ЖОНКОН
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаБул сөз жонконуңду кий, жонконун бермек беле деген сыяктуу учурларда айтылып, эч нерсеси жок болсо деген контекст менен бирге келет. Ушундай учурда жонкон деген сөздү жон тери деген тизмек менен алмаштырып, жон териңди кий, жон терисин бермек беле деп айтууга болот. Алмаштырып айтылган жон тери деген сөз тизмеги түшүнүктүү болуп тургандыктан, жонкон сөзүнүн келип чыгышы ага салыштырылып, оңой эле далилденет. Жонкон алгачкы жон+көн деген эки сөздүн биригишинен жаралган, жону-жон, көнү-тери маанисиндеги сөз. Азыр деле өзүнчө айтылган көн сөзү алдындагы жон сөзүндөгү о тыбышына карата ө тыбышын өзгөртүп жиберип, кон түрүнө келип калган.