Киргизско-русский словарь Юдахина
түн I
ночь;
түнү менен или түнү бою всю ночь; на протяжении ночи;
барган адамды түнү менен кайра жөнөтсүн человека, который поедет (к нему), пусть он в ту же ночь отправит обратно;
бүгүн түнү сегодня ночью (в предстоящую ночь);
күнү-түнү или күндүр-түндүр и днём и ночью; круглые сутки;
ал түндө или али түндө (или алтүндө) предстоящей ночью;
качан? алтүндөбү? когда? сегодня (предстоящей) ночью?
ал түндө окуп чыгам сегодня ночью прочту;
түндөгү түнү или түндөгү түндө прошлой ночью; вчера ночью;
жети түндө по ночам, среди ночи;
жети түндө мында эмне кылып жүрөсүң? ты что здесь по ночам делаешь? что тебе здесь среди ночи нужно?
жети түндө эле эшиктен дүбүрт чыкты, карасам - баланча экен среди ночи за дверью топот раздался, а это, оказывается, такой-то;
каран түн сал- навлечь беду, принести несчастье;
караган түндө с предшеств. дат. п. в ночь на...;
25-январга караган түндө в ночь на 25-ое января;
кыштын сары түнүндө в длинную зимнюю ночь;
буурул түн белая ночь;
түн кат- ехать всю ночь;
уктаган уйку алат, түн каткан жылкы алат погов. кто спит, тот сон получает, а кто ночью ездит, тот коней добывает (в старом быту захват чужих табунов обычно происходил ночью);
торпокту алса, ким алды? түн каткандын бири алды стих. если взял (украл) телёнка, то кто взял? взял тот, кто ночью ездит;
түн ката или түн катып всю ночь, ночью;
түн ката кайра узатышкан ночью проводили обратно;
эч жанга көрүнбөй, түн катып быякка чаптым я скакал сюда всю ночь, не показываясь ни единой душе;
түн каткандан туулган или түн катардан туулган родившийся от случайной связи;
түн катардай эл эмес не безродное (не неизвестного происхождения) племя;
түн катырып, көчүрүп жиберди он ночью выселил;
түн сакта- бодрствовать всю ночь;
аза күтүп, түн сактап стих. оплакивая (умершего) и всю ночь бодрствуя;
түн жак полночная сторона; север;
түндөгү вчерашний;
түндөгү түлкү - бүгүнкү күлкү погов. вчера красовался, сегодня попался (букв. вчерашняя лиса - сегодняшний смех);
көй түн то же, что көйтүн.
түн II
парное к үн.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сутканын иңир киргенден таң атканга чейинки мезгили. Иңир басып, түн кирет (Токомбаев). Түн. Ай сүттөй жарык (Баялинов). Түн ортосу эчак ооган (Баялинов). Унутуп тааныш обонду, Түн ичи сүтак сайраган (Закирова). Мен да издейм балалыгым суу астынан, Түндө ыйлаган мынабу жалгыз куштай (Байгазиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от түндө-;
түндөтүп ночью, по ночам, ночами;
ачка бойдон иштетет күнү менен түндөтүп фольк. днём и ночью заставляет работать, моря голодом (т.е. работать заставляет, а есть не даёт).

Киргизско-русский словарь Юдахина
(или түндөтөдөн бери)
с ночи, с самой ночи;
Насипа түндөтөн бери, "жүрөгүм" деп, чыдабайт Насипа с самой ночи жалуется на сердце, не может терпеть;
түндөтөн бери издеп убара болдум я с самой ночи мучился в поисках.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. ночной; длительность в одну ночь;
бир түндүк жол путь, который можно покрыть за одну ночь;
2. ужин, ночная пища; ночное угощение;
түндүгүнө бээ союп, түштүгүнө тай союп фольк. на ужин закалывая кобылиц, на обед закалывая жеребят;
түштүгүнө кой союп, түндүгүнө тай союп фольк. на обед закалывая овец, на ужин закалывая жеребят;
3. сев. северный;
түндүк-батыш северо-запад; северо-западный;
түндүк-чыгыш северо-восток; северо-восточный;
4. верхний деревянный круг остова юрты, держащийся на верхних концах уук'ов (см. уук I);
түндүктүн көзү отверстия түндүк'е, в которые вставляются верхние концы уук'ов;
түндүк или түндүк жабуу кусок войлока, служащий для закрывания түндүк'а;
түндүк тарт- отдёргивать түндүк, открывать түндүк;
күн чыкса, Ажар түндүктү тартпайт беле? если бы солнце взошло, то разве Аджар не отдёрнула бы түндүк?
