Киргизско-русский словарь Юдахина
айт I
охот.
ату!;
айт де- охот. порскать;
тайгандарын "айт!" деп жиберди он крикнул своим борзым "ату!";
айт-айтта- кричать "ату!, ату!" (предостерегающий крик пастухов);
айт кой- или айт-кыйт кой- лихо крикнуть, гикнуть;
сен "айт!" десең, кыйт коюп, бүт жедигер кетели фольк. если ты крикнешь, то мы гикнем и все мы, джедигеры, уедем;
"айт!" десе, "ойт!" деген тот, кто на "айканье" отвечает "ойканьем" (паникёр);
о айт! да-да!; вот как! (возглас поддержки, одобрения);
чу, айт! ну, пошёл!, но! (возглас, которым понукают коня);
айт-буйт см. айта.
айт II
ар.
праздник (мусульманский; ср. майрам);
айт болор, айттын эртеси да болор погов. бывает праздник, бывает и завтра послепраздничное; не всё коту масленица.
айт- III
1. говорить, сказать; рассказывать;
айтмайынча - ким билет? ачмайынча - ким көрөт? погов. пока не сказано - кто знает?, пока не открыто - кто видит?
айтып түгөткүсүз түрдө кубанышты они несказанно обрадовались;
айта берсе, сөзү көп тут много можно сказать; всего не перескажешь;
айтканы айткандай болуп чыкты вышло так, как он сказал;
таап айт- говорить дельно, умно;
айтып кыл- сделать что-л. с чьего-л. ведома;
айтып кылган иштин айбы жок погов. за то, что сделано с чьего-либо ведома, не обвиняют;
айткан жерден чык- выполнить намеченное; выполнить взятые на себя обязательства; сдержать слово;
ажал айтып келбейт погов. смерть приходит, не предупреждая;
алмурут айткан жерлерге ит мурун чыгат дечу эле фольк. сказывали, что там, где должны бы расти груши, вырастет шиповник;
2. с предшеств. исх. п. судить (предопределить);
сүзөнөк уйга кудай мүйүздөн айтпаган погов. бодливой корове бог рог не даёт;
кудай акылдан айтпаган бог ума не дал (тебе, ему);
3. приглашать;
айтып келген конок приглашённый гость;
4. этн. предназначать, выделять для заклания, приносить в жертву;
ак сарбашыл кой айтып, түлөөнү да чалалы фольк. выделив белую с жёлтой головой (см. сарбашыл) овцу, принесём-ка в жертву;
эки жыл ооруп айыкты жалгыз эркек балабыз; ак сарбашыл айткамын, азыр барып чалабыз фольк. наш единственный ребёнок два года болел и поправился; (поэтому) я предназначил белую с жёлтой головой овцу, пойдёмте заколем;
5. сказывать, петь;
мен сага айтсам скажу-ка я тебе; представь себе;
бир сөз менен айтканда одним словом;
ырасын айтканда или чынын айтканда или туурасын айтканда по правде говоря;
(ошону) айтсаң (ыз) ! скажи (те) на милость!; смотри (те) -ка!; вон ведь как!;
ошону жаңылбай билип алганын айтсаң вот ведь удивление, как это он так точно запомнил!;
ошону айтсаңыз (в зависимости от интонации)
1) вот вы это (об этом) и скажите;
2) вот ведь оно как!;
айта кет- вскользь упомянуть, коснуться в разговоре или в речи;
ошону айт! вот это да!;
оюнчу деп, ошону айт! вот так игрок!;
бир айтканын миң айтып зарядив одно и то же, без конца повторяя одно и то же;
айтып-айтпай не пайда или айтып-айтпай не керек или айтып-айтпай пайда жок словами не поможешь; говори не говори, а уж...;
айтып-айтпай пайда жок, кеткен жан кайтып келеби? стих. словами не поможешь: разве ушедшая душа вернётся?
айтты-койду дебеди фольк. он не промолвил ни слова; он никак не реагировал;
айтпаганды айт- ругать всякими неприличными словами (букв. говорить то, чего не говорят);
артынан айт- см. арт II.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Диний майрам. Орозо айт. Курман айт.
АЙТ I I этиш. 1. Сүйлөө, сөз аркылуу ой-пикирин билдирүү, бир нерсе жөнүндө баяндоо. Тууган күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат (макал). Көңүл кири айтса кетет, көйнөк кири жууса кетет (макал).
2. Ылайык деп табуу, мурдатан ылайык көрүү; буюрса, ушундай болсо деп эсептөө. Сүзөгөн уйга кудай мүйүздөн айтпаган (макал). Эч болбоду дегенде ырдан да кудай айтпады,деп бир абышка Өмүргө карады (Жантөшев).
