрнов.
бака III
бака-шака стукотня, грохот; сутолока, суматоха;
бака-шака түшүп с грохотом; в суматохе;
жол узак... вагон ичи бака-шака стих. путь дальний... в вагоне шум и гвалт;
бака-шака той многолюдный, шумный и богатый пир;
бака-шака жулушуп, кыйла кыргын салыптыр фольк. остервенело схватившись, он учинил большую резню.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Арткы буттары секирүүгө ылайык узун, сууда жана кургакта жашоочу жаныбар. Көлүндө бака чардаган, Көгүндө күкүк сайраган («Манас»).
Таш бака — асты жана үстү сөөк-калкан менен капталган, кыска буттуу, акырын жылып баскан жаныбар.
БАКА II: бака-шака туур. Элдин жандуу, көңүлдүү кыймылы, күүсү. Тетигинде сонун эмгек, Бака-шака кайнаган (Аалы). Бака-шака бардык жерде курулуш (Убукеев). Үчүнчү күнү эртең менен журт бака-шака түшүп, жапырт көчүп калды (Баялинов).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Сууда жана кургакта жашаган жаныбардын аты анын бак-бак деп чардаганына жараша берилген. Баканын үнүн тууроо үчүн кыргыз тилинде бак-бак деген сөз бекер колдонулбайт. Ошол дабышын туураган сөздөн кийин дагы үндүү тыбышты кошуу аркылуу ал жаныбардын атын билдирген сөз келип чыккан.

Энциклопедия "Манас". ч.1.

БАКАЙ«Манас» үчилтигинин бардык бөлүмүндө башкы каармандардын (Манас, Семетей, Сейтек) жашы улуу, көптү көргөн, кыраакы жана акылман кеңешчиси, насаатчысы катары активдүү роль ойногон негизги каармандардын бири. Ал кырк чоронун ичинен Манаска эң жакын тууганы. Атасы Бай менен Манастын атасы Жакып экөө бир тууган.

Саякбай Каралаевдин вариантында кээде Олуят чалдын эр Бакай деп да айтылат, анткени бул вариант боюнча Бакай бир жашка толо элегинде атасы Бай кытайлардын колуна түшүп кетип өлөт да, жетим калган баланы Олуят чал жердин түбү Желпинишке алып кетип багып өстүрөт. Эрезеге жеткенде Манасты издеп чыккан Бакай душман тарабынан чабылып-чачылган туугандарын таап чогултмак болуп аттанып чыккан Манаска жолугат. Экөө бири-биринин сынына толуп, түбөлүк бирге болууга антташканда Манас Бакайга кайрылат:

Кайыбынан табылган
Кан абам сендей эр болбойт,
Кабак ачып ойноорго
Кең Таластай жер болбойт.


О дүйнөгө кеткиче,
Уйпаланып кайран жан
Топуракка жеткиче,
Тулпардын оозун буруп бер,
Туйгун аба, эр Бакай
Ата болуп өзүмө
Тутка болуп туруп бер.


Эки тизгин, бир чылбыр
Эл бийлигин алыңыз,
Эдене-тайтаң өзүмдү
Эптеп жолго салыңыз.

Туйгун Бакай, кан аба.
Туура караан маа болуп,
Кара жаак айбалта
Кайкалатпай аштаңыз.
Казак менен кыргыздын
Жолун өзүң баштаңыз.
Бирдикти колго алыңыз,
Билген жолго салыңыз! (Саякбай Каралаев, 1. 187).

Бул жолугушуу Манас эли менен Алтайдан Таласка көчүп келгенден кийин малын аяган атасы Жакыпка тарынып үйүнөн кетип, Боз талааны жайлап Баба-Дыйкан экөө ортоктошуп эккен эгинине Аккуланы сатып алганына удаа болот.

