тоорук
Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюдыОрус тилиндеги торг «сатуу» деген сөздөн улам пайда болгон. Аукцион маанисинде колдонулат. // Торгоду болуш сөзүӊдү, тоорук кылды өзүӊдү (Тоголок Молдо). Оозеки тилде «конфискация» маанисинде да колдонулат: малы тоорук болуп кетти. Бул мааниси орус тилинде жок.