Киргизско-русский словарь Юдахина
тек I
1. южн. [тәк] низ, под;
товдун тәги то же, что төш 3;
товдун тәгидән жогору көчүптүр он с подножия откочевал выше;
жердин тәгидә под землёй;
2. геол. порода;
тоо тектери горные породы;
3. происхождение (по рождению);
ата теги или тек жай или тек социальное происхождение;
тек составы социальный состав;
ата тегин жашырып скрыв своё социальное происхождение;
ата тегинен бери манап потомственный манап;
тек жагынан чет элемент социально чуждый элемент;
теги жаман уст. низкого происхождения, простолюдин;
тек сура- спрашивать о происхождении (какого племени, рода, кто предки по мужской линии и т.д.).
тек II
1. смирно, спокойно;
тек жүр- вести себя спокойно, смирно, скромно;
тек жүргөн 1 ток жүрөт погов. кто мирно живёт, тот сыто живёт;
Канчоро келип кеп айтат, кылдаттык менен тек айтат фольк. прибыл Канчоро и говорит, умело и спокойно говорит;
тек тур-
1) оставаться безучастным, праздным;
чоң, кичине, тек турбай, ишке кол кабыш кыла келди старшие и младшие (школьники) не бездельничали, помогали в работе;
2) смирно!, молчи!;
көп ооз сүйлөсө, бир ооз тек турат погов. если говорят много ртов, один рот молчит;
тек кой- оставить без внимания (уходит, ну и пусть уходит, плачет, ну и пусть плачет и т.п.);
өз ич ара тек бол- жить между собой в мире;
2. зря, напрасно;
тек тургуча тегин иште погов. чем зря стоять, лучше даром работай;
текке кет- не дать результата, пропасть зря, пойти прахом;
эмгеги текке кеткен жок его труд не пропал даром;
убакыт текке кетпесин деп чтобы зря времени не тратить;
үмүт текке кетти надежды не оправдались;
текке кетир- не обратить внимания, не использовать, не воспользоваться, не придать значения;
3. так себе, просто;
тек адаты просто его привычка;
тек желден чочуган он просто ветерка испугался;
тек бүгүнкү болгон жаңылыктарды айта берсе, түгөнгү сүз- если просто только сегодняшние новости рассказывать, так (и то) конца не будет;
эки көзүнөн от чагылып, тек бүткөн бою өрт алгандай боло түшту глаза его огонь метали, у него всё тело прямо-таки пламенело.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Келип чыккан түбү, түпкү укум-тукуму, негизи. Муратбек тегин уксаң, кедей (Абдыраманов). Билбеймин ата-тегиңди, Аныктап айтчы кебиңди (Токтогул).
2. Жер кыртышынын составдык бөлүгүнөн болгон, көбүнчө туруктуу составдан турган же жерден казылып алынуучу минерал. Тоо тектери.
ТЕК II такт. 1. Тынч, жөн эле, тим. Тек тур. Тек тура албай азоо аттай жулунат (Осмонкул). Кел большевик, олтурба тек, Суу чыгарам таштан да (Аалы).
2. Бекерге, жокко. Үмүт текке кеткен жок («Советтик Кыргызстан»). Колхозчулар убактысын текке кетиришкен жок (Бейшеналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
теке I
1. козёл (нехолощёный);
бука болсун, теке болсун, балдарыма сүт болсо, болгону пусть будет бугай, пусть будет козёл - всё равно, если для детей моих будет молоко;
теке сал- оставлять козла в качестве производителя;
жаман да болсо, өз улагыбыздан теке салабыз
1) хоть он плохонький, да всё же своего козлёнка оставим производителем;
2) перен. хоть плохонького, да своего поставим у власти;
катын эрке болсо, эрине теке болот погов. если жена избалована, она для мужа своего козлом становится (т.е. властвует над ним);
эликтин текеси самец косули;
теке саргыл рыжий;
2. (точнее тоо теке) козерог, горный козёл (общее название козлов, коз, козлят);
текенин жүгүрүгү брачный период у козерогов (ноябрь);
теке-меке какие-то козлы, какие-нибудь козлы;
мар теке козёл безрогий, но с твёрдой головой (по старым народным представлениям, жёлчь его очень едка, а печень помогает при мужском бессилии);
3. (иногда теке какшык) июль (см. ай I 2);
кимиңердин текеңерди союп салдым, я? что вы на меня взъелись, а? (букв. у кого из вас я зарезал козла, а?);
текеңди ким сойду? или текеңди бирөө сойдубу? или текеңди сойгон ким бар? какая тебя муха укусила? (что ты дуешься, сердишься, злишься?);
теке сүздү нелёгкая задавила (букв. козёл боднул);
бул жерге кайсы кара теке сүзүп келдик экен? какая это нелёгкая нас занесла сюда?
