текшер
Толковый словарь кыргызского языка (1969) этиш. Бир нерсенин жакшы же жаман жагын талдоо, толуктугун, кемчилдигин, тууралыгын аныктоо, тактоо, эсебин алуу ж. б. үчүн кылдаттык менен карап чыгуу. Азыркы күндө ар ишти Акыйкат менен текшерди (Осмонкул). Текшерип көрсөң болбойбу Жалган менен аныкты (Токтогул). Иштин сапатын текшерип көрүү. Кассаны текшерип чыгуу. Окуучулардын билим деңгээлин текшере турган экзамендер.