 Айтканынан кайтпоо — убадасынан тайбоо, сөзүндө туруу, айтканын орундатуу. Айтканынан кайтпаган Акыл жигит жакшы экен! (Барпы). Айтып болгус же айтып түгөткүс — өтө көп; айтып аягына чыга албас, канчалык кеп кылса да түгөнгүс. Өнөрү бар айтып болгус. Айтып оозун жыйганча — өтө тез, дароо. Ачык айтып, ак сүйлөө — чынын, туурасын айтуу, болгонун болгондой айтуу.
АЙТ III сырд. 1. Итти айдактоодо, тукурууда колдонулат. Тайгандарын «айт!» деп жиберди.
2. Малды кайрууда, башкарып-тескөөдө колдонулат.
3. Үркүтүп, чочутууда колдонулат. Кыярып бышкан ак эгин, Арам колдон аман бол. Айт! айт! куу! куу! (Осмонов).
Айт дегенче же айт дегиче — дароо эле, ары-бери, көз ачып жумгуча, бир заматта. Айт берүү — ойт берүү, Темингенде айт берип Текедей ыргып чураган (Осмонкул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Оюн сөз менен түшүндүрүү, бир нерсе жөнүндө баяндоо, сүйлөө. Суктанткан суунун атасы, Мураптын жайын айталык (Осмонов). Айтмайынча – ким билет, ачмайынча – ким көрөт? (макал). Мен көп сүйлөөнү каалабайм, ток этер жерин айтамын (Каимов). Элебес Шамбеттерге бирдеме деп айткандай болду (Сыдыкбеков). 2. Кабар кылуу, бир нерсе жөнүндө кабарлоо, кабарлап чакыруу. Назарбай уулу үйлөнөт имиш. Бизди тойго айткан экен (Касымбеков). 3. Кээ бир элдик оозеки чыгармаларды (кошок, эпос, жомок, табышмак, жаңылмач ж.б.) аткаруу, көпчүлүк алдында баян этүү, сүйлөп же ырдап берүү. Кошок айта тургандар тигил үйгө, калган аялдар бул үйгө кирсин деп калышты («Ала-Тоо»). «Манас» айткан карыя сиз болосузбу? – деп сурадым. Мен кыргыздын ыр-жомокторун, эски уламыштарын айтчу кишилерге үйүрмүн («Ала-Тоо»). 4. Диний түшүнүк боюнча башына кыйынчылык түшкөндө, андан кутулуу үчүн кудай жолуна деп бир нерсе арнай турганын, садага берерин билдирүү. Жети нан баабедин айттың беле? Ак сарбашыл айтып, кудайды үмүткөр кылган экенсиң, бирдеме сойбойсуңбу («Ала-Тоо»). Баабединин бат айтып, Ай туякка ат айтып («Сейтек»). 5. Тангыч формада: айтпа, айткан жок буюрбаптыр», «ылайык көрбөптүр» деген мааниде колдонулат. Сүзөнөөк уйга кудай мүйүздөн айтпаган экен (макал). Эч болбоду дегенде«ырдан да кудай айтпады! – деп бир абышка Өмүргө карады (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Малды кайырууда, айдоодо, тескөөдө колдонулат. Айт! айт! деп аттарды алдына салып кууп бараткан экен («Ала-Тоо»). 2. Итти айдактоодо, тукурууда колдонулат. Тайгандарын«айт» деп жиберди. 3. Үркүтүп, чочутууда колдонулат. Кыярып бышкан ак эгин, Арам колдон аман бол. Айт, айт, куу! (Осмонов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: айта-буйта дегиче или айт-буйт дегиче вмиг, в мгновение ока;
айта-буйта дегиче, ачып көздү жумгуча (стереотипное выражение в фольклоре) не успели оглянуться, в мгновение ока.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир заматта, көз ачып жумганча, дароо, өтө тез, арыдан бери. Айта-буйта дегиче, Эр бакайдын жанына Чаап чыгып барышты («Манас»). Айта-буйта дегиче, Ачып көздү жумганча, Алып жетип барайын («Эр Төштүк»). Айта-буйта дегиче, Антаңдап шашып Карачач, Айчүрөккө барды эле («Сейтек»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир заматта, көз ачып жумганча, дароо, өтө тез, арыдан-бери. Айта-буйта дегиче, Эр Бакайдын жанына Чаап чыгьт барышты («Манас»). Айта-буйта дегиче, Ачып көздү жумганча, Алып жетип барайын («Эр Төштүк»). Айта-буйта дегиче, Антаңдап шашып Карачач, Айчүрөккө барды эле («Сейтек»). В.: Ана-мына дегиче. Ана-мына дегиче, Ачып көздү жумганча, Айлына жетип келгени («Эр Төштүк»). Андай-мындай дегиче, Кумурска жайнап кетти эле («Эр Төштүк»). Андай-мындай дегиче, ачып көздү жумганча.Андай-мындай дегиче. Андай-мындай дегиче, ачып-көздү жумганча мерчемдүү жерге барыптыр, айтылган Жаман-Аскада аркарлар туруп калыптыр (Медетов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айтканга, айтып жибергенге мүмкүнчүлүктүн бар экендиги. Кайгыга менин дагы жаным күйгөн, Айталбай туруп калгам жарым сүйлөм (Өмүрканов). -ба мүчөсү менен келсе, анын тескерисинче болот. Сан курдаштын бирине жан сырын төгүп айталбай эки үйдүн ортосунда жүргөн… (Станалиев). Ал ишти ким жасагандыгын айталам.

