Киргизско-русский словарь Юдахина
(или торук)
р.
1. торги, аукцион;
тоорук кылып сат- принудительно продать с торгов, с аукциона, с молотка;
үй-мүлкүң тоорук болот твой дом и имущество пойдут с молотка;
2. разг. конфискация;
тоорук болгон киши человек, имущество которого конфисковано;
малы тоорук болуп кетти у него скот конфискован.

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Орус тилиндеги торг «сатуу» деген сөздөн улам пайда болгон. Аукцион маанисинде колдонулат. // Торгоду болуш сөзүӊдү, тоорук кылды өзүӊдү (Тоголок Молдо). Оозеки тилде «конфискация» маанисинде да колдонулат: малы тоорук болуп кетти. Бул мааниси орус тилинде жок.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТООРУК – айрым келишимдерди (соода-сатык, алып келүү, жалдама ж. б.) түзүүнүн атаандаштык тартиби. Т. аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт. Чет өлкөлүк (эларалык) аталгытаанууда жана КРдин айрым ченемдик актыларында Т. (конкурстук тариздеги) тендер деп аталат. Келишим Т-та утуп алган жак менен түзүлөт. Т-тун уюштуруучусу катары буюмдун ээси же мүлк укугунун ээлик кылуучусу, болбосо адистешкен уюм чыгуусу мүмкүн, ал буюмдун ээси же мүлк укугунун ээлик кылуучусу менен түзүлгөн келишимдин негизинде аракеттенет жана алардын же өз атынан чыгат. Мыйзамда белгиленген эрежелерди бузуу менен өткөрүлгөн Т. кызыкдар жактын доо арызы боюнча жараксыз деп табылуусу мүмкүн.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
сүйл. 1. Кандайдыр бир буюмду, мүлктү ж. б. эл алдында кыйкырып жогорку баа төлөгөн кишиге сатуусу соода, аукцион. 2. сүйл. Конфискация, конфискациялоого туш келген абал. Тоорук болгон киши. Тоорук кылуу. Малы тоорук болуу.