сен кайсы текеге сүздүрдүң? что на тебя наехало? ты в уме?
бычкан текедей (о мужчине) вялый;
кузгү теке жыттанат имеет неприятный запах (букв. пахнет осенним козлом);
кыз теке
1) поверье мальчик, одетый в костюм девочки, чтобы скрыть его истинный пол и обмануть враждебных духов;
2) гермафродит;
сокур теке название игры;
так теке
1) клоун на ниточке (клоуна изображает фигура козла; ниточки идут от клоуна к пальцам правой руки играющего на комузе или на варгане; клоун прыгает в такт музыке);
так текесин ойнотуп, келин, кыздар дуулдайт стих. дёргая клоуна (в такт варгану), молодухи, девушки (весело) шумят;
2) название мелодии, исполняемой при демонстрации клоуна;
көк теке южн. название маленькой птички;
текенин өтүндөй заар едко, как жёлчь козла;
теке маңдай (см. маңдай 2);
текенин заары (см. заар I).
теке II
то же, что текей.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Эчкинин эркеги (колдо багылганы жана жапайысы). Теке салуу. Тоо теке.
Так теке — жипке туташтырылган жана жипти тартып секиртип ойнотуу (көбүнчө комуз черткенде) үчүн жыгачтан жасалган текенин сөлөкөтү. КызтекеI) гермафродит; 2) кыздар менен көбүрөөк ойногон, кылык-жоругу кызга жакын болгон эркек бала.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
1. кичливый, заносчивый, надменный;
дымак - өрдө, ооз - баатыр, тил - текебер вожделение - высоко, рот - храбр, язык - кичлив (напр. о тех, кто обещает перевыполнить, исправить что-л. и т.п., не считаясь с возможностями);
2. привередливость.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Кесирсинген, теңине албаган, менменсинген. Текебер адам.
2. Кесирдүүлүк, менменсигендик. Сенин текебериң мага жаккан жок (Байтемиров). Текебер көп өзүңдө, Күрүлдөйсүң чениң жок (Тоголок Молдо).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кесир, бой көтөргөн, керсейген, теңине албаган, менменсинген. «Жол ачык, балам» – деп катты окуп. Жооп жазат текеберденбей. Текебер адам. 2. Кесирдүүлүк, менменсигендик. Сенин текебериң мага жаккан жок (Байтемиров). Текебер көп өзүңдө, Күрүлдөйсүң чениң жок (Тоголок Молдо).

Киргизско-русский словарь Юдахина
(или текеберлик)
1. кичливость, заносчивость, надменность;
текебердигин как- сбить спесь с кого-л.;
текебердик болбосун не хвастаясь, не хвалясь (скажу), не сочтите за хвастовство;
2. привередливость.