Киргизско-русский словарь Юдахина
можно сказать, можно признать;
"жакшы" деп айтарлык эмес нельзя сказать, чтобы было хорошо;
"бали" деп айтарлык иш аткарбады он не выполнил дело так, чтобы можно было сказать "хорошо";
канааттандырарлык деп айтарлык эмес нельзя считать удовлетворительным.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЙТИЕВ Гапар (1912, Кара-Суу району, Төлөйкөн айылы — 1984, Фрунзе шаары) — улуттук туңгуч сүрөтчү, кыргыздын профессионалдык сүрөт өнөрүнүн негиздөөчүлөрүнөн, СССР эл сүрөтчүсү (1971), СССР көркөм сүрөт академиясынын корреспондент мүчөсү (1973), Кыргыз ССР Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1967), Соц. Эмг. Баатыры (1980), Кыргыз жергесинин кооз табиятын, кайталангыс көрүнүштөрүн гана мыкты тартпастан, улуттук маданияттын улуу устаттарынын портреттерин да зор чеберчилик менен ачып берүүгө жетишкен. Алардын бири — Саякбай Карала уулунун скульптуралык портрети болуп саналат (1965).


Сүрөтчү бул эмгегинде манасчынын чылк ырдан бүткөн образын, анын инсандык жана чыгармачылык жан дүйнөсүн, көөнөрбөс көркөм талантын чеберчилик менен көрүүчүлөргө жеткире алган. Ушул скульптуралык портретте Саякбай улуу дастанга жан дили менен берилип, андагы окуяларга өзү да аралашып кеткендей таасир калтырат. А. Ленин, Октябрь Революциясы, эки Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдары менен сыйланган.
Э. Калдаров

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсени унутуп коё жаздап, кайра эстей калганда же айтылып жаткан кепке дагы бирдемени кошумчалоого, кыстара кетүүгө туура келген учурда айтылат. Айткандай, иничек бул агаңдын баягы суроосуна эмне жооп болор экен («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өз билгенин бербөө, айтканын айткандай аткаруу, көздөгөнүнөн баш тартпоо. Ал эми манаптар Токтогулдун айтканынан кайтпас көктүгүнө көздөрү жетип чындап өчөгүштү (Бейшеналиев). Айтканынан кайтпаган Акыл жигит жакшы экен (Барпы).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өз билгенин бербөө, айтканын айткандай аткаруу, көздөгөнүнөн баш тартпоо. Ал эми манаптар Токтогулдун айтканынан кайтпас көктүгүнө көздөрү жетип, чындап өчөгүштү (Бейшеналиев). Айтканынан кайтпаган, Акыл жигит жакшы экен (Барпы). Айтканы айткан, дегени деген, меники гана туура дейт да турат (Айтматов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Айтканды айткандай аткаруу, эч каршылык көрсөтпөө, ою менен болуу. Айтканынды эки дебей, эпилдеп турган кичинекей кагелес жигит (Укаев). Аны сестра, санитаркалар сыйлашып, айтканын эки дедирбейт (Сыдыгалиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айтканды айткандай аткаруу, эч каршылык көрсөтпөө, ою менен болуу. Айтканыңды эки дебей, эпилдеп турган кичинекей кагелес жигит (Укаев). Аны сестра, санитаркалар сыйлашып, айтканын эки дешпейт (Сыдыгалиев). В.: Айтканын эки кылбоо. Атасынын айтканын эки кылбаган он бирдеги кызы менен тогуздагы уулу (Жигитов). Эл кадырлайт, этегиңди өбөт, «ажы аке» деп айтканыңды эки кылбайт! – деп Карасакал өзү да кубанычын жашыра албай, уурту тартыла жымыйып, эки көзү жайнады (Касымбеков). Өз ишин жакшы билет, айтканын эки кылбайт (Эралиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Атасынын айтканын эки кылбаган он бирдеги кызы менен тогуздагы уулу (Жигитов). Эл кадырлайт, этегиңди өбөт, «ажы аке» деп айтканыңды эки кылбайт! - деп Карасакал өзү да кубанычын жашыра албай, уурту тартыла жымыйып, эки көзү жайнады (Касымбеков). Өз ишин жакшы билет, айтканын эки кылбайт (Эралиев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЙТМАТОВ


