ТҮНДҮК
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаЖер шарынын төрт тарабынын бирин билдирген түндүк сөзү түн+дүк бөлүктөрүнөн турат. Анын уңгусу түн сөзү, ага -лык мүчөсү уланган. Төрт тараптын түндүк жагында Күн көрүнбөйт. Ошондуктан ал тарап түндүк аталган. Байыркы түрктөр төрт тарапты өзүнүн чыгышты карап турган абалы боюнча аныктаган. Анткени күндүн чыгышы менен сутка да башталат деп билген. Ошол сутка башталган мезгил Күн чыгыш жактан көрүнгөн учурга туура келгендиктен, чар тарапты чыгыштан баштап Күндүн батышты көздөй жылган жолу боюнча уланткан. Күндүн чыгыш менен батыштын ортосуна келген мезгилин түш деп билип, ал жакты түштүк атаган.