гора, горы; ала тоо снеговые горы, горы с вечным снегом; кара тоо горы, с которых летом сходит снежный покров; кар жатпаган кара тоо горы, на которых не держится снег; тешкен тоо или тешик тоо уст. туннель; жанар тоо уст. вулкан; тоо кен жумуштары горнорудное дело; тоо өнөр жайы горная промышленность; тоо өнөр жай району горнопромышленный район; тоо теги или тоо породасы горная порода; тоодой громадный, огромный; громадина; кырманда буудай тоодой үйүлүп жаткан на току лежала гора пшеницы; "тоодоюм Манас колдо" - деп, ордунан тура калды эми фольк. он вскочил, сказав "помоги, мой великан Манас!"; тоодой бак огромное счастье; Опол тоодой или Ополдун тоосундай громадина; громаднейший; Опол тоодой киши отурса, көзүнө илбей кантет? как он может не замечать сидящего огромного человека? айбаты тоодой его грозность беспредельна; тоо сагыз уст. тау-сагыз; керме тоо айтыш- чуйск. крупно поговорить, сильно повздорить; жаман керме тоо айтыштыңар го а ведь вы здорово повздорили; барар жери, басар тоосу жок (или калбады) (см.бас- IV); тоо таян- (см.таян-); ойду-тоону айта бер- (см.ой II).
зат. Айланадагы жерден же дөңсөөлөрдөн алда канча жогору көтөрүлүп турган бийиктик. Аркар, кулжа жайлаган, Тоосу сонун биздин эл (Осмонкул). Көрүнгөн тоонун ыраагы жок (макал).
♦Жанартоо — эс. вулкан. Тоотеке — жапайы эчкинин эркеги. Мүйүзү каркайган тоо теке... куланып келип койчунун тушуна жатып калды (Сасыкбаев). Тоо эчки — жапайы эчки. Тоо эчкилер кыраңды көздөй безип бара жаткан экен (Сасыкбаев).
тоо тоо беде тоо жамынуу тоо-кен иши тоону томкоруу тоо пияз тоо сагыз (бот.) тоо таранчы тоо-таш тоо тек тоо теке тоо-тоо тоо чегиртке (биол.) тоо эчки
1. Айланадагы жерден же дөңсөөлөрдөн алда канча жогору көтөрүлүп турган бийиктик. Аркар, кулжа жайлаган, Тоосу сонун биздин эл (Осмонкул). Көрүнгөн тоонун ыраагы жок (макал). Тоолор, тоолор, Ала-Тоодой Айтматов, Өтөөрбүз биз Жер жүзүнө жар салып (Акматалиев). 2. Кандайдыр бир нерселердин көп болуп чогултулган, үйүлгөн абалы. Тоо-тоо болгон кызылча.
зат. Мойну узун, катуу жүгүрө алган, аңчылык кылынуучу чоң талаа кушу. Табына келсе ак шумкар, Тоодакты көрсө теминет (Осмонкул). Тоодагы боздо топтогон, Чөптүн гүлүн оттогон (Тоголок Молдо).
Мойну узун, катуу жүгүрө алган, аңчылык кылынуучу чоң талаа кушу. Табына келсе ак шумкар, Тоодакты көрсө теминет (Осмонкул). Тоодагы боздо топтогон, Чөптүн гүлүн оттогон (Тоголок Молдо).
сын. Абдан чоң, ири, көлөмү жагынан чоң, эбегейсиз зор. Чөптү тоодой көп кылган, Төгөрөгүн чеп кылган (Тоголок Молдо). Эти тоодой, Ысык-Көлдөй чык болор (Аалы). Ашырдын кубанычы тоодой болгон эле (Сасыкбаев).
Абдан чоң, ири, көлөмү жагынан эбегейсиз зор. Чөптү тоодой көп кылган, Төгөрөгүн чеп кылган (Тоголок Молдо). Эти тоодой, Ысык-Көлдөй чык болор (Токомбаев). Ашырдын кубанычы тоодой болгон эле (Сасыкбаев).