Сагымбай Орозбаковдун вариантында

Манас менен Бакайдын алгач кездешүүсү башкача кырдаалда өтөт. Иниси Жакыпты издеп Алтайга барган Бай ал жерде алты жылдай конок болуп тургандан кийин Дагалак шаарын алганы аттанган Манастын колу менен Бай да жөнөйт. Ушул эле учурда Ала-Тоо тараптан келген Кошой баштаган колдун ичинде Бакай да болот. Эки кол кезиккенде Бай баласы Бакайды Манаска кошот. Манас менен Бакай жаңыдан таанышып олтурганда Кызыр менен Бак (таалай-бактын пири) аксакал түрүндө кубулуп келип, аларга жолугат да Кызыр аларды Бак даарыганын айтып келип, Манаска Бакайды «Өбөгүң болот өзүңдүн, айнеги болот көзүңдүн» — дейт. Ошентип, эпос боюнча Бакай Манас үчүн атайын жаралат да ага кошулган күнүнөн тартып, үзүлгөнүн улаган, чачылганын жыйнаган, ийрисин түзөгөн, «сайып жүрүп бак кылган, салып жүрүп там кылган», «аркадан жүрсө сан колдой, астында жүрсө ак жолтой» арка белине, таянычына, «капилетте сөз тапкан, караңгыда көз тапкан» кеңешчисине, насаатчысына айланат. Акылмандыгы, кыраакылыгы менен «алты ай келер азапты» күн мурун билип, аны болтурбай, Манасты ар кандай кырсыктардан сактайт. Бакай өзүнүн Манаска жан-дили менен берилип, мындай ак кызматын жалпы кыргыз элине, анын биримдигине, көз карандысыз эркин жашоосуна кызмат кылуу деп эсептейт жана башкалардан да ушуну талап кылат, элди ынтымакка үндөйт. Бакайдын бул кредосу «Чоң казат» мезгилинде чалгынга кеткен Алмамбетке атаандашып, чыр чыгарган Чубакка айткан сөзүнөн айрыкча даана көрүнөт. Чубак — Бакай сыяктуу эле Манаска адал кызмат өтөгөн чоролордун бири, бир чети тууганы. Ал мурда өткөн кызматтарын санап келип, анымды Манас баалабады, Алмамбетке тең көрбөй, кеп-кеңештен калтырды деп өпкөлөгөндө Бакай ага мындай дейт:

Ак тааланын жараткан
Албан түрдүү кушу бар
Канаты менен учуп жүр.
Калкылдап көктө ушу жүр.
Куйругу менен конуучу,
Манастын Манас болмогу
Экөөбүздөн болуучу.


Бузулуш бизден чыккан соң,
Бутунан тартып жыккан соң
Бил да болсок жыгылдык,
Миң да болсок кырылдык.
...Баштап колду жөнөгөн
Бала деймин өзүңдү,
Байкагын Чубак сөзүмдү.
Бөлүнсөң бөрү жеп кетет,
Бөлүнүп кыргыз калды деп
Бөлөк элге кеп кетет.
Жарылсаң ууру алуучу
Жай уксаң акыл нак ушу (Сагымбай Орозбаков, 4. 195).


Жеке эле Чубактын эмес, Манас баш болгон баатырлардын бардыгынын тең жаңылыштыгын көрсөтүп, туура эмес иштерин убагында токтотуп оңдоп турат. Мисалы, Чоң казатта Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргак төртөө кытайдын колу менен алгач бет келишип, жоо көптөп баратканда Сыргакты ооруктагы кыргыз колуна кабарга жиберишет. Жол карап кароолдо жүргөн Б. Сыргакты токтотуп алып акыл үйрөтүп, бул кебетең менен кирип барсаң Манастан коркконунан келген кол согушка кирбестен кайтып кетип калат, а көрөкчө жаратыңды таңып, сыр билгизбей зымпыйып жетип барып, олжо алгыла деп чакырсаң токтобой шар барышып, курчоодо калган баатырларды куткарышат дейт. Ошентип, Сыргактын абайсыздыгын оңдоп, Чоң казатка барган кыргыз колун кокусунан тарап кетүүдөн сактайт. Бакайдын мындай алдын ала көрөгөчтүгү, акылмандыгы элдердин ынтымагын сактап, бөөдө кан төгүшпөй достук алей мамиледе жашашына көп сапар кызмат кылат. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун вариантында Каныкейге күйөөлөп барган Манас байкоосуздук кылган кайындарына тарынып, алардын шаарын чапмак болгондо акылман Бакай Манасты жайкап ачуусун басып, жазыксыз жерден кан төктүрбөйт. Саякбай Каралаевдин вариантында Чоң казаттын алдында Манасты чабабыз деп күүлөнүп келген алты кандын колу менен Манастын кырк чоросунун ортосунда боло турган кандуу кагылышты да Бакай токтотот. Калың элде жазык жогун, күнөө аларды баштап келген кандарында экенин, жазаласа ошолорду жазалоо керектигин айтып, чоролорго чабуул жасаттырбайт. Бакайдын акылмандыгы, гумандуулугу жеке коңшу, тектеш элдер менен гана эмес, башынан жоолашып келген элдер менен да тынчтык мамиледе жашоону көздөп, бири-бири менен согушуп, талоончулук менен байлыкка ээ болууга каршы турушунан көрүнөт, өзү келип катылган өчмөндүү жоо багынганда да мөрөйү үстөм болгон элди гумандуулукка чакырат: «Союштан артык албаңар, Бүгүн душман эртең эл, Бүлүндүрүп салбаңар».