айыл үйлөрүнүн түндүктөрү тартыла электе когда түндүк'и в юртах аула ещё не открывались (т.е. рано утром);
түндүктү жап- задёргивать түндүк, закрывать түндүк;
түндүк көтөр- ставить юрту (гл. обр. свадебную);
түндүк көтөрүү тою пир по случаю установки (свадебной) юрты;
түндүк көтөрөр то же, что өргөө көтөрөр (см. өргөө 1);
5. мера длины: нитка с нанизанными на неё бусами;
бир (эки, үч) түндүк шуру алдым я купил один (два, три и т.д.) түндүк бус;
6. обод;
түндүгүн түшүр-
1) разгромить (его);
2) разг. лишить девственности;
түндүгү түшсүн! чтоб ему провалиться!, чтобы ему разориться!;
бир түндүктөн күн көр- жить вместе; жить под одной кровлей;
түндүгү бөлөк он живёт отдельно, самостоятельно;
түндүктөн куюлуп тургандай как из рога изобилия.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
II зат. Жер шарынын төрт тарабынын бир жагы, түштүк тараптын карама-каршы жагы. Түндүк, түштүк, батыш, чыгыш жагында, Асман тиреп, Ала-Тоолор заңкайган (Калык). Түндүк чыгыш. Түндүк-батыш.
ТҮНДҮК III зат. Жипке тизилген шурунун узундук чени, өлчөмү. Бир түндүк шуру. Эки түндүк шуру. Үч түндүк шуру.
ТҮНДҮК IV сын. Бир тун убактысына туура келген. Бир түндүк жол. Эки түндүк иш.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
«Аталар түндүгүн көтөрүп, энелер уугун улаган» бул — боз үйдүн очогу, түтүн чыгуучу, жарык берүүчү жери, боз үйдүн борбору. Жыгаччылыкта боз үйдүн түндүгүн кармоо ар бир эле чебердин колунан анча келе бербейт. Уук, кереге матоого караганда түндүк ийүүнүн түйшүгү андан ашып түшөт. Түндүк боз үйдүн тигилишинде тең салмакты кармап, анан көз тойгондой көркөм көрүнүшү аркылуу сынакай калктын элегинен өтөт. Түндүкчүлөр жеринен сейрек учурайт. Бул болсо өнөрдүн өтө кылдаттыгын, татаалдыгын, сыпаалыгын, жана оордугун аныктайт.
      Айрым чеберлердин түндүк узануу дүкөнү — тегерек дөңгөлөк. Оболу, талды, же теректи кыйып келет. Жогоруда айтылгандай, корго салып кызытып алат. Түндүк жыгачы жоон болгондуктан, кызытууга эки-үч саат убакыт кетет. Тигил дөңгөлөк дүкөнүн төрт-беш жеринде чынжыры, башы иймектей үч лому болот. Жаактык жыгачты кызыткандан кийин дөңгөлөккө алып келип чынжыр, ломдун жардамы менен жаадай кылып, керип бекитилет. Ал бир ай бою жаткан жеринде кургатылат. Түндүктүн экинчи жаагын жасоодо да ушул ыкма дал өзүндөй кайталанат. Түндүктүн жаагы жыгачтын шартына жараша эки-үч бөлүктөн турушу ыктымал. Ошентип, түндүктүн тегерегин (айланасын) бүткөндөн кийин анын чамгарагы салынат. Түндүк чамгарагы үч-төрт чыбыктан турат. Анын уук көздөрү тегерете көзөлөт.
      Түндүктү жасоодо чеберлер бутагы жок кайыңды да тандашат. Мурун мунун ички бети чабылат. Жай мезгилде отуз күндө жыгач табына келе кургайт да, өзүнүн тезине салынат. Түндүк тези да кайыңдан жасалат. Аны беш-алты киши араң ийип, аркан-кендир менен байлап, башын куушуруп бириктирет. Анан анын сырткы кабыгына аарчып, дагы он беш күнчө кургатылууга коюлат. Көзү да үшкү аркылуу көзөлөт.
