Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сүйлөй албай токтоп калуу, үнү чыкпай, дабышын чыгара албай буулугуп калуу. Жүрөгү туйлап, тили күрмөөгө келбегенсип, үнү буулду (Ашымбаев). – А..а.? – деп барып үнү буулуп калды (Осмоналиев). Кыйкырайын десе доошу чыкпай үнү буулуп, үрөйү учкан бойдон селейди (Жигитов). В.: Тамагы буулуу. Чокондун тамагы буулуп, каңырыгы түтөп кетти (Абдыраманов).