Б. Манастын тышкы иштерине гана эмес, жеке турмушунда да башкы кеңешчиси, камкор жардамчысы болот. Саякбай Каралаевдин варианты нда Манастын мурунку алган аялдары баатырдын өзүнө ылайык жар эмес экендигин учурунда байкаган Б. Манаска кайрадан үйлөнгүн деп кеңеш берет. « Каныкей алсаң оңосуң, Калкка бааша болосуң. Каныкей келсе Таласка, Кадыр түн келет жолуңа,... Качканың келет колуңа» (Саякбай Каралаев, 1. 235)— дейт, баатырга келечек жарын тандап. Жакып малын аяп, калың төлөөдөн баш тартканда Б. Букардын каны Темирканга өзү куда түшүп, кызы Каныкейди Манаска алып берет. Б-дын эң негизги асыл сапаттарынын бири — башына кандай гана каран түн түшпөсүн, кандай гана кыйынчылыкка учурабасын бийик адамгерчилигинен жазбаганы, өз башын корголотуп чыккынчылыкка барбаганы, даанышмандыгы, акылмандыгы, кайраты менен бардык кыйын кезеңди жеңе билгендиги. Манас өлгөндө атасы Жакып, инилери Абыке, Көбөш, аларга кошулуп кырк чоросу чыккынчылыкка барышат; Абыке, Көбөштүн бири Каныкейге зордоп үйлөнмөк болуп, макул болбой койсо эмчегин жара чаап кордук көрсөтүшөт, баатырдын ордосун чаап, мал-мүлкүн талап олжо кылышат, балтыр бешик Семетейди өлтүрүүгө аракеттенишет. Ушундай чалкеш учурда Манастын жакын адамдарынын ичинен жалгыз гана Б. мурдагысындай ага берилген бойдон калат. Өтө кыйын абалда калган анын бүлөсүнүн бирден-бир ишеничтүү адамына, арка-жөлөгүнө айланат. Аларды ажалдан коргоп, минерине унаа, жээрине азык камдап берип Букарга качырат. Баатырдан калган жалгыз туяк Семетей он экиге келип эр жеткенче Манастан калган төөлөрдү багып күтүп жүрөт. Букардан Таласка кайтып келгенде Семетей душмандарын жеңип, атасы Манастын ордун ээлешине Б. түздөн-түз жетекчилик кылат. Дегеле Манастын жакын туугандарынын бардыгы: Көзкамандар, Ороздунун балдары, жада калса өз атасы Жакып, аталаш инилери Абыке, Көбөш (к. Алгы арам) көрө албастык менен Манаска кастык кылып келишсе, Б. гана өмүр бою Манаска кандай ак кызмат өтөсө, анын баласы Семетейге, небереси Сейтекке да ошондой эле адал кызмат кылып, өзүнүн даанышмандыгы менен аларды элдик иштерге баштаган кеңешчиси болот.

