Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы кыргызча тоок сөзү байыркы түрк тилинде такагу//такыгу //такук түрүндө айтылган (ДТС, 536). Бул сөз ошол кездеги тилде тооктун үнүн туураган сөз болгон. Азыркы кыргыз тилинде короздун кыйкырганын кукукук же кукуук деп туураган сыяктуу ал кезде такагу//такук деп туураган. Ошол туураган сөз кийин канаттуунун атын билдирип калган. Кыргыз тилиндеги тоок сөзү такук вариантынан келип чыккан дешке болот. Анткени дифтонгулуу говорлордо товук түрүндө айтылат да, байыркы к тыбышы сөздүн ортосунда в тыбышына айланып, сөздүн эң аягында үндүү тыбыш айтылбайт. Дифтонг түрүндөгү в тыбышынын түшүп калышынын натыйжасында товук сөзү тоук>тоок болуп өзгөргөн.