Киргизско-русский словарь Юдахина
жон I
1. спинной хребет;
жоктун жону катуу, өгүздүн мойну катуу погов. у бедняка спина крепка, у быка шея крепка;
жон түй-
1) сгорбиться;
2) перен. не придавать значения, не обращать внимания;
жон талаштыра чап или жон талаштыра сал- или жон талаштыра ур- ударить по спине;
2. гребень (горы);
туу жон гребень горного хребта;
туу жондо на самом гребне;
мурундун жону хребет носа;
жон тартып жерге баткан тамыр корень (дерева), выпятившийся горбом и ушедший в землю;
жону жукарды
1) (об овце) похудела; отощала;
2) он заплошал (обеднел и т.п.);
жон ал-
1) (об овце) ожиреть, потучнеть;
семиргенде жон алган, майың кана куба кой? фольк. где же тот жир твой, белая овечка, который ты набрала?
2) заправиться (материально);
жонун бас- щупать спину (овцы, чтобы определить тучность);
кыштан жондорун ачпай чыгышат (овцы) за зиму не похудеют;
жону ачылбаган кой овца, сохранившая своё тело (не похудевшая);
жон көрсөт- или жон көргөз- выказывать силу; храбриться, пугая силой, авторитетом; возноситься;
жон көрсөтүп калды он забрал силу, он вознёсся;
жон көргөзүп жатууга жаңгыз атар дары жок фольк. показать бы свою силу (врагу), да пороха и на заряд нет;
жон сал- смело объявиться, перестать скрываться (напр. о человеке, который находится на нелегальном положении);
жону калың богач, толстосум;
жону жука неимущий, бедный;
жонубуз жука у нас ничего нет, мы бедны;
ал бирөөнүн жонунан оокат кылат он живёт за счёт других, тунеядствует;
жалпы жонунан айтканда вообще говоря;
жон жору см. жору II.
жон- II
обтёсывать, обстругивать;
жыгач жондум я обстругивал палку.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1 Кыр арка, арка жак. Жонуна асынган баштыгы бар солдат.. трибунаны көздөй келе жатты (Сасыкбаев). Жонуңа чейин баткак жабыштырыпсың (Сыдыкбеков).
  1. 2.           Аркага, кыр арканын эки жак жээгине бүткөн май. Семиргенден жон алдың, Тоодой болуп ком алдың (Тоголок Молдо).
  2. 3.           Тоонун же дөбөнүн кыры, үстү жагы. Жонду бербейт оттоп жаткан кой, жылкы (Үмөталиев). Ар бир түрдүү сонун чөп Ыргалып турат жондордо (Тоголок Молдо). Бозоргон чөпкө өңдөшүп, Бөрүлөр жатчу жондобуз (Маликов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Дененин кыр аркага тушташ келген далы жак сырты, малдын, айбандардын кыр тарта жондонуп кеткен арка бөлүгү. Жонунда асынган баштыгы бар солдат трибунаны көздөй келе жатты. (Сасыкбаев). Жонуңа чейин баткак жабыштырыпсың (Сыдыкбеков). Абылкасым атынын жонун иш менен сүрө кетти (Байтемиров). 2. Тоонун же дөбөнүн кыры, жумуру тартып кеткен үстү жагы. Жонду бербейт оттоп жаткан көп жылкы (Үмөталиев). Ар бир түрдүү сонун чөп, Ыргалып турат жондордо (Тоголок Молдо). Мына жонго чыгууга аз калышты (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жылмалоо, тегиздөө, бир нерсе жасоо, керектүү формага келтирүү үчүн жукалап кесүү, кайпыта тегиздей кесүү, үстүртөн жондото кесүү. Кетмендин сабын жонуп, короодо атам отурганын көрдүм («Жаш ленинчи»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Семирүү, эттенүү. Кой семирип жон алды, Жон алганда мол алды. (Тоголок Молдо). Жайлоо чөбү жакшы чыкса да, мал кечигип жон алды (Каимов). 