ҮНҮ БУУЛУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Сүйлөй албай токтоп калуу, үнү чыкпай, дабышын чыгара албай буулугуп калуу. Жүрөгү туйлап, тили күрмөөгө келбегенсип, үнү буулду (Ашымбаев). - А. а.? - деп барып, үнү буулуп калды (Осмоналиев). Кыйкырайын десе доошу чыкпай үнү буулуп, үрөйү учкан бойдон селейди (Жигитов).