ЖОН ТЕРИСИН СЫЙРУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Абдан катуу жазалоо, уруп-сабоо, сазайын окутуу, жазасын колуна берүү, кыйноо. Эмне карап турасың! Соккула! Жон терисин сыйыргыла! – деп ортодогусу булдурсун менен тартып, тартып ийди (Бейшеналиев). А, бүгүн кылмыш кылсаң демек, Ал үчүн жон териңди сыйруу керек (Борбугулов).