      Кээ бир түндүкчүлөр буга турпан талды пайдаланат. Аны кыркып келип, жара чаап узундугу 3 метр, кыкка көөмп койсо, жыгач эки күндө былкылдап жибийт. Аны тезге коет. Ага эки-үч адамдын колу керек. Тезден чыккан түндүктү жер казыкка кагып, ошого жатак алдырат. Андан кийин тегиздеп чаап, бурама аркылуу карматып көзөйт. Муну ычытып көзөөчү курал «чулгуур» деп аталат. Уук-кереге жана түндүк кармоо үчүн усталардын дүкөнү болот. Түндүк кармаган адам боз үй жасай алат. Абалы цемент куюп, жаа кылып, чебер аны 180 ошого айлантып коет. Түндүктүк жыгач жарым айда кургатылат. Түндүктүн жарым үлгүсү үч метр болушу керек. Түндүктүн талдын ичке башы сегиз-он см ге барабар. Аны 5—6—8-см кылып, төрт бурчтуу чаап сүрүп, анан «кызытуу» дүкөнүнө салат. Ошондо он алты талды бир салып, эки саат кайнатабыз да, четинен тезге коёбуз.
      Түндүктүн жоондугу 28—30 см болушу керек. Чамгарагы үч жарым см, тегереги (диаметри) 11 — 13 см ге барабар келет. Мында алты чамгарак үч-үчтөн кайчыланат. Мунун ар биринин аралыктары 10—13 см болушу тийиш. Ушул түндүк 55—65—75 баш үйлөргө шартташат. Түндүктө эки жарым үлүш жаа бар. Мунун ар бир жаасы үч метрден ченелет. Андагы эки жаанын биригишинде бир метрдей жыгачтын учу эки жаанын катталышы үчүн пайдаланылат. Ошондо эки биригиштин ортосу он см болот. Мында баарын эсептегенде 30 см ичинен биригип турат. Түндүк көздөрүнүн тактыгы жана төптүгү болот. Ар бир көзөнөктүн сырты эки чарчы см, ичи болсо эки жарым чарчы метр, көзөнөктөрдүн арасы, мисалы, 75 баштуу үйдө жети см, 65 баштуусунда сегиз см, 55 баштуусунда 9 см болуп өлчөнүп алынат. Чамгарактары жылдырбай кармашы жана байлашы үчүн үчөөнү бириктирип турган жазы кооз жыгач жаткырылат. Анын узундугу чамгарактын үчөөсүнүн жазысынан бир аз ашып турушу тийиш. Ал 40 см дей келет. Түндүк көзөнөгүнүн ички бетине дат баспас үчүн ортосунан зым уруп да коюшат. Ал уук учунун ичине чыгып кетпейт да, уук учу жакшы көрүнөт.
      Көпчүлүк жерлерде түндүктүн негизги жердигин талдан, теректен тандашат. Түндүктүн төрт талаасына кооздук үчүн шакек коюп, ага түрлөнтүп, оюм-чийим түшүрүү нускасы да бар. Түндүктүн чамгарагына кулжанын мүйүзүн, же күмүш чегеленген шакек койгон усталар да элибизге таандык. Түндүк көздөрүнүн ууктун башы чыкпас үчүн бөрктүү төбөлөмө жасалгандар кездешет.
      Түндүк жасоонун дагы башкараак мына мындай ыкмасын да айта кетебиз. Муну жасоо үчүн айрым чеберлер кара жыгачты керектөөдө. Анткени, ал абдан катуу келет. Тең жара бөлүнгөн түндүктүн жыгачты узун бочкага төрт сааттай кайнатат. Мында балпылдап жумшарган жыгач кадимки чөп тырмоочу машинанын дөңгөлөгүнө бекитилет. Шамалдуу жайда бир нече күнчө как кургаган соң эки жаак эми үйдүн формасына карай ортосунан кыйыштыра ашталат. Бул жерден чаткалдык түндүк жасоочулар тууралуу да айта кетүү зарыл. Алар ийри кайыңдан кыркып келип, анын кабыгын аарчып, бир жылча эски саманга көөмп, табы келген чакта чабат. Мында беш-алты бөлүктөн турган чабакты бири-бирине жиксиз кынаштыра алып, түндүк жасаганын көрөбүз.