Ушундан улам академик В. М. Жирмунский: «Бакай Илиададагы ак чач Нестор, орто кылымдагы француз эпосундагы герцог Нэм Бабарлык, «Жангардагы» Алтын Цежи, «Сасундук Давиддеги» армян баатырларынын жашы улуу тууганы Кери-Торос аба сыяктуу карт баатырлардын жана эпикалык өкүмдарлардын акылман кеңешчилеринин окшош фигураларын эске түшүрөт» — деген (В. М. Жирмунский, Тюркский героический эпос, Л., 1974, 62-б.). Б-дын образына айрыкча, түрк-моңгол элдеринин эпосторунун көптөгөн каармандарынын образы өтө типтеш, жакын турат. Өгүз түрктөрүнүн орто кылымга таандык « Атам Коркуттун китеби» деген жазма эстелигиндеги Коркут 250 жыл өмүр сүрүп, өгүз кандарынын беш мууну менен замандаш жашап, алардын бардыгынын даанышман кеңешчиси болот. В. В. Бартольд ал жөнүндө: «Элдик акылдын айгагы жана сактоочусу, анын имандык (нравалык) авторитетине бүткүл эл баш иет» — дейт (В. В. Бартольд, Соч. М., 1968, 5-т., 264-б.). Б. тууралуу да ушуну айтса болот. Үчилтиктин кийинки бөлүмдөрү «Семетей», «Сейтек» «Манаска» караганда коомдук өнүгүүнүн кийинки этаптарын чагылдыргандыктан Б-дын образы да жаңы доордун талаптарына ылайык кошумча жаңы түс алып, улам кийин деген сайын жаңы өзгөчөлүктөргө ээ боло баштаганын белгилөөгө болот. Түрк-моңгол элдеринин көпчүлүк эпосторунда «аксакал атчы» деген туруктуу каарман бар. Ал — атасынан жаш калган эпикалык баатырга ата ордуна ата болгон камкор адам. Анын жылкысын жоого талатпай көздүн карегиндей сактап багат, баатыр эрезеге жеткенде жылкы ичинен жоого минүүчү тулпар тандап мингизет, ар кандай татаал кыйын кезеңде акыл кеңешин айтып жол көрсөтөт. «Аксакал атчы» жаш баатыр эрезеге жеткенче социалдык жактан басынып кул абалда болот. Эпикалык баатырдын элдин төмөнкү катмарынан чыккан акылман кеңешчинин образы тап тык жиктелүү ачык көрүнө баштаган феодалдык доордо калыптанышы мүмкүн. «Аксакал атчынын» образындагы мындай белгилер «Семетейдеги» Б-да бар. Чыгарманын башталышында ал Абыке, Көбөш тарабынан куугунтукталып, элден четтеп, Манастан калган төөлөрдү Семетейге арнап багып, жаргак шым кийип, Көктулпары Көкчолок атка айланып, өзү карып-арыган абалда калат. Семетей Таласка келгенден кийин гана баштагы абалына келет. Демек, уруунун даанышман патриархы Б-дын мурдагы образына жиктелүү мезгилинде пайда болгон элдин төмөнкү катмарынын феодалдык таптын өкүлүнүн образы контаминацияланган. Уруулук-патриархалдык коомдун мурдагы моралдык, адеп-аклактык туруктуу принциптери ыдырай баштаганы кийинки бөлүмдөрдө ачык көрүнөт жана бул Семетейдин Б-га жасаган айрым мамилелеринен да байкалат. Манас канчалык күчкө толуп, ички-тышкы элдерден ага каш кайтарар эч ким калбаган күндө да жашы улуу абасы катары Б-дын астынан кыя өтпөйт, айтканын эч качан эки кылбайт. Ал эми кызуу кандуу жаш жигит Семетей абасынын берген кеңештерине анча көңүл бөлбөй моюн толгогон учурлары кездешет. Мисалы, ал Б-дын Айчүрөктү алып кандуу бут болуп калдың, бир жыл эс алып, анан Коңурбайга каршы аттан деген тилин албай жоого аттанып, Коңурбайдан жараланат. Кытайдын чебин кайтарган куу түлкү, куу аркар, куу өрдөктөрдү өзүм жок кылам деп Б-дан жол талашат