ҮН ЧЫГАРУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Өлгөн адамды жоктоп, кошуп ыйлоо. Не эриңди жоктоп эртели-кеч үн чыгарганга жарабадың, – деген Нурматтын ага, жеңелеринин сөзүн алда нечен ирет уктум (Жантөшев). Калы мергенди жоктоп, аялы эки маал үн чыгарат (Бейшеналиев). В.: Үн салуу. Деп жаш сулуу муңданып, Буркурап, боздоп үн салды (Турусбеков).