Чыңгыз Төрөкул уулу (1928, Кара-Бура району, Шекер айылы)— кыргыз совет жазуучусу, коомдук ишмер. Кыргыз ССР эл жазуучусу (1968), Кыргыз ССР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1979), Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын анык мүчөсү (1974). Соц. Эмг. Баатыры (1978), СССР эл депутаты (1989), Лениндик (1963) жана СССР мамл. сыйлыгынын лауреаты (1968, 1977, 1983), Бвропа Илимдер, искусство жана адабият академиясынын анык мүчөсү (1983), Бүткүл дүйнөлүк Илимдер жана искусство академиясынын академиги (1987), ГДРдин Искусство академиясынын ардактуу корр. мүчөсү (1978), ♦ Ысык-Көл форумунун» президенти (1986), Италиянын «Этрурия» (1979), «Алтын бутак» (1988), Индиянын Ж. Неру атындагы (1985) жана Япониянын Чыгыш философия институтунун (1988), Американын «Ыймандуулукка чакыруу» (1990) эл аралык сыйлыктарынын лауреаты, түрк тилдүү элдеринин өркүндөшүнө кошкон зор салымы үчүн Түркиянын жазуучулар кошунунун «Илесам» сыйлыгынын лауреаты (1992). СССР Жазуучулар Союзунун секретары, Кыргызстан жазуучулар Союзунун башкармасынын төрагасы (1986), СССР Президенттик Советтин мүчөсү (1990). 1990-жылдан Люксембург Улуу герцогдугундагы СССРдин атайын жана толук укуктуу элчиси. «Манас» эпосу А-дун чыгармачылыгынын башатына жол ачкан көркөм булактардын бири болуп саналат. Жазуучунун «Жамийла» повестинен «Кыямат» романына чейинки чыгармачылыгында «Манас» эпосунун стихиясы каармандардын мүнөзү, ички дүйнөсүн сүрөттөөдө, гуманисттик, философиялык ой айтууда, адеп-ахлактык проблемаларды козгоодо кызыл сызык сымал чыгармалардын «жүлүнүнөн» өтүп тургандыгы байкалат. А. «Манас» баштаган элдик оозеки чыгармачылыктын алтын казынасына кайрылуунун, аны иштеп чыгуунун үлгүсүн өз чыгармачылык тажрыйбасында бүткүл дүйнө адабиятына көрсөткөн. А-дун эпосту пропагандалоо багыты ар түрдүү. Ал «Манас» эпосу кайталангыс жана катасыз көркөм тажрыйба аркылуу адабияттын бардык проблемаларына, тематикаларына ой жүгүртүп, анын бийик гуманизмин даңазалаган эркиндик, көз каранды эместик идеясын, терең философиясын, имандык сабагын, укмуштуу фантазиясын, оптимисттик трагедиялуулугун, поэтикалык көркөмдүгүн, пафосун, структуралык табиятын, стилдик чен-өлчөмдөрүн, сөздөрдүн тактыгын, образдардын ички дүйнөсүнүн кылдат ачылышын, жаратылыштын ар түрдүү кубулуштарынын сүрөттөлүшүн талдайт: «Маселе бул жерде таамай, так айтылган салыштыруу, эпитетте гана эмес. Кеп, кылымдар бою өз ичине камтыган көп катмарлуу эпостун мазмунга, адам турмушунун ар түрдүү жактарын, социалдык-турмуш, сүйүү-лирикалык, моралдык-этикалык маселелерин, байыркы кыргыздардын географиялык, медициналык, астрономиялык, философиялык түшүнүктөрүн бүтүндөй камтыган эпостук мазмунга, бир учу жомоктон, мифтен, фантастикадан башталып, бир учу реализмге (фольклордук маанидеги) келип жеткен көркөм форманын бипбирдей жанаша өсүп, бир бүтүн гармония түзгөнүндө».