жана мында да жолу болбой Б-дын астында туура эмес иш жасаганын мойнуна алат. Б-га кеңешпей туруп Тайбуурулду Үмөтөйдүн куну үчүн казактарга тартууга берет, акыры бул анын ажалынын жетишине себепчи болот. Эпикалык башчынын даанышман кеңешчиси катары Б-дын образынын калыптанышына конкреттүү тарыхый шарттардын таасири тийиши мүмкүн. Байыркы түрк кагандыгы күчүнө толуп турган мезгилде (551—744) калтырылган таш эстеликтердин бири атактуу Тонукөккө арналган жана анын мамлекеттик ишмердигинен кеңири кабар берип турат. Бул таштагы жазууга жана башкалар тарыхый маалыматтарга караганда эпикалык каармандар Б., Коркут сыяктуу эле Тонукөк да көк түрктөрдүн бир нече кагандары: Илтереш каган (681 — 691), Капаган каган (691 — 716), Билге каган (716—734) менен бир учурда жашап, алардын башкы кеңешчиси жана мамлекетте кагандан кийинки биринчи адам болгон. Анын кеңеши боюнча жана түздөн-түз жетекчилиги менен түрк кагандыгы көптөгөн ийгиликтүү жортуулдарды жасап, күч кубатын арттырган. Бытырандылыкка учурап тарап кеткен түрк урууларын бириктирип, мамлекет курап, Илтерешти кагандыкка көтөрүү да Тонукөктүн демилгеси менен ишке ашкан. Түрк кагандыгындагы кудурети күчтүү ушул адамдын эң жогорку титулу — Бойла Бага таркан болгон. Көк түрктөрдөн жүз жылча кийин Борбордук Азияда өздөрүнүн улуу державасын түзгөн кыргыз кагандыгында да дал Тонукөктөй мансап-даражага ээ жана ошонукундай титул алып жүргөн инсан бар. Кыргыздардын ошол кездеги негизги жоосу уйгурлар менен согушта (820—840) жана алардын үстүнөн болгон жеңиште башкы командачы катары ал көрүнүктүү роль ойногонун кыргыздар таш бетине калтырган айрым жазмалар кабарлап турат (С. Г. Кляшторный, Историко-культурное значение Суджинской надписи. Журн.: — «Проблемы востоковедения», 1959, № 5, 163-б.). Ал башкы командачы гана эмес, мамлекеттер арасында жүргөн дипломат да болгон. Уйгурларды жеңип, Борбордук Азияда үстөмдүктү колго алгандан кийин кыргыздарга Кытай империясы менен алака түзүүгө туура келген. Катнаш айрыкча 840—847-жылдарда күч алган. Жаңыдан жогорку бийиктикке көтөрүлгөн түндүктөгү жоокер коңшусу кыргыздардын мамлекети менен жакшы мамиледе болууга кытай императору да көп эле аракеттенген. Кыргыз элчилерин башка элчилеринен жогору отургузуп, зор урмат көрсөтүп турган. Ушундай элчиликтин бири 842-ж. болгон. Жогоруда аталган таркан башында турган кыргыз элчилерин император У-цзу өзү ордо сарайында кабыл алган. Кытай жазма эстелигинде кыргыз элчилигинин башчысынын толук аты «Гэ-си-хэ-хай-и» деп берилген, аны кыргызчага которуп транскрипцияласа: «Улуу кол башчы Бакай адилеттүү таркан» болот. Мына ушул инсан эпикалык Б-дын тарыхый прототиби деп болжошко толук негиз бар. Анткени, экөөнүн ысымдары гана окшош болбостон, тарыхый инсан окумуштуулар тарабынан «Манас» эпосунун эпикалык борбору, мезгили катары эсептелген 9-кылымдагы кыргыз тарыхында алган орду адамдык жеке мүнөзүнүн айрым жактары менен эпикалык Б-ды эске салат. «Бакай» деген ысым түрк-моңгол тилдеринде сүйлөгөн элдерде байыркы мезгилден бери кеңири тараган антропоним, «бага» жана «акай» деген эки сөздүн айкалышынан түзүлгөн.

