Киргизско-русский словарь Юдахина
1. звучный;
үндүү комуз звучный комуз;
2. лингв. гласный (звук);
арткы үндүү или жоон үндүү гласный заднего ряда;
кууш үндүү узкий гласный;
кең үндүү широкий гласный;
эрин үндүү губной гласный;
3. звуковой;
үндүү фильм звуковой фильм.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Үнү жакшы чыккан, үнү жагымдуу, шаңгыраган. Колума алып күүлөсөм, Кошулушуп сүйлөсөм, Кооз үндүү комузум (Токтогул). Үндүү комуз. Үндүү коңгуроо.
2. лингв. Айтылганда ооздон чыккан аба жолтоолукка учурабастан, эркин чыгып, үндүн катышуусунан пайда болуучу тыбыш (мис.: а, э, о ж. б.).
3. Үнү бар, үн чыгарган, сүйлөй турган. Үндүү фильм.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Үнү жакшы чыккан, үнү жагымдуу, шаңгыраган. Колума алып күүлөсөм, Кошулушуп сүйлөсөм, Кооз үндүү комузум (Токтогул). Үндүү комуз. Үндүү коңгуроо. 2. лингв. Айтылганда ооздон чыккан аба жолтоолукка учурабастан, эркин чыгып, үндүн катышуусунан пайда болуучу тыбыш (мис., а, э, о ж.б.). 3. Үнү бар, үн чыгарган, сүйлөй турган. Үндүү фильм.

Русско-кыргызский словарь переводов Чоробека Сааданбекова

ҮНДҮҮ ТЫБЫШТАР (вокализмдер)

Кыргыз адабий тилинин үндүүлөр системасы 14 формадан турат. Алардын сегизи кыска (а, э, о, ө, у, ү, ы, и), алтоо созулма (аа, оо, ээ, өө, уу, үү) үндүүлөр ич ара:

  • Тилдин катышына/турушуна же горизонталдык абалына карай: жоон (а, о, у, ы) ↔ ичке үндүүлөр (э, и, ө, ү);
  • Жаактын ачылышына (же тилдин вертикал абалына) карата: кең (а, э, о, ө) ↔ кууш (и, у, ү, ы) үндүүлөр;
  • Эриндин чормоюшуна карай: эриндүү (о, ө, у, ү) ↔ ачык же жалжагай (а, э, и, ы) үндүүлөр;
  • Кеткен убакыттын бирдигине же үн узундугуна карай: кыска (а, и, о, э. ө, у, ү, ы) ↔ созулма (аа, оо, өө, уу, үү, ээ) үндүүлөр. (Биздин оюбузча, практикалык жактан алганда, мындайча бөлүштүрүү студенттерге жеткиликтүү, алгылыктуу сезилет).

Мына ушундай бөлүштүрүүдөн, көз караштан улам ар бир тыбышка өзүнчө кыскача мүнөздөмө берүүгө болот. Мисалы, [а] тыбышына токтолсок, 1) жоон; 2) кең; 3) жалжагай; 4) кыска (текстке, шартка, алынган мисалга, сөзгө жараша созулма да, кыска да болот). Чечмелеп айтканда, [а] тыбышы тилдин түп жагында, ооз көңдөйүнүн кең ачылып, эриндердин бейтарап абалда турушу менен жасалат.

Үндүү тыбыштардын ар бири сүйлөө кебинде, шартка жараша ар кандай кубулушка (сегменттик жана суперсегменттик абалга) туш болот, мындайча айтканда, бир эле үндүү фонема фонетикалык кырдаалга (сүйлөөнүн темпине, жанаша турган тыбыштардын таасирине, сөз ичинде алган ордуна, позициясына, текстке, контекстке жана башка жагдайларга) жараша созулуп же кыска болуп айтыла берет. Бул өзү тыбыштык аллофонду пайда кылат жана бардык эле учурда үндүүлөрдүн созулуп айтылышы фонемалык касиетке/сапатка ээ боло бербейт дегендикти билдирет.

Вокализм (латынча vocalis - үндүү), консонантизм (латынча - үнсүз) деген сөздөрдөн алынган.


Булак: Шералы Жапаров, Толгонай Сыдыкова. Азыркы кыргыз тилинин фонетикасы