ҮНДҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Үнү жакшы чыккан, үнү жагымдуу, шаңгыраган. Колума алып күүлөсөм, Кошулушуп сүйлөсөм, Кооз үндүү комузум (Токтогул). Үндүү комуз. Үндүү коңгуроо. 2. лингв. Айтылганда ооздон чыккан аба жолтоолукка учурабастан, эркин чыгып, үндүн катышуусунан пайда болуучу тыбыш (мис., а, э, о ж.б.). 3. Үнү бар, үн чыгарган, сүйлөй турган. Үндүү фильм.