Киргизско-русский словарь Юдахина
голос; звук; тон;
жоон үн низкий голос, низкий звук, низкий тон;
ичке үн высокий голос, высокий звук, высокий тон;
үнүн басаңдатып (он) понизив тон;
үн кат- или үн кош- или үн чыгар- издать звук, молвить;
үн катпастан молча;
үнү басылды он замолк;
үнүн басты он замолчал;
үнүн бастырды он заставил его замолчать;
булбул үнгө салды соловей запел;
үнүн бузуп алды он надорвал себе голос;
үн алыш- перекликаться;
массалардын үнүнө кулак сал- прислушиваться к голосу масс;
үн-түн жок ни звука; абсолютная тишина;
үн де- см. үндө- I 2.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Сүйлөгөндө, ырдаганда же кыйкырганда үн түйүнүнүн дирилдешинен пайда болгон добуш. Жайнаган көрктү куттуктап, Жан-жаныбар салат үн (Маликов). Курман үнүн көтөрүңкү чыгарды (Убукеев).
2. Вокалдык искусство үчүн материал болгон адам добушу. Үнүн жоготуу. Анын жакшынакай үнү бар.
3. Кээ бир заттардан чыккан дабыш, доош. Кошул-ташыл күү менен, Комуз үнү шаңкылдап (Тоголок Молдо). Балта, араанын үнү тарсылдап, [баганаларды] бекитип жатышты (Сасыкбаев). Паровоздун кыйкырган үнү (Жантөшев).
4. өт. Ой, пикир, айткан сөз. Партиянын үнүэлдин үнү. Массанын үнүн угуу.
Үн алышуу — биринен сала бири үн чыгаруу, биринен кийин бири ун салуу. Үч кара дөбөт үн алыша тосуп чыгышса да, Алыбектин үнүн угуп кайра тартышты (Жантөшев). Тарсылдаган балка, шаңкылдаган каңылтыр, араа жаңырыгы үн алышты (Сасыкбаев). Үн алышат гудоктору күркүрөп, Коммунизм коңгуроосун ургандай (Аалы). Үнү бүтүү — кардыгуу, үнү чыкпай калуу. Алыстан булдур кабарды Алыша албай кез-кезде, Эсиңде бардыр өткөн күн, Кардыгып үндөр бүткөн күн (Элебаев). Үнүн жасоо — ырдоого же сүрлөөгө камынып, тамагын кыруу. Салкын жел жанды ойготот, таң да атат. Ырчыча какырынып үнүн жасап (Турусбеков).

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
үн, үнгө
үн алгы
үн алгыч
үн алышуу
үн басаңдаткыч (тех.)
үн басымы (физ.)
үн жазгыч
үн жазма (диктофон)
үн жазуу (тех.)
үн кат-
үн катуу
үн күчөтүү (тех.)
үн оператору
үн талаасы (физ.)
үн чүмбөт
үн чыгаруу
үн чыгаруу (өкүрүү)
үн ылдамдыгы (физ.)
үнү бүтүү
үнү буулуу
үнү кудайга жетүү
үнү теңирге кетүү
үнү-дымы
үнүн баспоо
үнүн жасоо
үнүн көтөрүү
үнүң өчкүр

