ЖОНУНАН КАЙЫШ АЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Уруп-сабап көргүлүктү көрсөтүү, абдан кыйноо, сазайын колуна берүү, катуу жазалоо. Тигил катынын ээн бастырбай жонунан кайыш алып турсун (Сыдыкбеков). Мейли, жонумдан кайыш алса да макул болбойм («Кыргызстан аялдары»). В.: Жонунан кайыш тилүү. Жоо бекинсе сырт жакка, Жонунан кайыш тилейин («Эр Табылды»). Жонунан кайыш тилип, бутуна кишен салдырып, Сары-Кашканы бактырып коём (Көчкөнов). Тирүүлөй жондорунан кайыш тилген, Калса эгер төлөй албай алсыз карып (Абдыраманов).