ЖОНГУЧКА
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаАйрым жерлерде жонгучка//жоңгурчка//жоңучка//жонуска түрүндө айтылган сөз башка түрк тилдеринде да бар, ал сөз иранча беде деген сөз түрк тилдерине кабыл алынганга чейин түрктөр колдонулуп келген сөзү болгон. Ал йорунчка түрүндө айтыларын XI кылымда Махмуд Кашгари белгилеген. Ошол кездеги йорунчка сөзү азыркы кыргыз говорлорундагы жонгучка деген сөздүн жонгурчка болуп айтылган түрүнүн н жана р тыбыштары гипертезаланган варианты болуп эсептелет. Жонгучка сөзү жонгуч+ка бөлүктөрүнөн турат, жонгуч деген уңгусу азыркыча «мингич, жылкы» дегенге туура келет, ал эми -ка мүчөсү –чычырканак, алтыгана, караган деген сөздөрдө -канак, -гана, -ган түрүндө уланган мүчөнүн кыскарган варианты. Жалпысынан жонгучка «жылкы жечү чөп» дегенге жакын маани туюнткан. Жонгуч уңгусу байыркы түрк эстеликтериндеги йонт «жылкы» деген сөзгө туура келет. Алгач йонгут деген сөз болгону болжолдонот, ал «мингич» дегенди билдирген. Сөздүн аягындагы т тыбышы ч тыбышына өтүүдөн кыргыз тилиндеги «мингич» келип чыкса, байыркы түрк эстеликтеринде -гут мүчөсү башкы тыбыштарын түшүрүп, -т (д) түрүнө келип, йонт//йунд сөзү келип чыккан.