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сүйлөгөндө, ырдаганда же кыйкырганда үн түйүнүнүн дирилдешинен пайда болгон добуш. Алыска сапар алып, Үн салып кербен кетет (Токтогул ырчы). Жайнаган көрктү куттуктап, Жан-жаныбар салат үн (Маликов). Курман үнүн көтөрүңкү чыгарды (Убукеев). 2. Вокалдык искусство үчүн материал болгон адам добушу. Үнүн жоготуу. Анын жакшынакай үнү бар. 3. Кээ бир заттардан чыккан дабыш, доош. Кошул-ташыл күү менен, Комуз үнү шаңкылдап (Тоголок Молдо). Балта араанын үнү тарсылдап, баганаларды бекитип жатышты (Сасыкбаев). Паровоздун кыйкырган үнү (Жантөшев). 4. өт. Ой, пикир, айткан сөз. Элдин үнү. Массанын үнүн угуу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Биринен сала бири үн чыгаруу, жарыша үн чыгаруу. Үч кара дөбөт үн алыша тосуп чыгышса да, Алыбектин үнүн угуп кайра тартышты (Жантөшев). Тарсылдаган балка, шаңкылдаган каңылтыр, араа жаңырыгы үн алышты (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Үн чыгаруу, унчугуу; сайроо. Кабагын карыш салып, үндөбөй үйүнө кетти (Байтемиров). Байчечекей гүлдөсө, Шагында булбул үндөсө («Кыргыз фольклору»).
2. Чакыруу, чакырык кылуу. Эркелетип сылап коюп чачтарын, Кемпир чалдар эмгекке үндөйт жаштарын (Осмонкул). Эркиндикке элди үндөп, Ээ болдуң билим-сезимге (Калык).
3. Чакырып алуу, өзүнө келтирүү (колго багылган, тапталган алгыр куштарга карата). Ак шумкар учса асманга, Амалың болсо үндөп ал (Токтогул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
үндө- I
1. призывать (гл. обр. ловчую птицу);
2. (или үн де-) издавать звук, молвить;
күкүк үндөйт көктөмдө стих. кукушка кричит весной;
кеп сураса, үндөбөйт его спрашивают, а он молчит;
үндөбөгөн үйдөй балаадан кутулат погов. молчаливый от большой (букв. с юрту) беды избавляется;
Дыйканбай үн деген жок Дыйканбай промолчал;
үн дебестен басып кеткен он ушёл, не проронив ни слова.
үндө- II
южн.
(о знахаре) заговаривать;
тиш ооруну үндөгөндө башыга ак жоолук салат когда заговаривают зуб, на голову (болъного) накидывают белый платок.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Үн чыгаруу, унчугуу сайроо. Кабагын карыш салып, үндөбөй үйүнө кетти (Байтемиров). Байчечекей гүлдөсө, Шагында булбул үндөсө (фольк.). 2. Чакыруу, чакырык кылуу. Эркелетип сылап коюп чачтарын, Кемпир-чалдар эмгекке үндөйт жаштарын (Осмонкул). Эркиндикке элди үндөп, Ээ болдуң билим-сезимге (Калык). 3. Чакырып алуу, өзүнө келтирүү (колго багылган, тапталган алгыр куштарга карата). Ак шумкар учса асманга, Амалың болсо үндөп ал (Токтогул). 4. Арбоо, дарымдоо. Тиш ооруну үндөгөндө башына ак жоолук салат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
уподобляться в отношении голоса, голосом быть похожим на кого-что-л.;
булбулдун үнү үндөнөт голос её похож на голос соловья;
ач буурадай үндөнүп фольк. (богатыръ) вскричав голосом разъярённого верблюда-жеребца;
бала жолборс түрдөнүп, шумкар куштай үндөнүп фольк. (богатырь) по виду похожий на тигрёнка, голосом подобный кречету.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. звучный;
үндүү комуз звучный комуз;
2. лингв. гласный (звук);
арткы үндүү или жоон үндүү гласный заднего ряда;
кууш үндүү узкий гласный;
кең үндүү широкий гласный;
эрин үндүү губной гласный;
3. звуковой;
үндүү фильм звуковой фильм.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Үнү жакшы чыккан, үнү жагымдуу, шаңгыраган. Колума алып күүлөсөм, Кошулушуп сүйлөсөм, Кооз үндүү комузум (Токтогул). Үндүү комуз. Үндүү коңгуроо.
2. лингв. Айтылганда ооздон чыккан аба жолтоолукка учурабастан, эркин чыгып, үндүн катышуусунан пайда болуучу тыбыш (мис.: а, э, о ж. б.).
3. Үнү бар, үн чыгарган, сүйлөй турган. Үндүү фильм.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Үнү жакшы чыккан, үнү жагымдуу, шаңгыраган. Колума алып күүлөсөм, Кошулушуп сүйлөсөм, Кооз үндүү комузум (Токтогул). Үндүү комуз. Үндүү коңгуроо. 2. лингв. Айтылганда ооздон чыккан аба жолтоолукка учурабастан, эркин чыгып, үндүн катышуусунан пайда болуучу тыбыш (мис., а, э, о ж.б.). 3. Үнү бар, үн чыгарган, сүйлөй турган. Үндүү фильм.

Русско-кыргызский словарь переводов Чоробека Сааданбекова

ҮНДҮҮ ТЫБЫШТАР (вокализмдер)

Кыргыз адабий тилинин үндүүлөр системасы 14 формадан турат. Алардын сегизи кыска (а, э, о, ө, у, ү, ы, и), алтоо созулма (аа, оо, ээ, өө, уу, үү) үндүүлөр ич ара:

  • Тилдин катышына/турушуна же горизонталдык абалына карай: жоон (а, о, у, ы) ↔ ичке үндүүлөр (э, и, ө, ү);
  • Жаактын ачылышына (же тилдин вертикал абалына) карата: кең (а, э, о, ө) ↔ кууш (и, у, ү, ы) үндүүлөр;
  • Эриндин чормоюшуна карай: эриндүү (о, ө, у, ү) ↔ ачык же жалжагай (а, э, и, ы) үндүүлөр;
  • Кеткен убакыттын бирдигине же үн узундугуна карай: кыска (а, и, о, э. ө, у, ү, ы) ↔ созулма (аа, оо, өө, уу, үү, ээ) үндүүлөр. (Биздин оюбузча, практикалык жактан алганда, мындайча бөлүштүрүү студенттерге жеткиликтүү, алгылыктуу сезилет).

