Киргизско-русский словарь Юдахина
место ночлега; ночлег (птичий, овечий);
сатылбайм акчасы көп мырзага, өзүм табам ылайыктуу түнөктү стих. не продамся я богатому (деньгами) господину, сама найду подобающее пристанище;
түнөк күн бедственное положение, несчастье;
түнөк күндү не салдың? фольк. зачем наслал ты (на меня) несчастье?

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Канаттуулардын түн ичинде конуучу жери; түнөп чыгуучу, түнкүсүн жатуучу жайы. Тоокторду иңирде түнөгүнөн кармамак болушту (Каимов). Мамбеткул койду түнөккө имерип койду (Абдумомунов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Канаттуулардын, малдын ж. б. түн ичинде конуучу жери, түнөп чыгуучу, түнкүсүн жатуучу жайы. Тоокторду иңирде түнөгүнөн кармамак болушту (Каимов). Мамбеткул койду түнөккө имерип койду (Абдумомунов).