ТООП
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. дин. Ыйык, касиеттүү жерлерде болуп, ага сыйынуучулук табынуучулук. Карагаттай кайран көз, Камчы бою жаш кеткен. Тооп кылып чыркырап, Токтобой ыйлап буркурап, Эгемден сурап баланы («Манас»). 2. Кадырлап урмат көрсөтүүчүлүк. Катын түгүл, эркекке тооп кылып койчу эмес («Манас»). Тооп кылып жүрүүчү («Семетей» С. К.). Атамды көрөр менен тооп этпей, Караймын энди кантип деди жүзүн («Эл адабияты»). Ал акырын эңкейип, акылман капыздын этегине тооп кылды (Касымбеков).