      Илгерки чеберлер көлөмүнө карата түз жайга төрт алты балбан казык кагып, түндүктүн жаасын ошого жатак алдырган. Жаа аябай кынапталышы үчүн анын айрым жерлерине жыгач шынаа урулган да, түндүк жаткан жайында кургатылган. Ашталган түндүктүн эки жаасын шакекче аркылуу экиден төрт бурама менен карматылат. Түндүк көзүнүн аралыгы төрт см ден болот. Ал 22—23 мм болгон кол бургу аркылуу көзөлөт. Төрт чарчы болуп, уук учтары сайылат. Мында уук имерилбейт. Шамалда түндүк айланбай, бири-бирине тирешип, туруктуу абалды сактоо үчүн мунун беш көзүн оңго, бешөөн солго бурай көзөйт. Мурда азыркыдай техникалык жарак-жабдыктар дээрлик жок кезде түндүктүн бөлүктөрүн кумдуу кийиз менен жылмалоочу. Азыркы чеберлер кагаз өгөөнү пайдаланышат. Түндүккө да кол жеткиздей көркөм көрчөгөрлөр урулат.
      Усталар түндүккө түбүнөн түз чыккан жоон талдарды тандашат. Мында да жерден килемче болуп чыккан тал табылгыс жердик болот. Түндүктү усталар эки-үч бөлүккө бөлүп ийип жүрөт. Муну антип кургатып олтурбайт. Илгери түндүктүн айланасын жерге чийип алып, аркы-терки казык урулган. Түндүктүн жыгачты «корго» алып, казыктардын арасында ийилип, ошол жактан жайында кургатылган. Эми болсо түндүктүн додей жер казып алып, ороо кылып, айланага ийип коюп, ошол бойдон кургатат. Ийине келе кургаган эки-үч жааны алып туруп, бири-бирине кынап, кадоо аркылуу бекитилет. Илгерки чеберлер шири коюп, чылгый көк менен таңганда, ал катып, укмуштай бек болгон. («Катуулугу ширидей» деген сөз бар.)
      Темирден жасалган төрт кырдуу, учу учтуу, жыгачты көзөй турган курал «чулгуур» менен түндүк тешиктери көзөлөт. Мунун эки-үч түрү болот, биринчиси, из, кичине тешик салып кетет; экинчиси, ал изди чоңойтот; кеңейтип кетет, үчүнчүсү, ууктун учу баткандай көзөйт. Буларды биринен сала бирин отто ысытып туруу керек. Мында түндүктүн тешиктери уук сайылган тараптан баштап, ички бетине чейинки жантаймалуулугу 45° га барабар болот.
      Түндүктүн жыгачы кайыңдан да, кара талдан да, өрүктөн да тандалат. Мунун жоондугу бирдей болот. Ал эки кыйыктан (бөлүк) турат. Талдан жасалган түндүк жеңил көрүнөт. Кайыңдын түндүгү, кара жыгачтын түндүгү салмактуу келет. Ошол түндүктү «тепме түндүк» дейбиз. Ага уук да жакшы сайылат. Муну кыйып келээри менен аарчый коюп, сомдоп кургатып алып, он күндөй сууга салсаң ным араң өтөт. Корго салаарың менен чөп тырмоонун дөңгөлөгүнө жатак алдырат. Ал бир айда барып кургайт. Түндүк боз үйдүн өлчөмүнө карата аныкталат. 80 баш үйдүн түндүгүнүн айланасы 4 метр 80 см, 60 баш үйдүн түндүгү 4 метр 20 см болот. Мунсуз үйдүн сыны чыкпайт.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Жер шарынын төрт тарабынын бирин билдирген түндүк сөзү түн+дүк бөлүктөрүнөн турат. Анын уңгусу түн сөзү, ага -лык мүчөсү уланган. Төрт тараптын түндүк жагында Күн көрүнбөйт. Ошондуктан ал тарап түндүк аталган. Байыркы түрктөр төрт тарапты өзүнүн чыгышты карап турган абалы боюнча аныктаган. Анткени күндүн чыгышы менен сутка да башталат деп билген. Ошол сутка башталган мезгил Күн чыгыш жактан көрүнгөн учурга туура келгендиктен, чар тарапты чыгыштан баштап Күндүн батышты көздөй жылган жолу боюнча уланткан. Күндүн чыгыш менен батыштын ортосуна келген мезгилин түш деп билип, ал жакты түштүк атаган.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
Боз үйдүн өрө кийизинин бир түрү. Ал түндүктүн чоңдугуна жараша бычылат. Төрт бурч болжолдо 2x2 метрдей болот. Үзүктөй, туурдуктай эле «жээктелет». Анан төрт бурчуна тагылган төрт эшме боону бел кырчоого байлайт. Тастар жип деп аталган алдыңкы эшик жактагы боо бош ташталат. Түндүк жабууга бакан тирегенде тешибеске тастар жип кадалган бурчунун ич жагына калың тумарча кийиз тигилет. Тастар боо түндүктү жаап жана ачып турат. Түндүк жабууну чүпүрөк менен ичтеп, ага кооз шырдак оюму да берилген.