2. Оңолуу, тирденүү, байый баштоо. Кудайга шүгүр, азыр оңолуп, жон алып калган кезиби, - деп күлүп койду («Кыргызстан маданияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Семирүү, эттенүү. Кой семирип жон алды, Жон алганда мол алды. (Тоголок Молдо). Жайлоо чөбү жакшы чыкса да, мал кечигип жон алды (Каимов). 2. Оңолуу, тирденүү, байый баштоо. Кудайга шүгүр, азыр оңолуп, жон алып калган кезиби, – деп күлүп койду («Кыргызстан маданияты»).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Айрым жерлерде жонгучка//жоңгурчка//жоңучка//жонуска түрүндө айтылган сөз башка түрк тилдеринде да бар, ал сөз иранча беде деген сөз түрк тилдерине кабыл алынганга чейин түрктөр колдонулуп келген сөзү болгон. Ал йорунчка түрүндө айтыларын XI кылымда Махмуд Кашгари белгилеген. Ошол кездеги йорунчка сөзү азыркы кыргыз говорлорундагы жонгучка деген сөздүн жонгурчка болуп айтылган түрүнүн н жана р тыбыштары гипертезаланган варианты болуп эсептелет. Жонгучка сөзү жонгуч+ка бөлүктөрүнөн турат, жонгуч деген уңгусу азыркыча «мингич, жылкы» дегенге туура келет, ал эми -ка мүчөсү –чычырканак, алтыгана, караган деген сөздөрдө -канак, -гана, -ган түрүндө уланган мүчөнүн кыскарган варианты. Жалпысынан жонгучка «жылкы жечү чөп» дегенге жакын маани туюнткан. Жонгуч уңгусу байыркы түрк эстеликтериндеги йонт «жылкы» деген сөзгө туура келет. Алгач йонгут деген сөз болгону болжолдонот, ал «мингич» дегенди билдирген. Сөздүн аягындагы т тыбышы ч тыбышына өтүүдөн кыргыз тилиндеги «мингич» келип чыкса, байыркы түрк эстеликтеринде -гут мүчөсү башкы тыбыштарын түшүрүп, -т (д) түрүнө келип, йонт//йунд сөзү келип чыккан.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. двигаться по гребню горы;
2. жить за чей-л. счёт;
ал сени жондоп жүрөт он живёт за твой счёт;
сырттан жондо- обмануть, обдурить кого-л., пользуясь чужим именем;
Акматтан ала турган акчамды Карабай сыртымдан жондоп кетти деньги, которые мне следовало получить с Ахмета, обманным путём (от моего имени) получил Карабай.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жон аркылуу өтүү, жон менен жүрүү. Кой жайган, жондоп тосуп, жондон-жонго (Турусбеков). 2. Жонунан, сыртынан пайдалануу. Акматтан ала турган акчамды Карабай сыртымдан жондоп кетти («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от жондо-
1. пухнуть, вздуваться;
камчы тийген жер, бүлөөдөй болуп, жондонуп чыккан место, которого коснулась плеть, вспухло наподобие точильного бруска;
2. перен. уподобляться в отношении спины; быть похожим спиной на кого-что-л.;
камандай жондонгон он выгнул спину, как вепрь;
деп, ошентип эр Коңур, ала тоодой жондонуп, ач жолборстой комдонуп фольк. так вот богатырь Конгур вздулся, как снеговая гора, и изготовился, как голодный тигр;
3. перен. набираться сил.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көтөрүлүп, көбүңкү тартып шишип чыгуу. Камчы тийген жер бүлөөдөй болуп жондонуп чыккан. 2. Жон-жон болуп, жон сыяктуу көрүнүү. Ала-Тоодой жондонуп, Ач жолборстой комдонуп («Семетей»). 3. Жон алуу, семире баштоо, эттенип семирүү. Койлор жондонуп калды.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от жондо-
действовать дипломатично, вести разговор вокруг да около, обтекаемо;