Мына ушундай бөлүштүрүүдөн, көз караштан улам ар бир тыбышка өзүнчө кыскача мүнөздөмө берүүгө болот. Мисалы, [а] тыбышына токтолсок, 1) жоон; 2) кең; 3) жалжагай; 4) кыска (текстке, шартка, алынган мисалга, сөзгө жараша созулма да, кыска да болот). Чечмелеп айтканда, [а] тыбышы тилдин түп жагында, ооз көңдөйүнүн кең ачылып, эриндердин бейтарап абалда турушу менен жасалат.

Үндүү тыбыштардын ар бири сүйлөө кебинде, шартка жараша ар кандай кубулушка (сегменттик жана суперсегменттик абалга) туш болот, мындайча айтканда, бир эле үндүү фонема фонетикалык кырдаалга (сүйлөөнүн темпине, жанаша турган тыбыштардын таасирине, сөз ичинде алган ордуна, позициясына, текстке, контекстке жана башка жагдайларга) жараша созулуп же кыска болуп айтыла берет. Бул өзү тыбыштык аллофонду пайда кылат жана бардык эле учурда үндүүлөрдүн созулуп айтылышы фонемалык касиетке/сапатка ээ боло бербейт дегендикти билдирет.

Вокализм (латынча vocalis - үндүү), консонантизм (латынча - үнсүз) деген сөздөрдөн алынган.


Булак: Шералы Жапаров, Толгонай Сыдыкова. Азыркы кыргыз тилинин фонетикасы

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эч сөз кайырбоо, үнүн чыгарып сүйлөбөө, унчукпоо. Узун сабак насаатынын аягы не менен бүтөөрүнө бүдөмүктөнгөн Байымбет үн катпай дуулдаган кулагын делдейтти (Бейшеналиев). Экөө тең үн катпай, үй тарапка бурулду (Ашымбаев). Дагы көпкө чейин үн каптай, экөө тең ой толгоо тартып, өзүлөрүнчө үңкүйүп отуруп калышты (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эч сөз кайырбоо, үнүн чыгарып сүйлөбөө, унчукпоо. Узун сабак насааттын аягы не менен бүтөөрүнө бүдөмүктөнгөн Байымбет үн катпай, дуулдаган кулагын делдейтти (Бейшеналиев). Экөө тең үн катпай, үй тарапка бурулду (Ашымбаев). Дагы көпкө чейин үн катпай, экөө тең ой толгоо тартып, өзүлөрүнчө үңкүйүп отуруп калышты (Касымбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. экономия;
26 миң тонна көмүр үнөмүбүз бар у нас имеется 26 тысяч тонн сэкономленного угля;
үнөм режими режим экономии;
бу канчага үнөм болмок эле! что на этом сэкономишь!; тут нечего экономить!;
2. уст. экономика;
жаңы үнөм саясаты ист. новая экономическая политика;
3. запас;
май далайга чейин үнөм болду жира хватило надолго;
күндүк кылар үнөм жок нет запаса (пищи даже) на день, нет хлеба насущного.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Үнөм менен сарп кылуу, сарамжал мамиле кылуу, коромжуга учуратпоо. Базар сайын бараалаңдап түгөтпөй, Эпкиндүүлөр, эмгегиңди үнөмдө (Калык). Наныңарды колдон келишинче үнөмдөгүлө (Жантөшев).

