ТҮНКҮСҮН
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Түн ичинде, түн убагында. Курсагы тоюп, түнкүсүн жамбашынан сыз өтпөсө, кой жарыктык кыштын суугуна да моюн бербейт (Убукеев). Түнкүсүн өтө сак болгун, Уйку душман эмеспи (Жантөшев). Түнкүсүн көлдү айланат бир жалгыз куш, Кыйкуулап караңгыда үнүн баспай (Байгазиев).