Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Алыстан абай салган чалгын, душмандын чегин тооруган (айлана бастырып) чалгын. Жалпы эле чалгын маанисинде да айтыла берет. Тоорулга жүрсө жол болгон («Манас» С. О.). Тоорулдан эрдик кылган деп, Тоо кыргызы мактасын («Эр Табылды»). 2. Кароолго чыгуу, багуу, көзөмөлгө алуу, байкоо. Кору чубар көп бээден, Тоорулга минер ат туубайт («Эл адабияты»). Тоорулдагы төрт баатыр, Карап жатты, таң атты («Эр Табылды»). 3. Айыл тооруп жүргөн (ууру) киши. Кайгуул эмес тоорулдун, Караанын көрсө тепсеген («Эл адабияты»).