ТЕКЧЕ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Үй ичиндеги ар кандай буюм-терим коюла турган оюк. Анархан колундагыларын текчеге койду (Жантөшев). Тамдын боорундагы текчедеги анча-мынча идиш-аяк күүгүмдөп көрүнөт (Байтемиров). 2. Китеп койгуч. 3. Аялдарга тийиштүү майда-барат буюм-теримдерди коюу үчүн боз үйдүн керегесинин баш жагына бекитилген кичинекей орун. 4. Терезенин астынкы тектирчеси. 5. Тектирче түрүндө жасалган жай, супа, сере. Айна жумуштан кайтып үйдүн эшигинин алдындагы таш менен ылайдан жасалган текченин үстүндө китеп окуп отурган эле (Абдумомунов).