«Бага» — тилдердин инди-европалык чоң тобуна таандык байыркы сөз. Андыктан, бул тилдерде сүйлөгөн элдердин дээрлик бардыгында жолугат. Сөздүн байыркы мааниси сакталып калган байыркы инди тилинде: «бага» — господин, дөөлөт таратуучу. Ал эми славян тилдеринде «бог» формасында айтылып, «кудай» деген түшүнүккө өтсө, иран тилдеринде, анын ичинде байыркы Чыгыш Түркстанды мекендеп, канатташ жашаган түрк элдерине маданий зор таасир тийгизген согдилердин тилинде «бага» — «господин», «кудай» маанисинде колдонулган. Ошондой эле алар бул сөздү антропоним, титул катары же эпитет үчүн да пайдаланышкан. Борбордук Азияда жашаган түрк элдерине бул сөз согдилер аркылуу эң кеми 3-кылымдан белгилүү боло баштаган, кагандардын эң башкы кеңешчисинин, насаатчысынын титулу катары колдонулган. Ушул сөзгө байыркы түрк тилдериндеги жашы улуу, бийик даражалуу адамдарга урмат менен кайрылганда айтылуучу сөз «акай» айкашып («вага» + «акай»), гаплология мыйзамына ылайык окшош муундардын («ага» — «ака») бири кыскарган да, каткалаң тыбыш «к» катышкан жеңүүчү болуп, натыйжада, сөздүн «Бакай» деген жаңы формасы жаралган. (Р. Сарыпбеков)