Тоо аралап, тоого далдаланып, тоону байырлап. Тоо жамынып каракчы, баскынчылыкка өткөндөр бар. Ал эми тоо жамынган каракчылардын толорсугун кыркууга Нарындан атайын адамдар аттанып чыккан (Бейшеналиев).
Тоо аралап, тоого далдаланып, тоону байырлап. Тоо жамынып каракчы, баскынчылыкка өткөндөр бар. Ал эми тоо жамынган каракчылардын толорсугун кыркууга Нарындан атайын адамдар аттанып чыккан (Бейшеналиев).
зат.1. Жумуртка алуу жана эт үчүн багып өстүрүлүүчү үй кушу. Аппак тооктор жөжөлөрүн ээрчитип, оттоп жүрөт кужулдашып кыдыңдап (Аалы). Бирөөнүн тоогун жесең, каз байла (макал).
2. Мүчөлдүн онунчу жылы. Тоок жылы туулган.
Жумуртка алуу жана эт үчүн багып өстүрүлүүчү үй кушу. Аппак тооктор жөжөлөрүн ээрчитип, оттоп жүрөт кужулдашып кыдыңдап (Токомбаев). Бирөөнүн тоогун жесең, канжыгасына каз байла (макал). 2. Мүчөлдүн онунчу жылы. Тоок жылы туулган.
Азыркы кыргызча тоок сөзү байыркы түрк тилинде такагу//такыгу //такук түрүндө айтылган (ДТС, 536). Бул сөз ошол кездеги тилде тооктун үнүн туураган сөз болгон. Азыркы кыргыз тилинде короздун кыйкырганын кукукук же кукуук деп туураган сыяктуу ал кезде такагу//такук деп туураган. Ошол туураган сөз кийин канаттуунун атын билдирип калган.
Кыргыз тилиндеги тоок сөзү такук вариантынан келип чыккан дешке болот. Анткени дифтонгулуу говорлордо товук түрүндө айтылат да, байыркы к тыбышы сөздүн ортосунда в тыбышына айланып, сөздүн эң аягында үндүү тыбыш айтылбайт. Дифтонг түрүндөгү в тыбышынын түшүп калышынын натыйжасында товук сөзү тоук>тоок болуп өзгөргөн.
ТОО-КЕН ЖЕРИН БӨЛҮП БЕРҮҮ – пайдалуу кен байлыктарды өнөр жайлык негизде иштетүү үчүн бөлүнүп берилген жана 3 өлчөмдүү тик бурчтуу координаталардын бурчтук чекиттеринде чийме документтерде сүрөттөлгөн жер байлыгынын участогу.
горный, гористый; тоолуу жер горная или гористая местность; тоолуу жер, карсыз болбос погов. горная местность не бывает без снега; тоолуу өлкө горная страна; бийик тоолуу жайыт высокогорное пастбище.
Тоосу бар, тоосу көп, тоолор менен курчалган. Тоолу жер карсыз болбос (макал). Тогуз-Торо жерлерин, Тоолуу бийик белдерин (Тоголок Молдо). Тоолуу жергем токтоду да тушума, Толгоп жатты тогуз түрлүү добушун (Келдибекова).
ТООЛУУ АЙМАКТАРДЫН МОНИТОРИНГИ – артыкчылыктарды негиздөө, милдеттерди аныктоо, чыр-чатактарды, мамлекеттик тоо саясатын ишке ашырууну кечеңдетүүчү факторлорду аныктоо үчүн пайдаланылуучу маалыматтарды эсепке алуунун, жыйноонун, талдоонун жана таратуунун дайыма колдонулуучу тутуму.