Жазуучу уникалдуу «Манасты» жараткан элдин акылмандыгына, даанышмандыгына, укумдан-тукумга жеткирген Сагымбай Орозбак уулунун, Саякбай Карала уулу сыяктуу «легендарлуу эпик», «азыркынын Гомери», «XX гасырдын рапсоду » деп аталган индивидуалдуу залкар көркөм сүрөткерлердин ролуна чоң баа берет. Сагымбай Орозбак уулу жөнүндө мындай дейт: «Сагымбайдан жазылып калган тексттерди кунт коюп окуп чыккан ар бир адам Сагымбайдын сөз байлыгына, акындык чеберчилигине, сүрөткер кудуретине баш ийбей койбойт. Бул бир ааламда укмуш жаралган уникалдуу талант. «Манас» — «Манас» болгондон берки эпостун тамчыга тамчы кошулуп, сөзгө сөз, ойго ой кыналып, байыркы кыргыз журтунун бүткүл чыгармачылык кубатын Сагымбай бир өзү дилине сыйгызып тургандай сезилет». Сагымбай Орозбаковдун вариантына башкы редакторлук кызмат аткарып, «Байыркы кыргыз рухунун туу чокусу» деген баш сөз жазды. Ал эми Саякбай Карала уулунан «Манасты» угуп, өзү менен кошо жүргөнү баарыга белгилүү. А. «Ал океан сымал «Манастын» миллион сабын жат билген» деген макаласында улуу манасчылардын эң акыркысы Саякбайдын портретин жандуу тартат. Манасчынын фантазиясына, артисттик талантына, ашкан өнөрүнө тен берет: «Каралаев «Манас» айтып жатканда андан көзүңдү тартып ала албай, кирпигинин ирмелишинен тартып колунун жаңсалышына чейинки ар бир кыймылына арбалып, көрөңгөнүн көөр таштай чанда бир кезиге турган шыбаганы даарыган бул адамдын абазына кулак төшөп, муюп олтуруп, анын жасат-жаны эпикалык уюткунун өзүнөн бүткөнбү деп ойлой кетесиң». Саякбай Карала уулунун сөөгүн коюу зыйнатында жазуучунун кабыргасы кайышып, «дүйнө жүзүндө өзүнчө жалгыз гана болгон улуу талант асмандан кулаган жылдыздай жарк этип өчтү» деп улутунуп турбадыбы!
А. «Манасты» оозго алганда казак элинин улуу жазуучусу жана окумуштуусу Мухтар Ауэзовдун ысмын бирге эскерет. 1950-жылдары М. Ауэзов эпостун элдүүлүгүнө шек келтиришкендерге каршы туруп, бул чыгарма кыргыз элинин гана эмес, бүткүл совет элинин сыймыктана турган зор эпопеясы экендигин көрсөтүп, 1952-ж. «Манас» эпосуна байланыштуу бүткүл союздук илимий конференцияда «Манас» эпосунун элдик вариантын түзүү керек» деген темада доклад жасаган. Ошондогу казак жазуучусунун кара жанын карч уруп энциклопедиялык билимге таянып «Манасты» обу жок айыптоолордон коргогонун А. өтө жогору баалайт. «Ауэзовдун атуулдук азаматтыгын, жазуучулук эрдигин биздин эл эч качан унутпайт» — дейт ал. А. менен «Манасты», Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулу менен «Манасты» бөлүп караганга болбогон сыяктуу эле, Ауэзов менен «Манасты». ажырым кароого болбойт. А. чет өлкөлүк окурмандардын «кай жерликсиз» — деген суроосуна «Манас» жаралган жана Ауэзов туулган жерденмин», — деп сыймык менен жооп берет.
А. «Манас» эпосун дүйнө, совет элдердин арасына пропагандалап, эпостун которулушуна дайыма камкордук кылып келет. «Манас» эпосун өзбек тилине белгилүү акын Миртемир которгондо А. да баалуу кеңештерди берген. Котормочуга эл алдында жылуу пикир айткан: «Ал бул чоң жана татаал ишке канчалык жан дили менен берилип мамиле жасагандыгын мен азыр толкундабай эскере албайм. Эпостун өзбекче котормосу «Манастын» өзүнүн гениалдуу оригиналына тете монолиттүү, колориттүү чыкты». Азыр болсо белгилүү орус акыны В. Солоухин «Манастын» орусчасын калың элге жеткирүү үчүн А-дун тапшырмасы менен иштеп жатат. «Өз элинин тарыхына жана чыгармачылыгына сыймыктанбаган жан болбос, ошентсе да «Манас» эпосун ойлой калсам, аны минтип жалпы совет элинин орток маданий байлыгына айланып отурганын эстеп, мартабам артып, байманам ташыгандай өзүмчө эле кудуңдап, териме батпай кетем» — дейт ал.
