Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Тегерене басып аңдуу, аңдып артына, изине түшүү; аңдып, имерчиктеп байкоого алуу. Бир бөдөнө көрүп, ошону тоорудум (Жантөшев). [Жума] кыштан бери биздин үйдү тооруду да калды (Жантөшев).
2. Ордо ойнунда чийинге жакын турган чүкөнү тышка чыгара, абалагын болсо ичке калтырууга аракеттенип атуу.