1. след, направление дороги; жол тоому эки айрылат дорога раздваивается; тогуз жолдун тоому распутье (букв. место соединения или разделения девяти дорог); жалгыз аттын сокур тоом жолу едва заметная тропинка; темир жолдун тоому полотно железной дороги; 2. ж.-д. узел; темир жол тоому железнодорожный узел; 3. место соединения позвонков; сөздүн тоому направление разговора; предполагаемый результат разговора; сокур тоом билдим я как будто немного догадываюсь; узаткандын жолдоштукка тоому жок погов. провожающий к спутникам не причисляется.
зат. Жолдордун ар тараптан келип кошулган жери. Биз жаңыдан жол тоомуна келгенде, Шыңгыр обон сөздү бөлдү, каратты (Аалы).
♦Сокуртоом — билинер-билинбес из. Сокур тоом жол менен, Сууну бойлоп жүгүрдү (Осмонкул).
Иштин майын чыгара иштөө, колунан кандай гана иш болбосун бүткөрүп салуу. Силердей болсом тоону томкоруп, иштин жүрөгүн түшүрбөс белем, – дейт (Токомбаев).
ар. 1. рел. (о паломниках) хождение вокруг священного места, вокруг святыни (первоначально вокруг Каабы); поклонение священному месту, святыне; 2. перен. смиренное оказание почестей, почтения; тооп кыл- оказывать почести, оказывать почтение; катын түгүл, эркекке тооп кылып койчу эмес фольк. она не только женщине, но (даже) мужчине не оказывала почтения.
1. дин. Ыйык, касиеттүү жерлерде болуп, ага сыйынуучулук табынуучулук. Карагаттай кайран көз, Камчы бою жаш кеткен. Тооп кылып чыркырап, Токтобой ыйлап буркурап, Эгемден сурап баланы («Манас»). 2. Кадырлап урмат көрсөтүүчүлүк. Катын түгүл, эркекке тооп кылып койчу эмес («Манас»). Тооп кылып жүрүүчү («Семетей» С. К.). Атамды көрөр менен тооп этпей, Караймын энди кантип деди жүзүн («Эл адабияты»). Ал акырын эңкейип, акылман капыздын этегине тооп кылды (Касымбеков).
этиш.1. Тегерене басып аңдуу, аңдып артына, изине түшүү; аңдып, имерчиктеп байкоого алуу. Бир бөдөнө көрүп, ошону тоорудум (Жантөшев). [Жума] кыштан бери биздин үйдү тооруду да калды (Жантөшев).
2. Ордо ойнунда чийинге жакын турган чүкөнү тышка чыгара, абалагын болсо ичке калтырууга аракеттенип атуу.
1. подкарауливать; выслеживать разведывая, ходить вокруг; целиться, примеряться взглядом (напр. при игре в бабки перед ударом); тундө айылды ууру тооруду ночью вор выслеживал аул; кыштан бери биздин уйду тооруду да калды он с зимы неотступно следил за нашим домом; бөдөнө тоору- ходить вокруг затаившейся в траве перепёлки, постепенно суживая круг; бөдөнөнү тооруп чаап алдым я убил (палкой, плетью) перепёлку, обойдя её несколько раз; бир бөдөнө көрүп, ошону тоорудум я заметил перепёлку и ходил вокруг (чтобы поймать её); кулаалы, чөжөлөрдүн үстүндө айланып, тооруп жүрөт коршун выслеживает цыплят, кружась над ними; бөдөнөдөй тооруп турат он всё ходит вокруг, чтобы, улучив момент, наброситься; тооруган бука көздөнүп повернув голову и дико глядя исподлобья (букв. глазами уподобившись быку, готовому к схватке); айыктыңбы, жан боорум, тооруган кесел-оорудан? фольк. оправился ли ты, мой родной, от болезни-хворобы, которая тебя одолевала? сен мени көп тооруба не морочь мне голову; не заговаривай мне зубы; 2. (при игре в ордо, см.ордо 3) бить альчик, стоящий у круга, в свою сторону так, чтобы биту оттянуть к центру.