 А. Асаяов. Манас жергесинде.</b>
А. Асаяов. Манас жергесинде.

Муну анын эпостун жалпы дүйнөгө тароого жасаган камкордугунун күбөсү катары баалоого болот.
В. Коркиндин «Манас» эпосун укканда ыйлаганыңыз барбы? — деген суроосуна жазуучу ««Манасты» укканда ыйлабаган кыргыз болбойт», — деп жооп бериши эпостун ар бир кыргыз баласы үчүн өтө ыйыктыгын, асылдыгын, улуулугун, касиеттүүлүгүн билдирет. «Манастын» улуттук аң-сезимге сиңиши эне сүтүнө, эне тилине барабар, аны менен бирге чогуу келген табигый көрүнүш. ««Манасты» билбеген адам өз элин, тилин, жерин билбегендик» — деген сөздүн афоризмге айланып кетиши бекеринен эмес. Ошондон улам азыркы учурда дагы бир жаңы учкул сөз жаңырып калат: «Кыргыз адабияты «Манас» эпосунан Чыңгыз Айтматовдун эпосуна чейинки доорду басып өттү». Ооба, кыргыз эли дүйнөгө ушул эки көркөм маданияттын бийик үлгүсү катары, эки эстетикалык дүйнөнүн эриш-аркак далма-дал келиши, тогошуусу менен сыймыктана алат. Дүйнө менен алакада болуп, аралашып, дүйнөнү көрүп туруу үчүн «Манас», А. сыяктуу түбөлүктүү, муундан-муунга аңыз болуп жашай турган улуу бийиктиктер керек. Биздин көркөм дөөлөттөрдүн кыл чокусунда кечээ да, бүгүн да, эртең да туу катары кармаганыбыз да, карманганыбыз да дал ушул — «Манас» менен А. экендигин эч ким тана албайт.
А. Акматалиев

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айтылып өткөндөрдү кыскача жыйынтыктоо, корутундулоо же анын болжол, ачык эмес экендигин көрсөтүү иретинде колдонулат. Кайда баратканын өзү да билбейт, айтор, улам өйдөлөп, тоо жакка кетип баратат (Байтемиров). Айтор, сенин бермейиңен алмайың көбөйүп кете турган болду го («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Туптуура, чындык, дал ушундай. Айтса-айтпаса төгүнбү? Алар бөйрөктөн шыйрак чыгарышты (Абдукаимов). – И, ушуну укмаксыңар, айтса-айтпаса төгүнбү, булар келгенде бир койдун мойну үзүлмөйүн болбойт, – деди Сулайман (Абдукаимов). Айтса-айтпаса төгүнбү? Кетип бара жаткандардын баары али быша элек (Абдукаимов). Бул кордуктан өлдүм – деп, Айтса-айтпаса төгүнбү, Ажал айдап келдим – деп («Семетей»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Туп-туура, чындык, дал ушундай. Айтса-айтпаса төгүнбү? Алар бөйрөктөн шыйрак чыгарышты (Абдукаимов). - И, ушуну укмасыңар, айтса-айтпаса төгүнбү, булар келгенде бир койдун мойну үзүлмөйүн болбойт - деди Сулайман (Абдукаимов). Айтса-айтпаса төгүнбү? Кетип бара жаткандардын баары али быша элек (Абдукаимов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от айт- III;
бир тыйын берип айттыра албайт, миң тыйын берип койдура албайт погов. за копейку заговорить не заставить, а (уж если заговорит) за тысячу копеек не остановить;
айттырам кабар мен сага, жаш Табылды иниңден, жалпы кыргыз элиңден фольк. передаю я тебе (через другого) весть от Табылды, младшего брата твоего, от всего киргизского народа;
салам айттырып да койгон эмес он даже и привет не просил передать;
кеп айттырбай не давая слова сказать;
сөзүңдү айттырбайт он не даёт тебе слова сказать; он не позволит говорить;
айттырып ал- выпытать; довести до того, чтобы высказал;
сөздү эки айттырып көрбөгөн Бермет ошол замат үйдөн чыкты Бермет, которая не привыкла, чтобы ей повторяли дважды, вышла из дому;
акылы артык Зулайка, айттырбастан, баланы түрүнөн таанып калды дейт фольк. умная Зулайка узнала паренька по виду, не дожидаясь, когда он сам (о себе) скажет (т.е. назовёт себя);
айттырбай иштебейт он по своему почину (без понуканья) не работает;
ууру менен конок айттырып келбейт погов. вор да гость приглашения не ждут;
кыз айттыр- или кызга сөз айттыр- или сөз айттыр- сватать невесту, делать предложение;
кызга сөз айттырып жүргөн жигит парень, ищущий невесту, сватающий себе невесту;
ал көрүнгөн кызга сөз айттыра бербейт он к первой встречной девушке свататься не станет;
Саадат ага сөз айттырды. Айна көп ойлонгон жок, маакулдугун билгизди Саадат ей сделал предложение. Айна долго не раздумывала, дала своё согласие.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көзөмөлдөп, зарылдыгына жараша айтылып турчу акыл кеп, кеңеш. Ата-эненин айт-уйту ар качан керек тура, жашыңда акылыңа акыл кошсо, улгайганда кадыресе демөөр экен. («Кыргызстан маданияты»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
и. д. от айт- III
1. сказывание, рассказывание;
айтууна караганда или айтуу боюнча судя по его словам;
сизге бир ооз сөз айтууга болор бекен? можно вам сказать несколько слов?