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«теке жоомарт. Мыкты күлүк ат, аргымак. Дүйшөнкулдун беш жыл болду бакканы, Тегиз күлүк, теке жоомарт аттары (Осмонкул) (КТФС 2001 :438). Теке жоомарт Телтору ат, Сын-сыпаты кем эмес, Бугу менен маралдан («Курманбек»). Бул фразеологизмдин келип чыгышы түркмөн элинин теке жана йомуд уруулары менен байланыштуу. Тактап айтканда, бул эки уруунун аттары коо бузган күлүк болгон. Биринчиси – атагы таш жарган ахалтекин жылкысы, чечмелеп айтканда, Ахалда жашаган теке уруусунун жылкысы. Экинчиси – йомуд жылкысы. Йомуд сөзү оозеки өздөштүрүлгөндүктөн, жоомарт болуп калса керек деп болжолдоого болот. Арап жылкысы чөлдөгү көчмөн арап уруусу бедуиндердин аты менен бедөө деп аталып калган сыяктуу эле түркмөн жылкысы да кыргыз тилинде теке жоомарт болуп калган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Түркмөн элинин Теке жана Ёмуд деген урууларынын аты. 2. Мыкты күлүк ат, аргымак. Теке жоомарт ат минген, Темирдей көпкөн тон кийген («Манас»). Дүйшөнкулдун беш жыл болду бакканы, Тегиз күлүк, теке жоомарт аттары (Осмонкул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эчкинин эркеги (колдо багылганы жана жапайысы). Теке салуу. Тоо теке. 2. Элдик ай эсеби боюнча алтынчы айдын аты, какшыган жай чилдеси, июль айы. Теке айынын беш жаңысы (Сыдыкбеков). Теңине албас саратан, Теке какшык айы экен («Эл адабияты»). Көп жаңылып, күн эсебин так билбейт, Чын куранды Теке айы деп талашып (Эралиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
козелец (трава);
кой текей или жылкы текей или тяньш. узун текей виды козельца (во время голода люди им питались);
текей терип жүрөмбү, оттоп? что ж, я должен пастись, питаясь козельцом?
текей терип жейли да бир жакка жылалы, балам давай-ка, дитя моё, наберём козельца, поедим, да двинемся куда-нибудь;
текейден арзан гроши стоит, дешевле пареной репы;
кулак текей южн. фаза игры в чижик, когда чижик закладывается за ухо противника и оттуда сбивается.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сага кайсыл жерибизден жаздык, сага эмне болду, эмнеге ачууланып коркутасың деген мааниде айтылат. Чоң эне Динарга бурулду: – Эмне эле туйтуңдап калгансың. Сенин текеңди сойгон кишиң барбы? (Сыдыкбеков). Сенин текеңди сойдукпу? Түнөрбөй, каарданбай айтсаң боло? – деп, Карачалга тике айтууга эч ким чыкпады («Ала-Тоо»). В.: Текеңди ким сойду? Ой, жолуң болгур десе, мынча түнөргүдөй текеңди ким сойду? («Чалкан»). Текеңди бирөө сойдубу? И, эмне болуп кетти, текеңди бирөө сойдубу? («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
кривой, искривлённый; кривуля;
текири тезге келбейт деп, ууздай түзүн тандаган фольк. считая, что кривули (кривые палки) для правилки (см. тез I) не годятся (их не исправишь), он выбирал из них пряменькие.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Келип чыккан түбү, түпкү укум-тукуму, негизи. Тала менен тегинде («Манас» С. О.). Муратбек тегин уксаң, кедей (Абдыраманов). Билбеймин ата-тегиңди, Аныктап айтчы кебиңди (Токтогул). Сенин тегиңди айтып берейин, Терип согуп келейин (Калмырза). 2. Жер кыртышынын курамдык бөлүгүнөн болгон, көбүнчө туруктуу курамдан турган же жерден казылып алынуучу минерал. Тоо тектери. 3. диал. Бир нерсенин төмөн жагы, түбү, асты жагы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тынч, жөн, тим. Тек тур. Тек тура албай азоо аттай жулунат (Осмонкул). 2. Бекерге, жокко. Үмүт текке кеткен жок («Кыргыз Туусу»). Окуучулар убактысын текке кетиришкен жок. 3. Анчейин гана, жайынча, жөнүнчө, орточо. Ал тек гана болжоп айтып койду окшойт, Башка суроо, башка мүдөө болгон жок (Токомбаев). Же курбалым тили менен айталбай, Эскерсин деп, тек эсине салгандыр (Токомбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кур, сайма түшүрүлгөн кайыш кур. Кийин секратарлык менин энчиме тийгенде Некеев иш өткөрүп жатып, «сумкаң барбы» деп калды. Кайдагы сумка, мектепке баратканда, китептерди текматтын алдына ичибизге жармаштыра кыстарып алчубуз(Айтматов). Көкүл качан көрсөң текмат менен белин курчап алат (Касымбеков). Белине жазы текмат курчаган, алтын погондуу офицер Бектен басып келди («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от текөөрлө-
1. отращивать шпоры (о петухе); отращивать задний коготь (о хищной птице);
2. перен. набираться сил, закаляться для схватки;
телчисин, текөөрлөнсүн, канат керсин деп ойлоп, силер үчүн болдум үлгү стих. пусть, мол, подрастут, закалятся, расправят крылья - так думая, для вас я стал примером.