 

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БАКАЙДЫН ҮҢКҮРҮ — Талас Ала-Тоосунун түндүк-чыгыш этегиндеги кыштактын аты, азыркы № 113-жылкы заводунан 10 км түштүк-чыгыш тараптагы үңкүр. Б. ү-нүн ички аянты бир короо кой батарлык (болжол менен 400 м2). Үңкүрдүн алдында чоң-чоң кызыл түстөгү таштарды «Бакайдын ташы» деп аташат. Ушул таштардын арасында «Бакайдын таш казаны» деген да таш бар. Үңкүр менен байланышкан ар кандай уламыштар эл ичинде айтылып жүрөт. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин үңкүр толук изилдене элек.

Киргизско-русский словарь Юдахина
бакал I
ар. уст.
1. мелочная лавка (в которой продавались бакалея, кое-какая галантерея, сладости, керосин и т.п.);
2. бакалея (вообще);
базар көркү -бакал, эр көркү - сакал погов. краса базара - бакалея, краса молодца - борода.
бакал II
ир.
солома (сгребаемая с тока во время молотьбы; ср. саман).
бакал III бокал;
кел, кагыштыр, бакалымды көтөрдүм стих. иди сюда, чокнись, я наполнил свой бокал;
бакалды толук куюңуз, кубанып өлкө майрамдайт стих. наполните бокалы, страна радостно празднует.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Дан эгиндеринин саманы, сабагы. Силостолгон бакалынан жегенде, Саан уйлар чака-чака сүт берген (Осмонкул).
БАКАЛ II зат. сүйл. Бакалея. Базардын көркү бакал, адамдып көркү сакал (макал).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сотосунан ажыратылган жүгөрүнүн жалбырактары менен сабагы. Силостолгон бакалынан жегенде, Саан уйлар чака-чака сүт берет (Осмонкул). Сасыкбайдыкы жүгөрү бакал менен жапкан жаман там (Байтемиров). // Дан эгиндеринин саманы. Барактардын асты жер болуп, ага зыгыр бакалы төшөлгөн (Абдукаримов). Алачыктын астына шалынын жумушак бакалы төшөлгөн (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Университет жана башка да жогорку окуу жайын бүтүргөндөргө берилген алгачкы илимий даража. 2. Россияда 1869‑жылга чейин Руханий академиянын окутуучусу, адъюнкт-профессор. 3. Базалык жогорку билимдин академиялык даражасы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. студенттерге жогорку базалуу билим берүүчү окуу жайдын үч, беш жылдык окуу формасы (коммерциялык негизде) жана квалификациялык экзамен же дипломдук сочинениенин жыйынтыгы боюнча бакалавр даражасы. 2. Ошондой формада жогорку окуу жайдын факультети, бөлүмү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Пааналап, каралап жашап жүрүү. 2. Кароо, көзөмөлдөө, багуу. 3. Жол чалуу, байкоо жүргүзүү. Алтай тоосун бакалап, Боз адырмак чыбырдын Этек жагын жакалап. («Манас» С. К.). Бай Жакыпты бакалап. («Манас» С. О.). Кара-кырлап бакалап («Семетей» С. К.).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Алкым, кекиртектин устүнкү жана ээктин астынкы бөлүгү. Алачыктай калканы, Бакалоордон алыптыр, Чыкыйгаколду салыптыр («Семетей»).
2. Сууда жашоочу жаныбарлардын дем алуу органы (мис., балыктын, рактын).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
У.-К. Ш. Дондуков бурятча боолзуур «тамак, алкым (жаныбарлардын)» деген сөздү боохо «буу, байла» этишинен келип чыгат, ал боо+лзуур деген морфемалардан куралган, ал эми бахалзуур «тамак, алкым (адамда)» деген сөздө да -лзуур мүчөсү катышат, бирок баха уңгусу өлүү уңгу, болуп калган деген пикирин айтат (Дондуков, 39). Биздин оюбузча, бурятча боолзуур деген учурдагы боохо этиши баха этиши менен уңгулаш. Мындагы баха этиши түркчө бага(<--багла) дегенге туура келет. Ошондо бакалоор «байланышкан жер же байлана, буула турган жер» деген маанини берген сөз болгон. К. К. Юдахиндин кыргызча-орусча сөздүгүндө жана түшүндүрмө сөздүктө бакалоор түрү гана берилген. Кыргыз тилинин Талас говорунда бакалжоор түрү да учурайт. Булар монгол тилдеринен кабыл алынган, монгол тилдеринде да бахлуур, багалзуур болуп эки түрдүү айтылат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кекиртектин үстүнкү жана ээктин астыңкы бөлүгү кошулушкан жер, алкым. Мукамбайдын бакалооруна кандайдыр бир катуу нерсе тирелип тура калгандай болот (Абдукаримов). 2. Сууда жашоочу жаныбарлардын дем алуу органы. Балыктардын дем алуу органдары – бакалоорлору, ал балыктын дем алуусун жакшы камсыз кылат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Майда буюмдар менен соода жүргүзүүчү адам, бакалда соода кылган киши. Бакалчылар майда-чүйдө буюмдарын жыйнап, дүкөндөрүн жапты (Жантөшев). Бакалчы акенин эрке кызына эми тил кайтарып көрүңүз, төлөөрүн кайтартып, сарбандарына чымчылаштырсын (Абакиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. этн. шест, которым поднимают кошмы и верхнюю часть остова юрты;
ала бакан (или алабакан) или ача бакан, южн. әләл бакан сучковатый шест, служащий вешалкой в юрте;
кол бакан маленький бакан, который берут с собой на летовку;
бел бакан или жел бакан шест для подпирания юрты изнутри во время ветра;
түндүк бакан шест для подпирания түндүк'а (см.) во время сборки, постановки юрты;
алты бакан то же, что селкинчек (см.) (но больших размеров);
