түнөр
Толковый словарь кыргызского языка (1969)этиш. 1. Караңгы тартуу, ачык болбой карара баштоо, бүркөлүү, күүгүмдөнүү. Асман түнөрүп, уйгу-туйгу жаап келген (Жантөшев). Айыл жакты караба, Тоо жак түнөрөт эле түнөрөт (Шүкүрбеков).
2. өт. Кабагын бүркөө, каардуу кейипте болуу. Үй ээси түнөргөндөн кийин, эч ким сүйлөбөй, үй ичинин үрөйү кетти (Каимов). Элемандын Төштүгү Караргандан түнөрдү («Эр Табылды»).
2. өт. Кабагын бүркөө, каардуу кейипте болуу. Үй ээси түнөргөндөн кийин, эч ким сүйлөбөй, үй ичинин үрөйү кетти (Каимов). Элемандын Төштүгү Караргандан түнөрдү («Эр Табылды»).