Кыргызско-английский словарь компьютерных терминов Microsoft (2016)
text-to-speech (adjective)
Pertaining to technologies for converting textual (ASCII) information into synthetic speech output. Used in voice-processing applications requiring production of broad, unrelated, and unpredictable vocabularies, such as products in a catalog or names and addresses. This technology is appropriate when system design constraints prevent the more efficient use of speech concatenation alone.

Кыргызско-английский словарь компьютерных терминов Microsoft (2016)
text-to-speech (adjective)
Pertaining to technologies for converting textual (ASCII) information into synthetic speech output. Used in voice-processing applications requiring production of broad, unrelated, and unpredictable vocabularies, such as products in a catalog or names and addresses. This technology is appropriate when system design constraints prevent the more efficient use of speech concatenation alone.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Тоонун, бийик дөбөнүн же таштын, зооканын боорундагы, капталындагы түз жер, секи. Бабайдын үйүнүн артындагы тектир эсиме түштү (Элебаев). Тектиринде теке бар, Будурунда бугу бар («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тоонун, бийик дөбөнүн же таштын, зооканын боорундагы, капталындагы түз жер, секи. Бабайдын үйүнүн артындагы тектир эсиме түштү (Элебаев). Тектиринде теке бар, Будурунда бугу бар («Манас»). Жолойдун жогорку жагында кичинекей тектир сымак түзөң бар (Жантөшев).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ее
1. (способный течь) акма, агын, агуучу, аккыч;
текучие тела физ. акма телолор;
текучая вода агын суу, акма суу;
2. перен. (непостоянный) туруксуз, алмашып туруучу;
текучий состав работников кызматкерлердин алмашып туруучу составы.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Күндөлүк трансферттер (Current Transfers) —Капиталдын трансферттери болбогон реалдуу же финансылык ресурсту акысыз өткөрүп берүү. Күндөлүк трансферттер тартылган кирешенин жана товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдүн керектелишине түздөн-түз таасирин тийгизет.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ее
1. прич. от течь I;
2. прил. болуп жаткан, агымдагы, үстүбүздөгү, күндөлүк, кезектеги;
текущие задачи кезектеги милдеттер;
текущий момент үстүбүздөгү учур;
текущие события күндөлүк окуялар;
текущая политика күндөлүк саясат;
в текущем месяце работа будет окончена үстүбүздөгү айда жумуш бүтөт;
текущие дела агымдагы иштер;
текущий ремонт күндөлүк (майда) ремонт;
текущий счёт бухг. текущий счёт (банкыда, сактык кассасында ачылган счёт).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УЧУРДАГЫ ЭСЕП – 1) банк эсептеринин бир түрү; акча каражаттарын сактоо жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн пайдаланылат. У. э. бюджеттик уюмдарга бюджеттен тышкаркы эсептерди жүргүзүү жана эсепке алуу, коммерциялык уюмдардын бөлүмдөрүнө, юридикалык жактардын филиалдарына алардын жайгашкан жерлеринен сырткары, ошондой эле аргандай коммерциялык эмес уюмдарга ачылып берилет. У. э. боюнча жүргүзүлүүчү аткарымдарга карата пайыздарды төлөө жана банк комиссияларынын өлчөмдөрү төлөө эсептерди ачуу жана жүргүзүү келишимдеринде аныкталат; 2) жеке адамдар үчүн банктарда ачылган эсептер. У. э-тин ээси (аманатчы) У. э-тин шарттарына ылайык андагы каражаттарды ала жана үстүнө кошо алат.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Аялдарга тийиштүү майда-барат буюм-теримдерди коюу үчүн
боз үйдүн керегесинин баш жагына бекитилген кичинекей орун.
