ТЕКТИР
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Тоонун, бийик дөбөнүн же таштын, зооканын боорундагы, капталындагы түз жер, секи. Бабайдын үйүнүн артындагы тектир эсиме түштү (Элебаев). Тектиринде теке бар, Будурунда бугу бар («Манас»). Жолойдун жогорку жагында кичинекей тектир сымак түзөң бар (Жантөшев).