Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Дененин кыр аркага тушташ келген далы жак сырты, малдын, айбандардын кыр тарта жондонуп кеткен арка бөлүгү. Жонунда асынган баштыгы бар солдат трибунаны көздөй келе жатты. (Сасыкбаев). Жонуңа чейин баткак жабыштырыпсың (Сыдыкбеков). Абылкасым атынын жонун иш менен сүрө кетти (Байтемиров). 2. Тоонун же дөбөнүн кыры, жумуру тартып кеткен үстү жагы. Жонду бербейт оттоп жаткан көп жылкы (Үмөталиев). Ар бир түрдүү сонун чөп, Ыргалып турат жондордо (Тоголок Молдо). Мына жонго чыгууга аз калышты (Жантөшев).