2. Китеп же ар кандай буюм-терим коюу үчүн жасалган полка; терезенин астынкы тектирчеси. Анархан колундагыларын текчеге койду (Жантөшев). Тамдын боорундагы текчедеги анча-мынча идиш-аяк күүгүмдөп көрүнөт (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
(секичек, текичек, нишап) — кыз-келиндердин тебетей, элечек, көйнөк, чыптама өңдүү өздүк кийим-кечектерин коюучу буюм (баштыкча). Текче күзгү каптын үстүнө тагылат. Ар бир буюмдун өзүнчө өзгөчөлөнгөн жүз ачаар көркөмдүгүн уздар сары саптай алышат. Мунун жердиги үчүн көбүнчө кара же күрөң баркут тандайт. Буюмдун (75X40 см) четине «бычак учун» берип, анан сары өң менен кош жарыш сызык айланта «суу» жүргүзүп алат. Эми «Кыял оюмун» кызыл жиптен берип, анын четине көк жипти курчай саят да, кайрадан толкун өңдөнтүп, кызыл, сары кара жип аркылуу «ала мончок» (суу) жүргүзөт. Ушундан кийин төрт чарчыланган бадырайган сайма көчөттөрү бутактанып, «кочкор мүйүз оюму» өңдөнүп, булардын аралары «күн карама» же «байчечек», тынчтыктын символу — ак кептер кейиптенген көчөттөр сайылат.
      Саймачылар сары өңдү кызыл өңдөн айырмалоодо жашыл жаңыш өңдү айланта алуу менен буюмду көркүнө чыгарат. Демек, төрт ири, төрт майда көчөттөрдүн арасына эми «тогуз төбөлөнгөн» «сууну» актан толкундата жүгүртүү керек. Ал кара жердикти көркөм көчөттөрдөн өзүнчө бөлүп көрсөтөт. Мунун ичинен бутактанып окшошкон майда көчөттөрдүн элементтери чыгат да, алардын араларын жашыл өң бөлөт. Буюмдун чок ортосуна «күн карама көчөтүн» ак жип менен берип, ал кызыл, жашыл өң аркылуу бөлүнөт. Анын ортосун кылдат сайып, кызыл, сары өңдө түр берүү ыкмаларын саймачылар өтө көрөгөчтүктө жүзөгө ашырышат.
      Текче териден да, кийизден да, баркыттан да, шайы өңдүү таза кездемеден да тигилген. Тегереги чачыланып, бети кооз саймаланат. Анын төрт бурчуна боо тагылып, экөө керегенин башына, экөө уукка байланат. Мындай текченин эки жагы ачык болуп, буюм ошол көңдөйчөгө салынган. Мунун жээгин да бир элидей кундуздайт. Ага түшкөн сайма көчөттөрүнүн чекеси ак жип аркылуу күзгү каптай «ала мончоктолот».