      Түндүк жабуунун төрт бурчунун ички тарабына үч бурчтуу кийиз тигилет. Ал «Калтача» деп аталат. Күн жааган чакта үйдүн ичинен бакандын учун киргизип, түндүк жабууну көтөрүүгө шартташкан.
      Ак өргөөлөрдүн түндүк жабуусунун ичи адими кездемелерден астарланып, ага да шырдак оюмдарын түшүрүүгө көңүл бурулган. Алсак төрт «табак» же «капкан» оюмдары берилип, мунун ичи төрт «жүрөкчөдөн» турат. Оюмдун төрт жеринен «мүйүз оюму» чыгат да, төрт оюм бири-бирине төрт тарабынан төп жана так тутумдашат. Буга ак-кара, кызыл-көк, кызыл-кара өңдөр мүнөздүү болот.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Боз үйдүн төбөсүндөгү ууктун учтары киргизилип тиреп туруучу тегерек жыгач. Түндүгүнө уук саюу. Түндүк жасаган уста. 2. Боз үйдүн ушул бөлүгүнө жабылуучу кийиз жабуу. Чырак эшикке чыгып, боз үйдүн түндүгүн тартып келди («Жомоктор»). Тартылуу түндүк ак үйгө, Талыкшып уктап жатуучу (Казыбек).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Түн кирүү, караңгылоо. Түн ичинде, түнкүсүн жол тартуу, түнү менен, караңгыда жүрүп отуруу. Түн жамынып, ушул татаал жолдо беш атчан келе жатты («Ала-Тоо»). Түн жамынып, жылкы алганы келген ууру эмес элем (Сыдыкбеков). В.: Түн катуу. Нүзүп түн катып Таласты көздөй жол тартты (Касымбеков). Түн катып жол жүргөн адамча уйку-сураган ким болуп кетти? («Чалкан»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
түнкүсүн, түнүнкүсүн
ночью, по ночам;
түнүнкүсүн уйку жок, күндүзүндө тынчы жок фольк. ночью сна ему нет, днём покоя ему нет;
түнкүсүн түшүнөн кетпейт, күндүзү тынчтык бербейт ночью всё время снится, днём покоя не даёт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Түн ичинде, түн убагында. Курсагы тоюп, түнкүсүн жамбашынан сыз өтпөсө, кой жарыктык кыштын суугуна да моюн бербейт (Убукеев). Түнкүсүн өтө сак болгун, Уйку душман эмеспи (Жантөшев). Түнкүсүн көлдү айланат бир жалгыз куш, Кыйкуулап караңгыда үнүн баспай (Байгазиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
место ночлега; ночлег (птичий, овечий);
сатылбайм акчасы көп мырзага, өзүм табам ылайыктуу түнөктү стих. не продамся я богатому (деньгами) господину, сама найду подобающее пристанище;
түнөк күн бедственное положение, несчастье;
түнөк күндү не салдың? фольк. зачем наслал ты (на меня) несчастье?

