Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Мындагы «сөз» деген компонент биз билген «сөз» маанисинде эмес, «үн» маанисинде болушу мүмкүн, анткени огуз тобундагы түрк тилдеринде, мисалы, Түркия түрк тилинде «сес» деген сөз азыр да «үн» маанисинде өз алдынча колдонулат (ТРС 1994:765). Ушуну эске алуу менен мындагы сөздөрдүн экөө теӊ «үн» деген маанини билдирет деп айтууга болот. Бирок муну «сес» деген башка бир омоним менен чаташтырууга болбойт, анткени тилдин азыркы абалында тектештиги бүдөмүк сезилген бул эки сөздү көп маанилүү деп айтыш кыйын: «сес угроза, запугивание, острастка; сес кыл- или сес көрсөт- или сес билгиз- или сесин ал- угрожать, запугивать, стращать; адамдарга сес кылып, аркы-терки жүрүп жүр чтоб было острасткой людям, ты прохаживайся взад-вперёд; сес кылбай эле кой брось запугивать; Касейинге сес көрсөткөндөй тигилер чыйрак жүрүшөт они ходят (или держат себя) так бодро, как будто хотят нагнать страху на Касейна; сес көрсөтүү запугивание; бул да өзүнчө сес көрсөтүү это тоже своего рода запугивание; анын да сесин алып койду он и его запугал; сеси бар то же, что сестүү» (Юдахин 1965).