Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Айланадагы жерден же дөңсөөлөрдөн алда канча жогору көтөрүлүп турган бийиктик. Аркар, кулжа жайлаган, Тоосу сонун биздин эл (Осмонкул). Көрүнгөн тоонун ыраагы жок (макал). Тоолор, тоолор, Ала-Тоодой Айтматов, Өтөөрбүз биз Жер жүзүнө жар салып (Акматалиев). 2. Кандайдыр бир нерселердин көп болуп чогултулган, үйүлгөн абалы. Тоо-тоо болгон кызылча.