ҮН
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Сүйлөгөндө, ырдаганда же кыйкырганда үн түйүнүнүн дирилдешинен пайда болгон добуш. Алыска сапар алып, Үн салып кербен кетет (Токтогул ырчы). Жайнаган көрктү куттуктап, Жан-жаныбар салат үн (Маликов). Курман үнүн көтөрүңкү чыгарды (Убукеев). 2. Вокалдык искусство үчүн материал болгон адам добушу. Үнүн жоготуу. Анын жакшынакай үнү бар. 3. Кээ бир заттардан чыккан дабыш, доош. Кошул-ташыл күү менен, Комуз үнү шаңкылдап (Тоголок Молдо). Балта араанын үнү тарсылдап, баганаларды бекитип жатышты (Сасыкбаев). Паровоздун кыйкырган үнү (Жантөшев). 4. өт. Ой, пикир, айткан сөз. Элдин үнү. Массанын үнүн угуу.