1. Тегерене басып аңдуу, аңдып артына, изине түшүү; аңдып, имерчиктеп байкоого алуу. Бир бөдөнө көрүп, ошону тоорудум (Жантөшев). Жума кыштан бери биздин үйдү тооруду да калды (Жантөшев). 2. Ордо ойнунда чийинге жакын турган чүкөнү тышка чыгара, абалагын болсо ичке калтырууга аракеттенип атуу.
(или торук) р. 1. торги, аукцион; тоорук кылып сат- принудительно продать с торгов, с аукциона, с молотка; үй-мүлкүң тоорук болот твой дом и имущество пойдут с молотка; 2. разг. конфискация; тоорук болгон киши человек, имущество которого конфисковано; малы тоорук болуп кетти у него скот конфискован.
Орус тилиндеги торг «сатуу» деген сөздөн улам пайда болгон. Аукцион маанисинде колдонулат. // Торгоду болуш сөзүӊдү, тоорук кылды өзүӊдү (Тоголок Молдо). Оозеки тилде «конфискация» маанисинде да колдонулат: малы тоорук болуп кетти. Бул мааниси орус тилинде жок.
ТООРУК – айрым келишимдерди (соода-сатык, алып келүү, жалдама ж. б.) түзүүнүн атаандаштык тартиби. Т. аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт. Чет өлкөлүк (эларалык) аталгытаанууда жана КРдин айрым ченемдик актыларында Т. (конкурстук тариздеги) тендер деп аталат. Келишим Т-та утуп алган жак менен түзүлөт. Т-тун уюштуруучусу катары буюмдун ээси же мүлк укугунун ээлик кылуучусу, болбосо адистешкен уюм чыгуусу мүмкүн, ал буюмдун ээси же мүлк укугунун ээлик кылуучусу менен түзүлгөн келишимдин негизинде аракеттенет жана алардын же өз атынан чыгат. Мыйзамда белгиленген эрежелерди бузуу менен өткөрүлгөн Т. кызыкдар жактын доо арызы боюнча жараксыз деп табылуусу мүмкүн.
сүйл. 1. Кандайдыр бир буюмду, мүлктү ж. б. эл алдында кыйкырып жогорку баа төлөгөн кишиге сатуусу соода, аукцион. 2. сүйл. Конфискация, конфискациялоого туш келген абал. Тоорук болгон киши. Тоорук кылуу. Малы тоорук болуу.
тоорул I разведка, дозор; "тоорулга барып келемин" деп, токтотуп койду кошунду фольк. он остановил войско, чтобы (самому) съездить на разведку; тоорулдагы төрт баатыр, карап жатты, таң атты стих. четыре богатыря, что были в дозоре, смотрели, наступил рассвет. тоорул- II страд. оттоору- 1; топтошуп тургандарды тоорула карап койду столпившихся он окинул недоброжелательным взглядом; атасы анын зор улук, Кокондон келди тоорулуп фольк. отец его большой начальник, приехал из Коканда с опаской, объездом.
1. Алыстан абай салган чалгын, душмандын чегин тооруган (айлана бастырып) чалгын. Жалпы эле чалгын маанисинде да айтыла берет. Тоорулга жүрсө жол болгон («Манас» С. О.). Тоорулдан эрдик кылган деп, Тоо кыргызы мактасын («Эр Табылды»). 2. Кароолго чыгуу, багуу, көзөмөлгө алуу, байкоо. Кору чубар көп бээден, Тоорулга минер ат туубайт («Эл адабияты»). Тоорулдагы төрт баатыр, Карап жатты, таң атты («Эр Табылды»). 3. Айыл тооруп жүргөн (ууру) киши. Кайгуул эмес тоорулдун, Караанын көрсө тепсеген («Эл адабияты»).