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Мындагы «сөз» деген компонент биз билген «сөз» маанисинде эмес, «үн» маанисинде болушу мүмкүн, анткени огуз тобундагы түрк тилдеринде, мисалы, Түркия түрк тилинде «сес» деген сөз азыр да «үн» маанисинде өз алдынча колдонулат (ТРС 1994:765). Ушуну эске алуу менен мындагы сөздөрдүн экөө теӊ «үн» деген маанини билдирет деп айтууга болот. Бирок муну «сес» деген башка бир омоним менен чаташтырууга болбойт, анткени тилдин азыркы абалында тектештиги бүдөмүк сезилген бул эки сөздү көп маанилүү деп айтыш кыйын: «сес угроза, запугивание, острастка; сес кыл- или сес көрсөт- или сес билгиз- или сесин ал- угрожать, запугивать, стращать; адамдарга сес кылып, аркы-терки жүрүп жүр чтоб было острасткой людям, ты прохаживайся взад-вперёд; сес кылбай эле кой брось запугивать; Касейинге сес көрсөткөндөй тигилер чыйрак жүрүшөт они ходят (или держат себя) так бодро, как будто хотят нагнать страху на Касейна; сес көрсөтүү запугивание; бул да өзүнчө сес көрсөтүү это тоже своего рода запугивание; анын да сесин алып койду он и его запугал; сеси бар то же, что сестүү» (Юдахин 1965).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Үн чыгарбаган, добушсуз, унчукпаган. Чоң эне небересинин жоругуна үнсүз башын ийкеледи (Сыдыкбеков).
2. лингв. Айтылганда ооздон чыккан аба жолтоолукка учурап, үн менен шыбыштын же жалаң гана шыбыштын катышуусу менен айтылган тыбыштар (мис.: б, в, г, д, т , с ж. б.) .

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Үн чыгарбаган, добушсуз, унчукпаган. Чоң эне небересинин жоругуна үнсүз башын ийкеледи (Сыдыкбеков). 2. лингв. Айтылганда ооздон чыккан аба жолтоолукка учурап, үн менен шыбыштын же жалаң гана шыбыштын катышуусу менен айтылган тыбыштар (мис., б, в, г, д, т , с ж. б.).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Сүйлөй албай токтоп калуу, үнү чыкпай, дабышын чыгара албай буулугуп калуу. Жүрөгү туйлап, тили күрмөөгө келбегенсип, үнү буулду (Ашымбаев). - А. а.? - деп барып, үнү буулуп калды (Осмоналиев). Кыйкырайын десе доошу чыкпай үнү буулуп, үрөйү учкан бойдон селейди (Жигитов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сүйлөй албай токтоп калуу, үнү чыкпай, дабышын чыгара албай буулугуп калуу. Жүрөгү туйлап, тили күрмөөгө келбегенсип, үнү буулду (Ашымбаев). – А..а.? – деп барып үнү буулуп калды (Осмоналиев). Кыйкырайын десе доошу чыкпай үнү буулуп, үрөйү учкан бойдон селейди (Жигитов). В.: Тамагы буулуу. Чокондун тамагы буулуп, каңырыгы түтөп кетти (Абдыраманов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ырдоого же сүйлөөгө камынып, тамагын кыра добуш чыгаруу. Салкын жел жанды ойготот, таң да атат. Ырчыча какырынып үнүн жасап (Турусбеков). Сансызбай үнүн жасап, бир кеп айтчудай өңдөнүп отуруп, Абылдын ордуна сүйлөй кетти (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ачуу үн чыгарып кыйкырып-өкүргөн, катуу дабыш салып тынчтык бербей тажатып жиберген учурда кимдир бирөөгө же бир нерсеге карата кыжырлануу, ачуусу келип тилдөө, каргап-шилөө маанисинде колдонулат. – И-и үнүң өчкүр десе! – деп Тоозак эки кулагын алаканы менен баса койду (Абдукаримов). А үнүң өчкүр, колуң сынгыр, комузуңдун кылы үзүлгүр! (Касымбеков).

Кыргызско-английский словарь компьютерных терминов Microsoft (2016)
speaker fill (noun)
A System Audio Effects (SYSFX) component used to provide a more immersive audio experience in the Windows Media Player and thus an improved listening experience by utilizing the available speakers that a user has attached to his/her PC by sending audio to all of the speakers, regardless of the number of channels the content contains. This will provide a better sounding experience for stereo and quadraphonic content being rendered on multi-channel playback systems.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өлгөн адамды жоктоп, кошуп ыйлоо. Не эриңди жоктоп эртели-кеч үн чыгарганга жарабадың, – деген Нурматтын ага, жеңелеринин сөзүн алда нечен ирет уктум (Жантөшев). Калы мергенди жоктоп, аялы эки маал үн чыгарат (Бейшеналиев). В.: Үн салуу. Деп жаш сулуу муңданып, Буркурап, боздоп үн салды (Турусбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Көбүнчө өлгөн адамды жоктоп, кошуп ыйлоо. Не эриңди жоктоп эртели-кеч үн чыгарганга жарабадың, - деген Нурматтын ага, жеңелеринин сөзүн алда нечен ирет уктум (Жантөшев). Калы мергенди жоктоп, аялы эки маал үн чыгарат (Бейшеналиев).