      Түштүк Кыргызстанда күзгү кап менен текче курак менен айкалыша жасалат. Туштук төрт «кочкор мүйүздүн» башында төрт «карга тырмак» чыгып, бурч-бурчунда — «карга тырмак» өзүнчө берилсе, кара жердикке кызыл өң жарашып, чакан туштукка бир эле табакча көрүнөт. Мунун четине «жагалмай канаттан» «жээги» чыгып, аралары «карга тырмак» көрүнөт. Топ чачылары, тор чачыктары анын көркөмдүгүн арттырып турат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Үй ичиндеги ар кандай буюм-терим коюла турган оюк. Анархан колундагыларын текчеге койду (Жантөшев). Тамдын боорундагы текчедеги анча-мынча идиш-аяк күүгүмдөп көрүнөт (Байтемиров). 2. Китеп койгуч. 3. Аялдарга тийиштүү майда-барат буюм-теримдерди коюу үчүн боз үйдүн керегесинин баш жагына бекитилген кичинекей орун. 4. Терезенин астынкы тектирчеси. 5. Тектирче түрүндө жасалган жай, супа, сере. Айна жумуштан кайтып үйдүн эшигинин алдындагы таш менен ылайдан жасалган текченин үстүндө китеп окуп отурган эле (Абдумомунов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от текчей-;
кыз төөнү кайта комдоп, эки куржунду текчейтип артты девушка, переседлав верблюда, аккуратно навьючила две перемётных сумы;
текчейте байланган бөктөрүнчөк аккуратно привязанный свёрточек.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Бир нерсенин жакшы же жаман жагын талдоо, толуктугун, кемчилдигин, тууралыгын аныктоо, тактоо, эсебин алуу ж. б. үчүн кылдаттык менен карап чыгуу. Азыркы күндө ар ишти Акыйкат менен текшерди (Осмонкул). Текшерип көрсөң болбойбу Жалган менен аныкты (Токтогул). Иштин сапатын текшерип көрүү. Кассаны текшерип чыгуу. Окуучулардын билим деңгээлин текшере турган экзамендер.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсенин жакшы же жаман жагын талдоо, толуктугун, кемчилдигин, тууралыгын аныктоо, тактоо, эсебин алуу ж. б. үчүн кылдаттык менен карап чыгуу. Азыркы күндө ар ишти, Акыйкат менен текшерди (Осмонкул). Текшерип көрсөң болбойбу, Жалган менен аныкты (Токтогул). Иштин сапатын текшерип көрүү. Кассаны текшерип чыгуу. Окуучулардын билим деңгээлин текшере турган экзамендер. 2. Бирдемеге жарактуулугун, сапатын, касиетин жана билим деңгээлин билүү, талдоо максатында сынакка алуу, сыноо, байкап көрүү. Машинанын тетиктерин текшерип көрүү. Улам карап текшерип, Сынап жаткан турбайбы (Токтогул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
и. д. от текшер-
1. разбор (дела), обследование, расследование; ревизия, проверка;
текшерүү комиссиясы ревизионная комиссия;
чечимдердин аткарылышын текшерүү проверка выполнения решений;
өз ара текшерүү взаимопроверка;
2. уст. исследование.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТЕКШЕРҮҮ КОМИССИЯСЫ – корпоративдик укукта акционердик коомдун (жоопкерчилиги чектелген коомдун) каржы-чарба иштерин көзөмөлгө алууну ишке ашыруу үчүн акционерлердин жалпы чогулушунда (жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын) шайлануучу туруктуу жамааттык орган. Коомдун Т. к-нын мүчөлөрү бир эле убакта директорлор кеңешинин (байкоочу кеңештин) мүчөлөрү боло алышпайт, ошондой эле коомдун башкаруу органдарында башка кызматтарды ээлей алышпайт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТЕКШЕРҮҮ САТЫГЫ – каржылык, чарбачылык, ишкердик, соода-сатык иш-аракеттерин жөнгө сала турган кылмыш жоопкерчилигине тартылуучу тартип бузуулар тууралуу шашылыш маалыматтар келип түшкөндө, товарларды сатып алуу (керектөө же сатуу максатында эмес) аркылуу шашылыш чара көрүү кызматкери (бөлүмү) тарабынан түзүлүүчү жасалма жагдай.

Киргизско-русский словарь Юдахина
равно, одинаково; сплошь, целиком;
баары текши всё (все) сплошь, всё (все) целиком;
текши баскан дат сплошная ржавчина;
күн текши тийген солнце совсем поднялось (осветило всё);
бөрүнүн көтүндөй чуулдатпай, текши ырдагыла разг. пойте стройно, не орите, будто погоня за волком;
жалпыга текши мааниси бар имеющий равное значение для всех.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Бирдей, бир катар, бир кылка. Ушу келген буруттар Баары текши эр экен («Манас»).
2. Бүт, туташ, жапырт. Кырк чоронун баарысы, Текши кирди жабыла («Манас»). Түзү, ою текши буудай (Осмонов).