2. произношение.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
айт II этишинин туюк мамилеси. Жүрөктөн чыккан ырларым Силерге, элим, айтылды (Осмонкул). Баятан бери айтылгандар менен Адам бийиктиги көрсөтүлүп, ченелип бүттүбү же дагы калдыбы? (Даутов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
айтылуу I
и. д. от айтыл-.
айтылуу II
сказанное; сказанный;
айтылуу мыш-мыш чын болсо... фольк. если все разговоры-пересуды - правда, то...
айтылуу III
1. славный, прославленный; известный, знатный;
айтылуу Бакай келиптир прибыл славный Бакай;
биз өзүбүз бечара адамбыз..., а сиз айтылуу Жээренче чечен мы сами - бедные люди..., а вы - прославленный Джеренче-мудрец;
2. неоригинальный, избитый;
айтылуу кеп не новое слово, избитые разговоры.

Киргизско-русский словарь Юдахина
и. д. от айтыл-
то, что сказано; сказанное;
айтылышы чын болсо... если сказанное правда...
айтым то, что сказано; сказанное; разговоры;
айтымына көнөмбү? фольк. разве я соглашусь с тем, что он сказал?
авалы кыздан сыр сура - айтымыңа көнөбү? фольк. ты сначала спроси секрет девицы - согласится ли она на то, что ты скажешь?
айтымынча бар экен: кызың жаштын күлгүнү фольк. она стоит того, чтобы (о ней) говорили: твоя дочь - цвет молодости;
элдин айтымына караганда судя по разговорам людей;
ары-бери өткөндөрдүн айтымынан улам угушат они часто слышат (это) из разговоров проезжих (или прохожих).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Айтылган сөз, бирөөнүн айтканы. Ар кимдин айтымына караганда, аны өлтүргөн кулактар болуу керек (Байтемиров). 2. адаб. Байыркы учурлардан ыр деген сөздүн ордуна айтым деген колдонулган, азыр да кытайдагы кыргыздар көбүнчө ыр дебейт, айтым дейт, эмгек айтымы эм-дом айтымы, дагы башка айтымдар дешет.

Киргизско-русский словарь Юдахина
благозвучный, приятный;
айтымдуу сөзгө канасың, алыстан келген баласың фольк. ты приятным словом насладишься, издалека прибывший паренёк;
жүрөгүндө оту бар айтымдуу киши жаталбайт фольк. хороший человек, у которого есть в груди огонь, не может оставаться безучастным.

Киргизско-русский словарь Юдахина
айтыш I
и. д. от айт- III
1. сказывание;
газетанын айтышына караганда по сообщениям газеты;
айтышыңарга түшүнө албайм я не могу понять, что вы говорите;
2. пререкания, препирательства;
кээде тамаша какшык-кекээрге айланып, айтыш-тартыш башталат иногда шутки переходят в издёвку и попрёки, и начинается ссора;
3. поэтическое состязание акынов в импровизации или народных мудрецов (см. чечен I) в словопрении;
айтыштан чыккан чечен көп, адырынан тегиз көп фольк. (там) много мудрецов, победивших в словопрениях, (там) равнин больше, чем холмов.
айтыш- II
взаимн. от айт- III
1. совместно, вместе говорить;
ал катта эне-ата элдеги кыштактардын өзгөргөнүн айтышыптыр в том письме родители рассказывали об изменении кишлаков;
2. препираться, пререкаться; ссориться, спорить;
3. состязаться в импровизации (об акынах), вступать в словопрения (о народных мудрецах; см. абтыш I 3).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат.1. Пикир талашып белгилүү бир теманын айланасында болуучу, сөз жүзүндөгү талаш-тартыш; диспут; дискуссия.