сиз өтө эле жондотуп бара жатасыз, ток этер жерин айтыңызчы вы ведёте разговор очень уж расплывчато, говорите-ка самую суть.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖОНДУК — эпизоддук кейипкер. Бээжинге элчи барган Билерикти кармап, Эсенкандын алдына тартууга алып барганда Нескара Ж-ту Билерик менен согушуп өлдү дейт (Саякбай Каралаев, 1. 119).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. имеющий хребет;
2. перен. в теле, жирный;
төө комдуу калды, кой жондуу калды стих. верблюд с седлом остался, овца с хребтом (т.е. жирная) осталась (для проводов благополучно прошедшей зимы);
жыртык жондуу оборванец.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөз жонконуңду кий, жонконун бермек беле деген сыяктуу учурларда айтылып, эч нерсеси жок болсо деген контекст менен бирге келет. Ушундай учурда жонкон деген сөздү жон тери деген тизмек менен алмаштырып, жон териңди кий, жон терисин бермек беле деп айтууга болот. Алмаштырып айтылган жон тери деген сөз тизмеги түшүнүктүү болуп тургандыктан, жонкон сөзүнүн келип чыгышы ага салыштырылып, оңой эле далилденет. Жонкон алгачкы жон+көн деген эки сөздүн биригишинен жаралган, жону-жон, көнү-тери маанисиндеги сөз. Азыр деле өзүнчө айтылган көн сөзү алдындагы жон сөзүндөгү о тыбышына карата ө тыбышын өзгөртүп жиберип, кон түрүнө келип калган.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
(үч кыр өрүм) — жөнөкөй өрүмдүн бир түрү. Жалаң гана кайышты тилүү аркылуу буюмду жүзөгө ашыруучу өнөр. Чебер 12—14—16 талга чейин жазы да, ичке да тилет. Өрүмдүн бул ыкмасында көк астыңкы бетинен каз таңдайлашып, бири-биринен шарттуу өтүшөт. Анда талы үзүлүп-кесилип калса, өрүм түк жанбайт. Себеби, «жон өрүмү» үч кырдуу, кайыштын ар бир талы үстүңкү кырдан кезек-кезек өтүшүп, алдын карай айланып турат. Бул өрүм кооз да, бышык да болот. «Жон өрүмү» менен жүргөн, көмөлдүрүк, куюшкан, чабалон жасалат.
      Чеберлердин өрүмдөрүндө ич ара өзгөчөлүктөрү байкалат. Жон өрүм он-он эки талдан да турат. Буюмду ого бетер сыйдалатуу үчүн жука кайыштан он эки талды тилип, жүгөн өрсө, анын жому (жону) экиден, он талдан жону бир-бирден кетет. Аны Ат-Башы, Нарын тарапта «Балык жон өрүмү» деп да айтышат. «Балык жон» өрүмүнө он эки тал кайышты алат. Ал алтыдан экиге бөлүнөт. Ошондо ортодон баштап өргөндө аягы өйдө төртүнчү , тал кайра башынан ылдый үчүнчү болуп түшүп, ал жон үстүнө чыгат. Ошол эле тараптан четки талды алып, экөөнүн үстүнө чыгарат да, үчөөнүн астына кайра түшүрөт. Анда бир жагы жети, бир тарабы беш тал болот. Ал жети талдын үчүнчүсүн оңдон солго оодарат. Ошол эле он жактагы эң четки талды алып, эки талды басып, үч талдын астынан өткөрөт. Мына ушул ыкманы өрүмчүлөр таасын аткарганда гана өрүмдүн асты жалпак, үстү жон болуп калат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тери. 2. Бүткөн бой, дене. Адам турмуштун ысык, суугун өзүнүн жон териси менен сезмейинче аны жакшы тааный албайт тура («Кыргыз руху»). Өлүм коркунучу эмне экендигин ошондо жон терим менен сезгендей болдум («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан катуу жазалоо, уруп-сабоо, сазайын окутуу, жазасын колуна берүү, кыйноо. Эмне карап турасың! Соккула! Жон терисин сыйыргыла! – деп ортодогусу булдурсун менен тартып, тартып ийди (Бейшеналиев). А, бүгүн кылмыш кылсаң демек, Ал үчүн жон териңди сыйруу керек (Борбугулов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан катуу жазалоо, уруп-сабоо, сазайын окутуу, жазасын колуна берүү, кыйноо. Эмне