жон
Толковый словарь кыргызского языка (1969)I зат. 1 Кыр арка, арка жак. Жонуна асынган баштыгы бар солдат.. трибунаны көздөй келе жатты (Сасыкбаев). Жонуңа чейин баткак жабыштырыпсың (Сыдыкбеков).
- 2. Аркага, кыр арканын эки жак жээгине бүткөн май. Семиргенден жон алдың, Тоодой болуп ком алдың (Тоголок Молдо).
- 3. Тоонун же дөбөнүн кыры, үстү жагы. Жонду бербейт оттоп жаткан кой, жылкы (Үмөталиев). Ар бир түрдүү сонун чөп Ыргалып турат жондордо (Тоголок Молдо). Бозоргон чөпкө өңдөшүп, Бөрүлөр жатчу жондобуз (Маликов).