алты бакан кур- сделать качели;
2. дубина, дубинка;
бакандарын сундура, бет маңдай бирин бири качырып калышты нацелившись своими дубинами, они бросились друг на друга;
3. (точнее суу бакан) коромысло;
бакандай азамат молодец стройный и сильный;
келе бакан драчун;
менден башка деле келе бакан, куу союл аз көрүнгөн жок немало было и кроме меня драчунов и забияк;
кылды бакандай кылып көрсөт- волосинку представить с дубинку; из мухи делать слона.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Боз үйдүн үзүк, туурдук, түндүк жабуусун салуу үчүн колдонулуучу шыргый. Бектурдун ак үйүнүн чамгарагынан эки түндүк бакандын учу сороёт (Сыдыкбеков).
2. Жоокерчиликте курал ордуна колдонуучу шыргый. Баатырлар чыгып сайчшса, Бакандары майышса («Манас»).
3. Буюм, азык-түлүк илип коюуга ылайыкталган илгичтери бар шыргый. Андан жогору багалчак ала бакандарга илинген нооту чепкен («Ала-Тоо»).
4. Бир нерсе көтөруү, тиреп коюу ж. б. иштер үчүн колдонулуучу шыргый, узун жыгач. Суу бакан. Бел бакан. Баканга салып көтөрүү. Бакан менен тирөө.
Алты бакан — селкинчек салуунун бир түру. Суу боюнда алты бакач тээп ойноп-күлүп, ырдап жагпкан адамдар («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
(Түндүк бакан) — «Ар бир айыл четинде, алты бакан селкинчек» (К. Жантөшев). Бул боз үйдүн жыгачына кирет. Мунсуз боз үй тигилбейт. Түндүк бакан, босого-таяк, каалга бир бүтүмдү түзөт. Түндүк бакандын (түндүк көтөрүүчү) узундугу 2,8 м. болуп, анын башынын ачакей 4 см. менен өлчөнөт. Ал көбүнчө балатыдан жасалат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсени жөлөп көтөрүүгө, тирөөгө же илип коюуга ылайыкталып жасалган шыргый жыгач. Бакан менен шоңшойтуп көтөрүп койгон түндүктүн ачык жак капталынан чаба жааган жамгыр салаалап шорголоп, коломтонун төр жагына түшүп жатат (Токомбаев). Найза катарында курал ордуна колдонулуучу узун шыргый. Бакан, союл карса-карс, Баш жарылып тарса-тарс (Тоголок Молдо). || Суу көтөрүүгө пайдаланылуучу узун шыргый жыгач, суу көтөргүч, апкөч. Салима ийниндеги баканга илинген эки чака менен суу алып келаткан (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Баканга (шыргыйга) илип, ийинге салып көтөрүү. Талдан согулуп жасалган эки себетин бакачдап көтөрүп.. (Жантөшев). Бакандап кош чакада тунук суусун Жөнөөгө айыл жакка кылды ыкыс (Абдыраманов).
2. Бакан менен уруу, сабоо.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. действовать дубиной;
бакандап куу- выгнать кого-л. палкой; прогнать палкой;
2. нести на коромысле;
ичер сууну бакандап көтөрүп келишет вёдра с питьевой водой они носят на коромысле;
эки себетин бакандан көтөрүп неся на коромысле две кошёлки.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бакан менен көтөрүү, баканга илип, ийинге салып көтөрүү. Кыштактын эли ичер сууну Жаңы-Арыктан алышып, бакандап көтөрүп келишет (Абдукаримов). 2. Бакан менен уруу, согуу. Бакандап кууп чыгуу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Керилген, олбурлуу, алибеттүү, бакубат. Бакандай жигит. – О, айланайын! Мына бакандай азамат болгон турбайсыңбы! (өмүрбаев). || Бир кыйла чоң, мыкты, белдүү. Иши кылып бүтүп келчи, бакандай болгон кызмат беребиз (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
тар. Толготуп жаткан аялдын көз жаруусун – төрөтүн – жеңилдетүү максатында иштелген аракет, толготкон аял түбүнө олтуруп, эки колдоп кармап асылып, таяныч катары пайдаланууга ылайыкталып боз үйдүн ичинде орнотулган жыгач, көбүнчө бакан орнотулган. Алтындан бакан коюлду. («Манас» С. О.).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ар. ир. сев.
осведомитель, соглядатай;
бөлөктөн барса ал жерге, баканооз чыгып ичинен, түбүнө чогуу жетет - деп фольк. если туда пойдут чужие, среди них может оказаться осведомитель, и они сообща уничтожат (наших).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БАКАНООЗ тыңчы. Душман тарабынан экинчи тараптын ал-абалын, жөн-жайын, согуштук аракеттерин жана башкалар жагдайларды билип келүү үчүн атайын жиберилген адам. Сагымбай Орозбаковдун вариантында эскерилет.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БАКАН-ТАШ — топоним. Кошой-Тоодогу чоку, Талас обл-нын күн чыгыш чети, Каракол менен Үч-Кошой сууларынын ортосунда. Эпостун каарманы Бакайдын ысмына байланыштуу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
то же, что таамай;
бакатай өзүнө тийди он попал как раз туда, куда метил; он попал прямо в точку;
бакатай жакшы чабалбай, чоркоктун бири сен элең фольк. ты один из неумех, которые не могут рубить без промаха;
чүкөнүн бакатайы большой альчик, отличный альчик, плотный (не ноздреватый) альчик.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жандуу аракет, шаңдуу үнгө толгон кызуу кыймыл. Тетигинде сонун эмгек бака-шака бардык жерде курулуш (Убукеев). || Бакылдаган-шакылдаган үн аралаш тополоңдуу кыймыл-аракет. үчүнчү күнү эртең менен журт бака-шака түшүп, жапырт, көчүп калды (Баялинов).