карап турасың! Соккула! Жон терисин сыйыргыла! - деп ортодогусу булдурсун менен тартып, тартып ийди (Бейшеналиев). А бүгүн кылмыш кылсаң демек, Ал үчүн жон териңди сыйруу керек (Борбугулов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Колунда жок, жарды, оокат-тиричилиги жетишсиз. Жокчулуктан жонуңар жука болуп турганда жок намыстын кереги эмне? (Убукеев). Жону жука болгон менен акылга, адамкерчиликке калбаат тегирменчи ынагын уяткарбоо үчүн баралы деди (Бейшеналиев). Жонуңар жука экенин билип турганда, жок намыстын кереги эмне? – деди Зуура (Убукеев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Колунда жок, жоксуз, жарды, кедей. Жону жука болгон менен акылга, адамкерчиликке калбаат тегирменчи ынагын уят-карбоо үчүн баралы де да (Бейшеналиев). Жонуңар жука экенин билип турганда, жок намыстын кереги эмне? - деди Зуура (Убукеев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Арыктоо, этинен түшүү, азып-тозо баштоо, начарлай баштоо. Жаз катаал болуп, койлордун жону жукарып калды («Советтик Кыргызстан»). 2. Колунда жок, жоксуз абалга келүү, кедейленүү, жардылануу. Элдин жону жукарып, арыз айтуулар, нары карап күңкүлдөп сөгүнүүлөр күндөн-күнгө көбөйүп баратат (Касымбеков). Колдо эч нерсе жок жонубуз жукарып турган кез («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Арыктоо, этинен түшүү, азып-тозо баштоо, начарлай баштоо. Жаз катаал болуп, койлордун жону жукарып калды. 2. Колунда жок, жардылык абалга келүү, кедейленүү. Элдин жону жукарып, арыз айтуулар, нары карап күңкүлдөп сөгүнүүлөр күндөн-күнгө көбөйүп баратат (Касымбеков). Колдо эч нерсе жок жонубуз жукарып турган кез («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Үстүртөн, сыртынан, бирөөнүн эсебинен, жалпысынан, жалпы үстүнөн. Элдин жонунан сатып жүргөн сен калбаганда мен каламбы (Турусбеков). Тим эле жонунан башкарам деп Мамбеткул бакылдайт (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Уруп-сабап көргүлүктү көрсөтүү, абдан кыйноо, сазайын колуна берүү, катуу жазалоо. Тигил катынын ээн бастырбай жонунан кайыш алып турсун (Сыдыкбеков). Мейли, жонумдан кайыш алса да макул болбойм («Кыргызстан аялдары»). В.: Жонунан кайыш тилүү. Жоо бекинсе сырт жакка, Жонунан кайыш тилейин («Эр Табылды»). Жонунан кайыш тилип, бутуна кишен салдырып, Сары-Кашканы бактырып коём (Көчкөнов). Тирүүлөй жондорунан кайыш тилген, Калса эгер төлөй албай алсыз карып (Абдыраманов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Уруп-сабап көргүлүктү көрсөтүү, абдан кыйноо, сазайын колуна берүү, катуу жазалоо. Тигил катынын ээн бастырбай жонунан кайыш алып турсун (Сыдыкбеков). Мейли, жонумдан кайыш алса да макул болбойм («Кыргызстан аялдары»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Тоготпоо, сестенбөө, теңине албаган, жактырбаган, көңүлдөнбөгөн түр көрсөтүү. Аларды ашкебилер деп эсептейт, салкын карат, жонун салат («Советтик Кыргызстан»). Кудайберген чынжырлуу жолборс да Тыныбек менен Султанаалыга кыр көрсөтүп, жонун салат (Каипов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тоготпоо, сестенбөө, теңине албаган, жактырбаган, көңүлдөнбөгөн түр көрсөтүү. Аларды ашкебилер деп эсептейт, салкын карап, жонун салат Кудайберген чынжырлуу жолборс да Тыныбек менен Султанаалыга кыр көрсөтүп, жонун салат (Каимов).