ЖОНУ ЖУКАРУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Арыктоо, этинен түшүү, азып-тозо баштоо, начарлай баштоо. Жаз катаал болуп, койлордун жону жукарып калды («Советтик Кыргызстан»). 2. Колунда жок, жоксуз абалга келүү, кедейленүү, жардылануу. Элдин жону жукарып, арыз айтуулар, нары карап күңкүлдөп сөгүнүүлөр күндөн-күнгө көбөйүп баратат (Касымбеков). Колдо эч нерсе жок жонубуз жукарып турган кез («Ала-Тоо»).