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Канаттуулардын түн ичинде конуучу жери; түнөп чыгуучу, түнкүсүн жатуучу жайы. Тоокторду иңирде түнөгүнөн кармамак болушту (Каимов). Мамбеткул койду түнөккө имерип койду (Абдумомунов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Канаттуулардын, малдын ж. б. түн ичинде конуучу жери, түнөп чыгуучу, түнкүсүн жатуучу жайы. Тоокторду иңирде түнөгүнөн кармамак болушту (Каимов). Мамбеткул койду түнөккө имерип койду (Абдумомунов).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Караңгы тартуу, ачык болбой карара баштоо, бүркөлүү, күүгүмдөнүү. Асман түнөрүп, уйгу-туйгу жаап келген (Жантөшев). Айыл жакты караба, Тоо жак түнөрөт эле түнөрөт (Шүкүрбеков).
2. өт. Кабагын бүркөө, каардуу кейипте болуу. Үй ээси түнөргөндөн кийин, эч ким сүйлөбөй, үй ичинин үрөйү кетти (Каимов). Элемандын Төштүгү Караргандан түнөрдү («Эр Табылды»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. чуть виднеться чернея; чернеть вдали;
түнөргөн токой тёмный лес (издали);
күн түнөрүп, түн болуп стих. солнце померкло, наступила ночь;
2. перен. (о человеке) мрачнеть;
түнөрүп капалуу (он) мрачен и печален;
кабагы түнөрдү у него брови нахмурены, вид у него мрачный.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Караңгы тартуу, ачык болбой карара баштоо, бүркөлүү, күүгүмдөнүү. Асман түнөрүп, уйгу-туйгу жаап келген (Жантөшев). Айыл жакты караба, Тоо жак түнөрөт эле түнөрөт (Шүкүрбеков). 2. өт. Кабагын бүркөгөн, каарданган кейипте болуу. Үй ээси түнөргөндөн кийин, эч ким сүйлөбөй, үй ичинин үрөйү кетти (Каимов). Элемандын Төштүгү, Караргандан түнөрдү («Эр Табылды»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от түнөр-;
айыл үстүн түнөрткөн кара булут чёрные тучи, мрачно нависшие над аулом;
көздөрүн түнөртүп (он) сузив глаза (внимательно смотрит);
кабак түнөрт- нахмурить брови, нахмуриться.

Киргизско-русский словарь Юдахина
помутневший, потускневший; представляющийся в виде тёмной массы;
түк эчтеме көрүнбөйт түнөрүңкү көзүнө фольк. его помутневшим глазам ничего не видно;
асман түнөрүңкү небо слегка нахмурилось;
түнт токойлуу жер көрүп, түнөрүңкү эл көрүп фольк. увидев издали землю с дремучим лесом, увидев издали толпы народа;
түнөрүңкү көрүнгөн тууган жерим карааны фольк. смутно виднеющиеся очертания моей родной земли;
зоолор түнөрүңкү, жылдыздар сумсайыңкы скалы мрачны, звёзды мутны.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от. түнө-
заставить ночевать; оставить на ночь;
кошоматчы кууларды кондурба да, түнөтпө фольк. льстецам и хитрецам не позволяй останавливаться (у тебя) и ночевать (т.е. не принимай как гостей).

Киргизско-русский словарь Юдахина
замкнутый; неразговорчивый, нелюдимый;
түнт киши сумрачный, замкнутый человек;
түнт токой тёмный, дремучий лес;
түнтөй- быть дремучим (о лесе), быть густым, тенистым (о саде).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Калың, чытырман, жыш (мис., токой). Карагайдын түнт жерлерин аралап, Бугу турат, боюн күүлөп даңкайып (Осмонкул). Тетиги коктунун тескей тарабы калың арча, арасы адам өткүс түнт (Жантөшев).
2. Сөзгө сараң, көп сүйлөбөгөн, ичим тап (адам жөнүндө). Жылдызкан барган сайын түнт болуп, кабагы ачылбайт (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Калың, чытырман, жыш (мис. токой). Карагайдын түнт жерлерин аралап, Бугу турат, боюн күүлөп даңкайып (Осмонкул). Тетиги коктунун тескей тарабы калың арча, арасы адам өткүс түнт (Жантөшев). 2. Сөзгө сараң, көп сүйлөбөгөн, ичим тап (адам жөнүндө). Жылдызкан барган сайын түнт болуп, кабагы ачылбайт (Байтемиров).