2. Ырчылардын бири-бири менен ырдашып сөз жарыштырышы, көпчүлүк алдында алым сабак айтып, бирин-бири сынап ырдашкан ыры; сөз жарышы. Айтыш жарты сааттай созулду (Элебаев).
АЙТЫШ II этиш. 1. Бири-бирине ой-пикирин билдирүү; өз ара бири-бирине сүйлөп берүү. Айтышып өткөн-кеткен иштин жайын (Токобаев).
2. Сөз кайтарышуу, каяша сөз айтуу, биринин пикирине толук макул болбогон сыяктуу өз пикирин, өз жообун айтуу; кер-мур сүйлөшүп калуу. Анчалык сөздү узартпай, Айтышпай, Бермет, кел мында! («Саринжи — Бөкөй»). Жигит да кабагын түйүп, албууттанып айтыша кетти (Сасыкбаев). Айтышып калган жериңден, Акылың болсо качпагын (Токтогул).
3. Ырчылар бири-бири менен алым сабак иретинде ырдашуу, сөз жарыштыруу. Жыйырма беш жылдык чоң тойдо Айтыштык эле акындар (Осмонкул).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЙТЫШ — кыргыз элдик оозеки чыгармачылыктагы жанр. А. ырчылар, чечендер, айтуучулар (манасчылар, семетейчилер) арасында чыгармачылык кудуретин, чеберчилигин сыноо үчүн жүргүзүлгөн. Манасчылардын А-ы чоң төкмөлүк өнөрдү талап кылат жана өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ. Мелдештин шарты боюнча «Манас» айтууну бирөө баштап, ал токтогон жерден экинчиси, үчүнчүсү улап кеткен. Кээде белгилүү бир окуяны же үзүндүнү кимиси ары кызык, ары узак жана көркөм аткарганына карап баалашкан. Сөз кудуретин жогору баалаган угуучулардын сынынан айтуучунун аткаруучулук манерасы да куру калбаган. Изилдөөчүлөр А. боюнча элге атагы кеңири тараган манасчылар катары Балык, Найманбай, Назардын ысымдарын аташат. 1917-ж. кыш маалында Какшаалда (азыр КЭРде) жүргөн Сагымбай менен какшаалдык манасчы Жусубакунду «Манас» айттырышат. Сагымбай жети кан колу менен келип, Манастын колу Бээжинге аттангандагы эпизоддон баштап, күнү-түнү тынбай айтат. Анан Сагымбайды токтотуп, Жусубакунга ошол жерден ары айттырышат. Ал да күнү-түнү тынбай улантат. Андан кийин экөөнү айткандарын алмаштырып, кайрадан айттырышып сындашат. Эки манасчыга төрт күнү-түнү «Манас» айттырышып, экөөнө тең жакшы баа беришип, ат тартып, тон кийгизишет (Макелек Өмүрбай, «Жусуп Мамай». «“Кыргызстан Маданияты”», 1988, № 41). Кезегинде Назар манасчы менен А-ынан кийин Тыныбектин даңкы чыга баштаган.
С. Төлөгөнова

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Белгилүү бир маселе боюнча түрдүүчө ойлорун ортого салып, бири-бирине карата айтылган талаш-тартыш; диспут; дискуссия. Бул маселе боюнча далай айтыш-тартыштар болгон. 2. Төкмө ырчылардын бири-бири менен алым сабак айтып, көпчүлүк алдында сынашып ырдагандары; сөз жарышы. Айтыш жарты сааттай созулду (Элебаев). Барпы айтышка түшө баштаган маалда бул өнөрдүн классикалык улуу доору өкүм сүрүп турганы баарыга маалым (Даутов). 3. Сөз кайтарып кагыша түшүү; каяша кылып, өйдө-төмөн дешүү, урушуп калуу. Жигит да кабагын түйүп, албууттанып айтыша кетти (Сасыкбаев). Савельев курбусу менен абдан айтышып, сөз талашып калган (Сасыкбаев). Калбүбү бригадир менен айтыша кетти («Чалкан»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от айтыш- II
1. натравливать друг на друга, вызывать ссору, сеять вражду;
экөөн айтыштырып койдуң ты их двоих стравил, посеял между ними вражду;
2. заставить состязаться в пении;
ырчы айтыштыр- заставить певцов состязаться в пении.

Киргизско-русский словарь Юдахина
и. д. от айтыш- II
1. рассказывание друг другу или состязание в рассказывании;
жомок айтышууга киришишти они принялись (то один, то другой) рассказывать сказки;
2. препирательство, ссора;
катуу айтышуу крупный разговор;
3. состязание акынов в импровизации (см. айтыш I 3);
кайым айтышуу см. кайым III.