~: тоорумай сал- пытаться как бы ненароком высмотреть или обиняками выспросить; сизге тоорумай салып келдим я пришёл к вам, думая, не получу ли чего-нибудь, не перепадёт ли что-нибудь от вас.
~: тоорумак ат- то же, чтотоору- 2; тоорумак тооруп атканда, ичке түштү зор Манас фольк. великан Манас, ударив альчик, оказался внутри круга (в выгодном для игроков положении).
Ордо оюнунда чийинге жакын турган чүкөнү тооруп сыртка чыгара, томпоюн, абалагын ичке калтыра атууга аракет кылуу абалы, кырдаалы. Тоорумак тооруп атканда, Ичке түштү зор Манас («Манас»).
Баш мээде тасма мите курттардын пайда болуусунан келип чыккан малдын, көбүнчө кой-эчкилердин кежең оорусу, айлампаш, көк мээ оорусу. Тоорункай болуп өлүү.
взаимн. оттоору- 1. выслеживать друг друга; повернув голову, исподлобья настороженно следить за движениями друг друга (напр. о быках, приготовившихся к бою); балбандар ортого чыкты, тоорушту бойцы вышли на круг, измеряя взглядом друг друга; тоорушуп келген букача, тогошуп өттук нукушуп стих. (мы перед борьбой) посмотрели друг на друга, как быки, готовые к схватке, миновали друг друга, чуть подтолкнув друг друга; 2. совместно производить разведку; тоорулду бирге тооруштук, күлүктү бирге жооруттук фольк. разведку мы вместе проводили, скакунов (длительной ездой) мы вместе доводили до ссадин.
этиш. Теңине алып көңүл буруу, теңсинген же теңсинбеген мамилесин билдирүү, кандайдыр бир таасирди сезүү. Тогузуң бирге мен жалгыз, Тоотсом бүгүн оңбоймун («Мендирман»). [Гулайым] мени тоотобу жокпу? (Бейшеналиев). Чилде ызгаарын тоотпой, Чыңайлы булчуң денени (Осмонкул).
только в отриц. форме или в отриц. обороте: мени тоотпой койду он меня ни во что не ставит, он на меня никакого внимания не обращает; сөзүн тоотпой койду он не внял его словам, он не послушался его; жаш баланы ал тоотмок беле, өзүң бар разве он послушается малого ребёнка, ты сам пойди; бүгүнкү суукту тоотор эмес сегодняшний мороз ему нипочём; ал законду тоотпойт он с законом не считается; ему на закон наплевать; бул жерде мени тооткон жакшы комузчулар жок здесь нет хороших комузчи, которые бы признавали меня; толкуган калын кол келсе, тоотпогон мен элем стих. это я, которому нипочём даже мощная волна (вражеского) войска; кишини тоотуп, уялып да койбойт он ни чуточки не стыдится людей; "айлымды тоотпой аралап, бу келиши жаман" деп фольк. то, что он бродит по моему аулу без опаски, - это, мол, плохо.
Теңине алып көңүл буруу, теңсинген же теңсинбеген мамилесин билдирүү, кандайдыр бир таасирди сезүү. Тогузуң бирге мен жалгыз, Тоотсом бүгүн оңбоймун («Мендирман»). Гүлайым мени тоотобу, жокпу? (Бейшеналиев). Чилде ызгаарын тоотпой, Чыңайлы булчуң денени (Осмонкул).
безразличие, безразличное отношение; тоют маселесине тоотпостук кылышат к вопросу о кормах они проявляют безразличие, вопросу кормов они не придают значения; тоотпостук көрсөт- проявить невнимание, безразличие.
ТОО УКУГУ – тоо-кен өнөржай чөйрөсүндө жана ага байланышкан ишмердүүлүктө мүлктүк, жер, эмгек, каржы, административдик, жаратылышты коргоонун коомдук мамилелерин жөнгө салуучу укук ченемдеринин тутумун түшүндүрүүчү комплекстүү укук тармагы; илимий жана окуу сабагы.